22 августа, 2025

КАДИМКИ ГАЗ БАЛЛОНДУ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?

Дал ушундай суроо берилгенде албетте, кʏнʏмдʏк жашоодо колдонуп жʏрɵбʏз, анын кандай кыйынчылыгы бар, оңой эле дешиңиз мʏмкʏн.

Кʏчʏ азыраак газы тʏгɵнгɵн 500 граммдык баллон жарылганда анын учкунунан жабыркаган жарандарыбыз да жок эмес. Андыктан мындай утурумдук тутандыруучу кичине баллондор бошосо, кʏйʏп жаткан отко салбоого чакырабыз. Ал эми кадимки чоң баллондун жарылуу кʏчʏ, толкуну жолундагыларды талкалоо, жок кылуу, адамдарды майып кылуу кудуретине ээ.

Ɵтɵ кооптуу ɵрт коопсуздугунун алдын алуу ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2018-жылдын 22-августундагы №381 токтомуна кɵз жʏгʏртʏп коюну сунуштайбыз. Аталган токтомдо кʏнʏмдʏк жашоодо жана тез татым ашканаларында дегеле, кафелерде, тойканаларда жана турак ʏйлɵрдɵ жаратылыш газын жана газ баллондорду сактоо, колдонуу эрежелери так жазылган.

Сыйымдуулугу 10 литрден ашкан газ баллондорду баарыбыз эле ʏйгɵ киргизип аларыбызды эч ким танбаса керек. Бирок эреже боюнча жогорудагы токтомдун 157-пунктунда мындай баллондор ʏйдʏн сыртында, желдеп турган металл шкафта сакталары айтылат. Ал эми тоңуп калган газды ысык суу, буу, ысытылган кум менен жылытаары 139-пунктунда жазылган. Мына ушундай майда бирок, маанилʏʏ эрежелерди билип алуу ашыкча болбос.

ʏй шартында, тез татым соода тʏйʏндɵрʏндɵ, ашканаларда газ баллонду кылдаттык менен колдонуу зарыл. Ири ɵрт кырсыгын жарата турган эскилиги жеткен баллондорду колдонбоңуз. Ар бир беш жылда аны атайын адистердин кароосунан ɵткɵрʏп колдонуу мɵɵнɵтʏн текшертип алыңыз.

Эгерде сиз газ баллон тʏгɵнгɵндɵ толтуртуп турсаңыз, атайын газ менен иштеген адистер гана коопсуз толтуруп беришет. ʏй ичинде газ баллон жылытуучу электр буюмдарынан, мештерден, электр чубалгыларынан алыс жайгаштыруунун эсиңизден чыгарбаңыз.

Баллондун кулап кетʏʏсʏнɵ жол бербей, бекем жайгаштыралы. Аны бир орундан экинчи орунга жылдыруу, ташуу этияттыкты талап кылат. Ɵрт коопсуздук эрежелерин сактап, ʏй тиричилигинде газ баллонду абайлап колдонуңуз.

КРнын ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ƟƟ АА ж АКИБнʏн офицери майор Кыдырбаева К.А.

About The Author