Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы жана “Ош шаарынын мэриясынын жʏргʏнчʏлɵр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасы сиздерге тɵмɵндɵгʏ маселе жɵнʏндɵ пикир бɵлʏшʏʏңʏздɵр боюнча кайрылат.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы жана “Ош шаарынын мэриясынын жʏргʏнчʏлɵр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасы шаардык коомдук транспорттору болуп эсептелинген муниципалдык автобустук, троллейбустук жана кичи автобустук машруттук каттамдарын тейлеп келет. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майында №172 жана 2021-жылдын 25-ноябрындагы №19 токтомдоруна ылайык, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасыдагы автобус жана троллейбустарда жол кире акысы электрондук жʏргʏнчʏлʏк карталары менен 8 (сегиз) сом, накталай тʏрдɵ 10 (он) сом, ал эми шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында катардагы жʏргʏнчʏлɵргɵ 15 (он беш) сом болуп бекитилген. 2021-жылдан бери кʏйʏʏчʏ майдын баасы 160%га, тетиктердин баасы 185%га ɵсʏп кеткендигине байланыштуу, автобус жана троллейбустарда жол кире акысы электрондук жʏргʏнчʏлʏк карталары, мобильдик тиркемелер аркылуу 15 (он беш) сом, накталай тʏрдɵ 17 (он жети) сом жана окучууларга 7 сом (жети) сом болуусу учурдун талабы болууда. Мындай накталай эмес тʏрʏндɵ тɵлɵнʏʏчʏ жол акынын наркын 17 (он жети) сомго кɵтɵрʏʏнʏн негизги себеби, учурда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тарабынан автобустук, троллейбустук каттамдарында электрондук тɵлɵɵ карталары, мобильдик тɵлɵɵ тиркемелери аркылуу жол акыны тɵлɵɵ ыкмасы киргизилип жаткандыгына байланыштуу болуп, жʏргʏнчʏлɵргɵ заман талабындагы ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ болуп саналат.
Ошондой эле шаардык кичи автобустук машруттук каттамдардын дагы жол кире акысын 20 (жыйырма) сом, ал эми окуучуларга 10 (он) сом болуусу учурдун талабы болууда.
Анткени кʏйʏʏчʏ, майлоочу майлардын, унаа тетиктеринин бааларынын акыркы жылдар аралыгында кескин жогорулап кеткендигинен улам, шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарындагы ташуулуучу жʏргʏнчʏлɵрдʏн учурдагы наркы ɵзʏн-ɵзʏ актабай калгандыгына байланыштуу болууда.
Урматтуу шаардыктар, сиздердин талкууңуздарга коюлуп жаткан шаарыбыздын автобустук, троллейбусттук жана кичи автобустук маршруттук каттамдарында жол кире тарифи боюнча маселеге ой-пикирлериңизди жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн жагдайларды эске алуу жана тʏшʏнʏʏ менен бɵлʏшʏп берʏʏңʏздɵрдʏ суранабыз жана бул маселе боюнча пикирлериңиздерди, сунушуңуздарды Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын тɵмɵндɵгʏ электрондук дарегине Osh.ogmap@mail.ru жана +996 500 040 664, +996 557 060 601, +996 705 311 094 байланыш телефондоруна билдирип коюуңуздарды суранабыз.
Ал эми шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдар боюнча “Ош шаарынын мэриясынын жʏргʏнчʏлɵр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын тɵмɵндɵгʏ электрондук дарегине Jurgunchu_osh@mail.ru жана (03222) 64022; (03222) 64161 байланыш телефондорго билдирип коюуңуздарды суранабыз.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы