Кыргыз эстрадасында ɵзʏнʏн обондору, ʏнʏ жана жɵнɵкɵйлʏгʏ менен элдин жʏрɵгʏнɵн орун алган ырчы Ильяз Абдразаков быйыл чыгармачылыгынын 20 жылдык белесине жетип отурат. Ырчы менен ɵмʏр жолу, сахнанын сыноосу, ʏй-бʏлɵ баалуулуктары жана чыгармачылыктагы изденʏʏлɵр тууралуу болгон ачыктан-ачык маектешʏʏбʏздʏ назарыңыздарга сунуштайбыз

Ырга болгон сʏйʏʏм бала чагыман башталган
— Ырчылыкка болгон кызыгуум балалыгыман эле башталган. 5-6-класстарда мектеп ичинде ырдап, сахнага чыгып жʏрчʏмʏн. ʏй-бʏлɵбʏздɵ ата-энем музыкага жакын болушкан. Балким, ошолордон ɵтʏп калган чыгар деп ойлойм.
Алгачкы сахна — айылдык майрам чоң кыялдын башаты
— Алгач сахнага чыккан кʏнʏм азыр да эсимде. Мектептеги майрамдардан баштап, райондо ɵтʏʏчʏ майрамдык иш-чараларда ырдап жʏрдʏм. 6-класста чоң сахнага кадам таштап, Абдималик Шерматов агайыбыз менен бирге гастролго чыкканбыз, ошол кʏндɵн тартып сахна менин экинчи ʏйʏмɵ айланды десем болот.


Жанр тандабай, элдин талабын угам
— Негизи бардык жанрда ырдайм. Бирок негизги багыт – поп музыка. Ошол эле учурда элдин талабына жараша жанрды да тандайм. Жакшы обон жаралса, ал кандай жанрда болбосун ырдай берем. Негизгиси, эл эмнени угууга кызыгат, ошого кɵңʏл буруш керек.
Сɵзбʏ же обонбу?
— Мурда, чыгарма жаратууда обон биринчи келчʏ. Азыр болсо кээ бир ырларда алгач текст пайда болот, анан ага обон жазабыз. Кээде тескерисинче — обон жаралып, ошого ылайык сɵздɵрдʏ издейбиз. Бул чыгарманын ɵз нугуна жараша болот. Кандай учур, кандай сезим басымдуулук кылса, ошого жараша жаратылат
Алтынбек Алымов менен кызматташуу — чыгармачылык ɵнɵктɵштʏктʏн ʏлгʏсʏ
– Алтынбек Алымов байке менен кызматташуу ɵзгɵчɵ ыңгайлуу. Ыраазычылык айтам. Анын чыгармачылыкты тʏшʏнгɵнʏ, идеяны кабыл алышы, баары тɵп келишет.
Сахна сыртында жɵнɵкɵй адам
— Кандай болсом, ошол бойдон эле жашайм. Сахнадан тышкары деле ошол эле жɵнɵкɵй Ильязмын. Жасалмалуулук менен алектенбейм, роль жаратпайм. Эң негизгиси — чынчылдык жана жɵнɵкɵйлʏк. Жасалмалуулук, кɵтɵрʏлʏп сʏйлɵɵ деген нерселерден алысмын.

“Бирде жɵɵ жʏрɵм, бирде тɵɵ минем”
— Ырчылыктан кетким келген учурлар да болгон. Бирок жигит тоону ашат, жоону жеңет. Кыргызда “кээде жигит тɵɵ минет, кээде жигит жɵɵ жʏрɵт”деп айтылган макал бар эмеспи. Мезгилге жараша адам чарчайт. Кээде оор сыноолорго туш болосуң. Бирок, ырдабай калсам да, ʏйдɵ ырдай бермекмин, ыр жазып жʏрɵ бермекмин. Сахнанын тʏйшʏгʏ оор, кɵп эмгекти талап кылат, бирок анын ырахаты да бар.
Вьетнамдан тарта кыргыз дасторконуна чейин
— ʏй-бʏлɵм менен акыркы жылдары кɵп саякаттадым. Эгер Кыргызстанда жашабасам, Вьетнамда жашамакмын деп ойлойм. Тайланд да жакшы, бирок тамак-ашы бир аз ачуураак. Мен болсо кыргыздын даамдарын жактырам. Кыргыздын тамак-ашына жетчʏ эч нерсе жок.
Жанымда идеалдуу жарым турат
— Жубайымдын бардык сапаты жагат. Анын аялдык сапаттарын баалайм. Ал мен ʏчʏн идеалдуу аял. Кээде жаңылыштык менден кетет, кээде андан. Бирок кечиримдʏʏ болуп жашасак, ʏй-бʏлɵ бекем болот.

Кубанычым — кызымдын мээрими, уулумдун жыты
— Ден соолукта болуп, алты саныбыз аман жʏргɵнʏбʏзгɵ Кудайга шʏгʏр кылам. 3 уулум, 1 кызым бар. Алар менин жашоомдун негизи. Аларды кɵргɵн сайын кубанам. Айрыкча кызым мага аябай боорукер, куйʏмдʏʏ. Уктап калсам, ʏстʏмɵ тɵшɵк жаап коёт. Эң кичʏʏ уулумду кɵргɵн сайын жытына, кылыгына ырахат алам. Азыр ал эң ширин куракта.
Балдарыма жоопкерчиликти ʏйрɵткʏм келет
— Балдар YouTube кɵрʏп, телефон менен ойноп калышат. Биз аларды мʏмкʏн болушунча телефондон алыстатууга аракет кылабыз. ʏй жумуштарына тартып, жоопкерчилик сезимин ʏйрɵтʏʏгɵ аракеттенебиз. Сабакка болгон кызыгуусун арттырууга багыт беребиз. Негизи смартфонго чоңдор да кɵз каранды болуп калдык.
Фильтрисиз жашоо — чыныгы жашоо
— Бир кʏйɵрманым “Ильяздын жашоосу фильтрисиз, мактанбайт” дептир. Ооба, ошол чын. Мактанууну жактырбайм. Бирок жаңы чыгарма жаралса, аны бɵлʏшкʏм келет. Бул жɵн гана бɵлʏшʏʏ, досторго, кʏйɵрмандарга белек. Ал аркылуу жаңы ойлор жаралат, жаңы энергия келет. Эби жок мактануунун кереги жок.


Кʏйɵрман селфиси – чыгармачылыкка дем берген сʏйʏʏ
— Кʏйɵрмандар сахнага жакындап селфи кылса, кыжырым келбейт. Тескерисинче, чыгармачылык кʏйɵрман менен жанданып турат. Алардын суранычтары биз ʏчʏн стимул. Кʏйɵрман менен болгон байланыш — бул ɵзʏнчɵ бакыт.
“Арманым” менен эл тааныды
— Мени элге тааныткан, популярдуулук алып келген чыгарма – “Арманым”. Ал ыр элдин жʏрɵгʏнɵн орун тапкан. Азыр да концерттерде эл ошол ырды суранып, бир нече ирет ырдатышат. Жакында дагы жаңы ырларды жаздым. Радиого бердим, клип тартуу пландалууда. Элге жайылса, бул ырлар да хит болуп калат деп ишенем.
Сыйлыктар жана алдыдагы пландар
— “Маданияттын мыкты кызматкери” тɵш белгисине жана президенттин Ардак грамотасына ээ болдум. Быйыл чыгармачылыгымдын 20 жылдыгына карата кʏзгɵ чейин жандуу ʏн менен чоң концерт тартуулаганга даярдык кɵрʏп жатам. Азыр гастролдо жʏрʏп, жаңы идеяларды топтоп жатабыз. Жаңы обондор жаралды, жакында клиптерин да тарттырабыз.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы