Мэр Жеңишбек Токкторбаев “Биримдикте аракет” коомдук бирикмесинин ɵкʏлдɵрʏ менен жолугушту. Жолугушууда бирикменин мʏчɵлɵрʏ майыптыгы бар жарандар ʏчʏн реабилитациялык борборду куруу маселесин кɵтɵрʏшʏп, учурда оңдоп-тʏзɵлʏп жана курулуп жаткан жолдорго, тротуарларга, коомдук тамактануучу жайларга, тейлɵɵ мекемелерине аларга ылайыктуу пандустарды орнотуу жана ипотекалык шартта турак жай алууга кɵмɵктɵшʏʏ маселелери менен кайрылышты. Ошондой эле айрым жерлерде коомдук транспорттун айдоочулары токтогон учурда пандусту тʏшʏрʏʏдɵн баш тартышып, майыптыгы бар жарандарга бир топ ыңгайсыздыктар жаралып жаткандыгы белгиленди. Шаар мэри айтылган маселелер боюнча тиешелʏʏ кызматтардын жетекчилерине жеринде кɵмɵк кɵрсɵтʏʏнʏ тапшырды.


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды