20 августа, 2025

Ош медициналык колледжи

Ош медициналык колледжи Кыргыз ССРинин  Министрлер Кеңешинин 1988-жылдын 16-ноябрындагы №429 Токтомунун, Ош областтык Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын сунушунун негизинде Жалал-Абад медициналык окуу жайынын Ош областындагы филиалы катары уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏсʏнʏн Мамлекеттик инспекция комиссиясынын 1992-жылдын 30-апрелиндеги чечиминин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 1992-жылдын 15-майындагы №145 буйругунун негизинде «Ош медициналык окуу жайы» болуп ɵзгɵргɵн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2008-жылдын 12-октябрындагы №639 буйругу менен «Ош медициналык колледжи» болуп аталып, иш алып барууда. Колледждин жалпы окутуучулар курамын  кɵп жылдык тажрыйбасы бар, кесипкɵй адистер тʏзɵт.

Окуу жайдын эки окуу имараты бар, 33 теориялык, 26 практикалык, 11 клиникалык жана 4 лабораториялык кааналарда окуу процесстери жʏргʏзʏлɵт. 1 актылык зал, 1 китепкана, Мамлекеттик тил борбору жана улуттук тарых музейи студенттерге кызмат кɵрсɵтɵт. Окуу жайдын китепканасынын базасында 16200 даана медициналык, гуманитардык жана кɵркɵм адабий китептер фонду бар.  Электрондук китепканадан да пайдалануу мʏмкʏнчʏлʏгʏ каралган. Китепканадагы жана ресурстук борбордогу компьютерлер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылган жана студенттердин колдонуусуна ыңгайлуу. Ош медициналык колледжи уюштурулгандан бери 9000 ден ашуун медициналык кесипкɵй адистер даярдалып, учурда калктын саламаттыгын жакшыртууга ɵз салымдарын кошуп, кызмат кылышууда.

1. 060101 Дарылоо иши

2. 060102 Акушердик иши

3. 060108 Фармация

4. 060109 Медициналык айым иши

5. 060110 Лабораториялык аныктоо

Азыркы кʏндɵ колледжде  67 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 16 Саламаттыкты сактоонун мыктысы, 9 Билим берʏʏнʏн мыктысы, Саламаттыкты сактоонун министрлигинин Ардак грамотасы менен 3, Билим берʏʏ министрлигинин Ардак грамотасы менен 2  окутуучу сыйланышкан.

Ош медициналык колледжи медицинаны сʏйгɵн, окуу предметтерин мыкты ɵздɵштʏргɵн келечекте калктын саламатчылыгынын сакчылыгы ʏчʏн кызмат кылган ак ниеттʏʏ талапкерлерди кабыл алат. Окуу процесстери убакыт ɵткɵн сайын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып барылууда. Окуу пландары жана программалары окутуунун жаңы усулунун негизинде жʏргʏзʏлɵт жана бʏгʏнкʏ замандын талабына толук жооп берет.Келечектеги медицина адистерди окутуу оорунун алдын алууга жана  жолдорун кɵрсɵтʏʏгɵ багытталууда. Ага ылайык окуу процесстери да жаңы предметтер менен улам толукталууда .

 Орто медициналык кызматкерлерди даярдаган окуу жайы катары Ош медициналык колледжинин аброю, билим берʏʏ денгээли,сапаттык салмагы чоң. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ɵткɵрʏлгɵн 2005 жана 2012-жылдар аралыгындагы  «Медициналык билим берʏʏ уюмдары арасында эң мыкты жамаат» конкурсунун мыкты жеңʏʏчʏсʏ.  

  Ош медициналык колледжи бʏгʏнкʏ кʏндɵ республикадагы материалдык-техникалык базасы заманбап окуу жайларынын бири болуп эсептелинет. Башкача айтканда, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жогоруда айтылган окутуунун жаңы стандарттарынын талаптарына толугу менен жооп берет.  Аудиториялар, окуу бɵлʏмдɵрʏ, лабораториялар мезгил талабына ылайык компьютердик кааналар менен жабдылган,студенттердин билим алуусуна окутуунун жаңы стандарттарын жʏргʏзʏʏнʏн бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ тʏзʏлʏп  берилген. Окуу жайдын окуу бɵлʏмдɵрʏ машыктыруу каанасы, тɵрɵт зал, эне жана бала каанасы, фитобар, процедуралык , таңуу кааналары жана башка окуу процессине ылайыкташтырылып, жогорку деңгээлдеги кɵрсɵтмɵлʏʏлʏктɵр менен жасалган. Окуу процессинде салттуу ыкмаларга негизделген практикалык багыттагы азыркы педагогикалык жана маалыматтык технологиялар пайдаланылат. Окуу жайында окутуучулардын жана студенттердин маданий эс алуусуна, спорттук машыгуусуна кɵп кɵңʏл бɵлʏнɵт. Ошондой эле окуу жайдын укук коргоо органдары , диний кызматкерлер жана ардагерлер менен жолугушуулар,алдын алуу багытындагы иш чаралар, илимий практикалык конференциялар ɵткɵрʏлʏп турат.

2025-2026-окуу жылына талапкерлерди тɵмɵндɵгʏ  адистиктер боюнча бюджет жана контракт бɵлʏмʏнɵ кабыл алууну жарыялайт:

1. Дарылоо иши.         Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.

   Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 35400сом.

 Окуу мɵнɵтʏ — 3 жыл  6 ай.

2.     Акушердик иши     Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.

   Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 35300сом.

    Окуу мɵонɵтʏ- 2 жыл  10 ай

3.     Фармация.

Контракттык негизде гана окутулат.

Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 35000сом.

Окуу мɵɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

4.     Мед айым иши.
     Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.

  Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 34000сом .

Мɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

5.     Лабораториялык диагностика.  
 Бюджеттик негизде окутулат.

    Окуу мɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

Кирʏʏ  сынактары бюджеттик жана контракттык тайпаларда «Дарылоо иши», «Акушердик иши», «Мээрбан эже иши» адистери ʏчʏн тестирлɵɵ-биология, кыргыз тили жана орус тили предметтери боюнча жʏргʏзʏлɵт. Ал эми «Фармация», «Лабораториялык аныктоо» адистиктери ʏчʏн тестирлɵɵ – химия, кыргыз тили жана орус тили предметтери боюнча жʏргʏзʏлɵт.

1. Орто билими жɵнʏндɵ аттестат (тʏп нускасы).

2. 086 – У формасындагы медициналык справка.

3. Бурчу актай 3х4 ɵлчɵмʏндɵгʏ 8 сʏрɵт.

Биздин дарек: Ош шаары, Салиева кɵчɵсʏ- 57.

Уюлдук телефон: 0551015105

Автобус: №43,13

Троллейбус: №1

Маршруттук таксилер: 107,118, 122.

About The Author