25 августа, 2025

Ak-Buura Fashion Week III: Мода жумалыгынын масштабы кеңейди

Ош шаарында ɵткɵн “Ak-Buura Fashion Week” эл аралык мода жумалыгы ʏч жылдан бери жаш дизайнерлерге жана кол ɵнɵрчʏлɵргɵ талантын кɵрсɵтʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берип келет. Быйыл бул иш-чаранын масштабы кеңейип, беш мамлекеттен келген тажрыйбалуу дизайнерлердин катышуусунда ɵттʏ.

Асылжан Камбарова, модельер, конструктор жана Ош шаарындагы мода, стиль жана сулуулук борбору “Подиум” мода ʏйʏнʏн жетекчиси.

Кезектеги “Ak-Buura Fashion Week” эл аралык мода жумалыгыбызды ар дайымкыдай жакшы деңгээлде ɵткɵрʏп алдык. Негизги уюштуруучуларыбыздын бири, биздин башкы ɵнɵктɵшʏбʏз болгон Ош шаардык маданият башкармалыгы жана жетекчиси Элдияр Кадыркуловго ыраазычылык билдирем. Бул сынак кɵптɵгɵн жаш дизайнерлерди шыктандырып, ошол эле учурда улуттардын достугун бекемдеп, Ош шаарыбызды, Ак-Буурабызды даңктоого мʏмкʏнчʏлʏк берʏʏдɵ.

Быйылкы мода жумалыгы ɵткɵн жылга салыштырмалуу ɵзгɵчɵ ɵттʏ десем болот. Анткени иш-чаранын масштабы чоңойду. Бир гана мода кɵргɵзмɵсʏ эмес, жаш дизайнерлер арасында сынак жана кол ɵнɵрчʏлɵр ʏчʏн жарманке да уюштурулду. Россия, Татарстан, Тажикстан, Ɵзбекстан жана Казакстандан дизайнерлер келип, иш-чара эл аралык деңгээлге кɵтɵрʏлдʏ.

Татарстандын Казань шаарынан Казань мамлекеттик искусство институтунун деканы Салахов Расых ɵзʏ келип, комиссиянын тɵрагасы болуп берди. Ошондой эле Наиля Бурганова аттуу студентинин улуттук калориттеги эмгектерин ала келип, кɵргɵзмɵгɵ чыгарды.

Сынактын натыйжасында 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин студенти Деканова Дарика “Ехопредков” аттуу коллекциясы менен жеңип, тигʏʏчʏ машинеси менен сыйланды. 2-орунду Ɵзбекстандан келген Октамова Гʏлайым “Асыл Мирос” аттуу коллекциясы ʏчʏн ээлеп, телевизор менен сыйланды. 3-орунду Казакстандык жаш дизайнер Кадырова Аксана ээлеп, чаң соргуч менен сыйланды.

Калыстар тобунун атайын чечими менен Муратова Айзирек аттуу дизайнердин “Фолк” коллекциясы тандалып, биздин ɵнɵктɵш Кабидултова Сауле тарабынан “Карина Деклюк” (Казакстандык этно-подиум) мода кɵргɵзмɵсʏнɵ жана “Жаз Презинг” аттуу конкурсуна бекер жолдомо берилди.

Казакстандан келген дизайнер Тимур Турсункуловго Казакстанда ɵтʏлʏʏчʏ “ETHNO FASHION WEEK” эл аралык мода жумалыгынын алкагындагы жаш дизайнерлердин “JAS DESING” конкурсунун уюштуруучулары Сауле Кабидулова жана Карина Теклюк тарабынан бул конкурска катышууга кошумча сыйлык катары жолдомо ыйгарышты. Мындан сырткары Феруза аттуу дагы бир дизайнер кызга Расых Фарукович Салахов тарабынан Казань мамлекеттик искусство институтуна бюджеттик негизде окууга жолдомо берилди.

Сынактын келечектеги ɵнʏгʏʏсʏнɵ болгон пландар чоң. Мода кɵргɵзмɵбʏздʏ жыл сайын ɵткɵрʏп, кийинки жылы масштабды мындан да кеңейтип, жаш дизайнерлерди алдыга ʏндɵп, дʏйнɵлʏк модага жол ачууга аракет кылабыз деген тилектерибиз бар.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author