Ош шаарында чыгаан акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата анын айкели жана жаңыдан курулган аллея расмий тʏрдɵ ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Элчибек Жантаев, Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, ТʏРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы, кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова, жаш акындар жана башка расмий коноктор катышты. «Улуу акындын айкелинин ачылышы жаш муундар ʏчʏн патриоттуулуктун жана руханий баалуулуктардын символу болуп калат. Акындын мекен, сʏйʏʏ, адамзат баалуулуктары тууралуу жазган чыгармалары бʏгʏнкʏ кʏндɵ дагы актуалдуулугун жоготпойт” деди ɵз сɵзʏндɵ Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов.

“Жашыл аалам” поэзия фестивалы алты ɵлкɵнʏн акындары катышты
Фестивалга ТʏРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, акындын жубайы, кыргыз Эл жазуучусу Меңди Мамазаирова жана башка расмий коноктор катышты. Иш-чараны уюштурууда жана ɵткɵрʏʏдɵ ар тараптан колдоо кɵрсɵткɵндʏгʏ ʏчʏн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ТYРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Мындан сырткары Азербайжан, Казакстан, Ɵзбекстан, Тʏркия, Венгрия, Тʏркмɵнстан жана Кыргызстандын жаш акындары ɵз ɵнɵрлɵрʏн тартуулап, жеңʏʏчʏлɵргɵ сыйлыктар, наамдар ыйгарылды.



Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?