Дем алыш кʏндɵрʏнɵ, майрамдарга, катаал аба ырайына карабай шаардыктарды кɵздɵгɵн жерине жеткирген коомдук транспорттор кʏнʏмдʏк керектɵɵнʏн эң маанилʏʏ тармагынын бири болуп саналат. Жыл ɵткɵн сайын калктын саны кɵбɵйʏп, коомдук транспортторго болгон талап да кʏчɵп баратат. Ошону менен бирге бул тармакта иштегендердин жана жергиликтʏʏ бийликтин иш-аракеттери да кʏчɵдʏ. Теманы улай Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башкы инженери Ырысбек Жээналиев менен биргеликте коомдук транспортторго тиешелʏʏ бир нече суроолорду талкуулаганбыз.

– Алгач шаардагы автобустук линияларга жана каттамдардагы тʏзʏлгɵн шарттарга токтолсоңуз?
– Учурда шаарыбызда 12 коомдук транспорт линиялары иштеп келет. Анын экɵɵсʏ троллейбустук линия болуп саналат. Ош шаарындагы № 7, 13, 25, 43, 49 каттамдарында Ташкенттен алынып келинген жаңы автобустар жʏргʏнчʏлɵрдʏ тейлешʏʏдɵ. Автобустун ичинде кондиционер жана мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендер ʏчʏн атайын орундуктар каралаган. Мындан сырткары № 6, 9, 10, 24, 53 каттамдарда Ташкенттен мурда келтирилген автобустар иштеп жатат. Ал автобустарда мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендердин муктаждыктары толук каралбай калган эле. Ошондуктан кийинки автобустарды алууда тʏзʏлгɵн шарттары кылдат каралды.
– Техникалык мʏчʏлʏштʏктɵр болгондо же айдоочулар жумушка чыга албай калган учурда кандай аракеттер кɵрʏлɵт?
– Албетте, техника болгондон кийин сɵзсʏз мʏчʏлʏштʏктɵр болот. Автобус, троллейбустарда анча-мынча техникалык бузулуулар болбосо эле жарандарды ɵз убагында тейлеп келе жатабыз. Дем алыш кʏндɵрʏ, майрам кʏндɵрʏ да автобустар жана анын айдоочулары сɵзсʏз жумушка чыгып, бекитилген графикке ылайык жарандарды тейлешет. Эксплуатация деген бɵлʏмʏбʏз бар, кʏн сайын колонна башчылары менен биргеликте кайсыл автобус чыгуусу керектигин, кандайдыр себеп менен же ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга албай калган айдоочуларды тактап турабыз.

– Троллейбустун кошумча 3-4-линияларын куруу иштери кандай жʏрʏп жатат?
– Министрлер Кабинетинин токтому менен Бишкектен Ошко 100 троллейбус жеткирилʏʏсʏ керек болсо, учурда 74 троллейбусту алып келдик. Алардын линиялары тартылып бʏтɵ электигине байланыштуу жумушка азырынча чыкпайт. Буга чейин шаарда № 1, 2 троллейбустук каттамдар болсо, алдыда № 3, 4 линияларды ачуу боюнча долбоор иштелип жатат. 3-линиянын долбоору дээрлик бʏтʏп калды, жакында ишке ашырабыз. Анын маршруту Курманжан-Датка кɵчɵсʏ аркылуу Г.Айтиев кɵчɵсʏнɵ тʏз чыгып, Б.Осмонов кɵчɵсʏнɵн ɵтɵт. Андан соң Р. Абдыкадыров кɵчɵсʏнɵ келип, андан ары Амир-Тимур кɵчɵсʏнɵн жʏрʏп, кайра Г.Айтиев кɵчɵсʏ аркылуу Юго-Восток кичи шаарчасына (Ош технологиялык университети) чейин барат. №4 линия Б.Осмонов кɵчɵсʏ аркылуу Учар айылынан ɵтʏп, Куренкеев кɵчɵсʏн бойлой жʏрʏп, кайра Ленин кɵчɵсʏнɵ кайтат. Ошондой эле троллейбустун № 1, 2 линияларды кошуп айлампа жол аркылуу жʏрʏʏчʏ жаңы схема даярдалып жатат. Бул ишке ашып калчу болсо шаарыбыздагы борбордук кɵчɵлɵрдɵ жарандарды тейлɵɵ бир топ жеңилдейт.
– Жʏргʏнчʏлɵр тɵлɵм жʏргʏзʏʏдɵ айрым автобустардагы QR коддор иштебей калгандыгын айтышууда, буга эмне себеп?
– Онлайн тɵлɵм жʏргʏзʏʏдɵ интернеттин ʏзгʏлтʏккɵ учурашы сɵзсʏз терс таасирин тийгизет. Автобустардагы аппараттардын иштебей калуусунун негизги себеби ушул. Мурда “Элдик PAY” колдонулган болсо, азыр аты ɵзгɵртʏлʏп, “Сапар PAY” системасын орнотуу иштери дале жʏргʏзʏлʏп жатат. Буга чейин конкурстун негизинде казакстандык компания уткан болчу. Алар аппараттарды башка мамлекеттен алып келгендиктен убакыт созулуп кетʏʏдɵ. Биз да эскертʏʏлɵрдʏ берип, тез арада орнотуу боюнча талаптарды кʏчɵтʏп жатабыз.
– Буга чейин Ош шаардык кеңешинде коомдук транспорттун айдоочуларынын жʏргʏнчʏлɵргɵ жасаган мамилеси боюнча маселе кɵтɵрʏлгɵн, бул жаатта мекеме кандай иштерди алып барууда?
– Бизде айдоочуну жумушка алып жатканда атайы комиссия бар. Ал комиссия жети адамдан турат. Айдоочу инструктаждан ɵтɵт. Ошол эле учурда жʏргʏнчʏлɵр менен болгон мамиле да сɵзсʏз айтылат. Аларга дайыма тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Айдоочулар ʏч ай сайын инструктаждан ɵтʏп турушат. Ар бир автобус, троллейбуска чыксаңыздар башкы инженер, эксплуатация начальниги, коопсуздук кыймылы боюнча инженерлердин аты-фамилиясы жазылып, телефон номерлери кошо илинген. Ошого карап жарандар арыз-муңдарын мекемеге тʏз жеткире алат. Бизде жумасына бир жолу сɵзсʏз техникалык кеңеш ɵтɵт. Ошол учурда айдоочуларга эскертʏʏлɵр берилип, олуттуу каталарга жол берилген учурда кызмат ордун кароо же которуу маселелери каралат. Жʏргʏнчʏлɵр тарабынан да орой мамиле жасалган учурлар жок эмес. Мисалы, айдоочулар рулда баратканда эрежени так сактап, жолго карап айдашы керек. Айрым жʏргʏнчʏлɵр токтоого мʏмкʏн эмес жерге “токто” дейт, “сен тормозду катуу тээп, биз жыгыла жаздадык” деп уруш чыгаргандар болот. Азыр шаардагы жолдордун абалы баарыңыздарга маалым. Оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏʏдɵ, толук бʏтɵ элек, тыгын кɵп. Айдоочу акырын жылып баратып токтой калышы мʏмкʏн. Жʏргʏнчʏлɵр ɵзʏнɵ сак болуп, жолдун абалын жана айдоочуларды тʏшʏнʏʏ менен кабыл алышса дээр элем.

– Мекемедеги жетишкендиктер боюнча айта кетсеңиз?
– Ɵткɵн жылы биздин мекеме ʏчʏн жемиштʏʏ жыл болду. Жаңы жʏз автобус келтирилип, беш линия жаңы ачылды. Быйылкы жылы балдарды акысыз ташуу боюнча 7 айыл аймакта 7 автобустук каттам ишке кирди. Бул шаарыбыздын жана жергиликтʏʏ бийликтин чоң жетишкендиги деп ойлойм. Албетте, чыгымы чоң. Мисалы, бир автобусту оңдоп-тʏзɵɵ, кʏйʏʏчʏ май менен камсыз кылуу, айдоочулардын айлык акысы жана башка чыгымдары чоң сумманы тʏзɵт. Ошого карабай шаар тургундарына жакшы шарт тʏзʏʏ максатында жергиликтʏʏ бийлик менен чогуу аракет кылып келебиз.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?