Кɵп таарынасызбы? Жолуңуз болбой калганына балким, кимдир бирɵɵлɵрдʏ кʏнɵɵлɵп жʏргɵндʏрсʏз? Психологдордун айтымында, кɵпчʏлʏк адамдар ички таарынуусун стресс, депрессия менен алмаштырып алышат. Айрыкча жаштар арасында “ата-энем мени тʏшʏнбɵйт” деген таарыныч кɵп кездешет. Таарынычтар кандай кесепеттерге алып келет? Психолог Махабат Алиева менен маектешкенбиз.

– Махабат айым, азыркы адамдардын кɵңʏлʏ бир аз назик, анан таарынчаак болуп бараткандай, муну психологдор кандай тʏшʏндʏрɵт?
– Ата-эне менен баланын ортосундагы же мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликттин негизги себеби бул — таарыныч. Улуу муундагылар “биз жетип-жетпеген заманда эскини кийип эле чоңойгонбуз” деп айтып калат эмеспи. Алар психологияда “бейби” мууну деп аталат. “Бирɵɵ баары ʏчʏн, баары бирɵɵ ʏчʏн” деген принципти карманышкан. “Сен ушуну кылышың керек!” десең “Демек, кылышым керек” деп тʏз кабыл алган. Андан кийин 80-жылдарга чейинки “Х” мууну, артынан 90-жылдан 2000-жылдарга чейинки “ʏ” мууну келет. Бейби, Х, ʏ муундары тарынууну деле билген эмес. Ата-эне урушса, “Демек ата-эне урушуусу керек экен” деп тʏшʏнгɵн. Кыргыз эли ɵзʏ психолог болгону талашсыз. “Элʏʏ жылда эл жаңы, жʏз жылда жер жаңы” деп бекеринен айтылган эмес. Азыркы муун эмнеге таарынчаак, эмнеге ɵзʏнʏн айтканын гана жасайт дешибиз мʏмкʏн. Азыркылар “Z” мууну болуп саналат. Алар жɵндɵмдʏʏ, акылдуу, изденген, ошол эле учурда эч нерседен коркпогон муун десек жаңылбайбыз. Аларга ɵзʏбʏздʏн жашообузду таңуулап, ата-энеден, мугалимден токмок жегенибизди, эски кийим кийип чоңойгонубузду айтсак жомок сыяктуу кабыл алышат. Илгерки бейби муунундагыларга ата-энеси кичинекей ʏй салып берип, казанын, ун-майын берип “ушул сенин оокатың” деп бɵлгɵндɵ алардын психологиясы да ошого даяр болгон. Азыркы муун эч нерседен коркпойт. “ʏй деле керек эмес” деп жалгыз жашап жʏрɵ бериши мʏмкʏн. Мындан кийинкилер “альфа” мууну болот деп болжолдонууда. Алардын мʏнɵзʏ кандай болоорун азырынча эч ким так айта албайт. Табият, жер шаары тынбай ɵзгɵрʏʏгɵ душар болгон сыяктуу адамдар да муун алмашкан сайын ɵзгɵрʏп туруусу табигый кɵрʏнʏш.
“14 жаштан кийин “ɵз алдынча жашоо” нейрондору иштеп баштайт”

Адамдын мээси акыл жана кɵмʏскɵ акыл деген эки системадан турат. Азыркы муундун кɵмʏскɵ акылы дайыма ачык, биздикине караганда башкачараак иштейт. Илгеркилер ɵткɵɵл мезгилди (переходный возраст) билген эмеспиз дешет. Ɵткɵɵл мезгил ар бир адамда болуучу табигый нерсе, болгону муунга жараша ар кимде ар кандай ɵтɵт. Мисалы, бала жаңы тɵрɵлгɵндɵ ыйлайт, эне шарттуу рефлекстин негизинде балага сʏтʏн берет. Ошону менен 14 жашка чейин баланын нейрондору эненин гана айтканын жасайт. Кичинекей балдарды байкасаңар столдун ʏстʏндɵ суу турса “апа иче берейинби?” деп сурап, анын уруксаты менен гана ичет. Ойноп жаткан жеринен дааратканага баргысы келсе чуркап келип апасынан сурап кетет. 14 жаштан кийин жараткандын кудрети менен “ɵз алдынча жашоо” деген нейрондор иштей баштайт. Ошол учурда суу сурап ичкен бала сурабай калат. Достору менен сыртка чыга баштайт. Ɵз алдынча изденип, каалаган кийимин кийе баштайт. Ата-эне менен баланын ортосундагы конфликттин дагы бир негизги себеби баланын ушундай аракеттерин кабыл албай жаткандык.
– Бир ʏйдɵн окшош тарбия алган балдардын ичинен такыр башкача чыгып калган балдар болот эмеспи, буга кандай баа бересиз?
– Туура, дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ бир да адамдын биометрикалык маалыматы бири-бирине окшобойт. Демек, ʏй-бʏлɵдɵ он бала болсо он кыл мʏнɵзгɵ ээ. Бири ашыкча камкор болсо, башкасы тескерисинче эч нерсе менен иши жок болуусу мʏмкʏн. Кудай муну адамдын баш бармагындагы маалыматы менен эле далилдеп берип койгон.
– Балдардын телефонду ашыкча кароосу да ата-энелери менен келишпестиктерди пайда кылып жатпайбы, мындай кырдаалда кимди кʏнɵɵлɵɵгɵ болот?
– Айрыкча жаш ата-энелер “Баланы телефондон кантип арылтабыз?” деген суроону башта ɵзʏнɵ бериши керек. Балага телефонду кармата салып, кулак-мээси тынч отуруу ʏчʏн ата-эне ага ɵзʏ байлап берген. Бала ʏч жашка чейин калыптанарын эсибизден чыгарбайлы. Азыркы жаштар тарбиясыз, автобуста орун бошотпойт деп наалыгандар кɵп. Аларды тарбиялаган кайра эле ɵзʏбʏз. Тарбиянын башаты — ата-эненин жʏрʏм-туруму, жасаган аракети болуп саналат.

– Ата-эненин тынбай уруша берʏʏсʏ, келишпестиктер баланын калыптанышына, келечегине кандай таасир этет?
– Ата-эне урушканда балада эмоция пайда болот. Мисалы, атасы апасына кол кɵтɵрсɵ, кызында эркектерге жек кɵрʏʏ пайда болот. Кечке уруш-талаш болуп, апасын атасы сабай берсе же тескерисинче апасы атасына басым ɵткɵзɵ берсе бара-бара бул балага нормалдуу кɵрʏнʏшкɵ айланат. Ошентип, кызы да атасына окшогон эркекке турмушка чыгып же бала апасына окшогон аял алган фактылар кɵп. “Менин турмушуму кайталаба, сен жакшы жашашың керек!” деп ата-эне кайталай берген менен бала кɵргɵнʏн кылат. Ошондуктан ата-эненин жасаган аракеттери, ʏй-бʏлɵдɵгʏ мамилеси баланын калыптанышына ɵтɵ чоң таасирин тийгизет.
– 35 жаштагы келин “ата-энем ашыкча эркелетип, баарын ɵздɵрʏ бʏтʏрɵ берчʏ, кийин турмушум болбоду, алган дипломум менен да иштей албадым, мунун баарына ата-энем кʏнɵлʏʏ” дейт, сиздин оюңуз?
– Баланы ашыкча кɵкɵлɵтʏп отуруп андагы жɵндɵмдɵрдʏ жаап коюуга толук мʏмкʏн. Аны мээнет кылууга ʏйрɵткɵндɵ жашоо ʏчʏн кʏрɵшмɵк. Ашыкча кам кɵрʏʏ, нормадан ашыкча мээрим тɵгʏʏ аны майып сыяктуу кылып койгон. 14 жаштан кийинки ɵз алдынчалык нейрондору ɵз ишин аткарбай калган. Таарынуу – адамдын алдына келе жаткан ийгиликтердин баарын тосот. Таарыныч адам менен кошо кетʏʏсʏ да мʏмкʏн. Бизде “депрессия, стресс болуп жатам” деген сɵздʏ мода кылып алышкан. Чыныгы стресс, депрессия ɵтɵ кооптуу, ɵлʏмгɵ чейин алып барган жаман оору. “Мен стресс болдум” дегендерде да стресс жок, болгону капалануу. Жашоо – адамдын жан дʏйнɵсʏнʏн чагылышы. Жогорудагы келин ички таарынычын алып салбаса, ызааны, ийгиликсиздигин айлана-чɵйрɵсʏнɵ дал ошондой кылып чагылдыра берет. Психологиялык терминде ата-энелерди экиге бɵлʏп карашат. Кулга айланган ата-эне жана чыныгы ата-эне. Кулга айланган ата-эне ɵзʏ жебей-ичпей баласынын оозуна салат. Ɵзʏ эч нерсе кийбесе да баласына кийгизет. Андай ата-энелер “мен жетпеген ийгиликке балам жетсин” деген тʏшʏнʏктʏ ɵтɵ катуу карманышат. Бирок ата ɵзʏнчɵ, апа ɵзʏнчɵ, бала ɵзʏнчɵ жеке тарап да. Ага ɵздɵрʏ жетпей калган ийгиликтерди таңуулай берген туура эмес. Баланын ɵзʏнчɵ жашоосу бар. Ошол эле ɵнʏккɵн Кытайда, Европа жана башка элдерде деле жети атасы кылган ишти кылат. Кɵпчʏлʏк ата-энелер депутат же бизнесмен жакшы жашайт деп суктанып, баласынан ошону кɵргʏсʏ келе берет. Балким, бала ɵтʏкчʏ же жɵнɵкɵй тигʏʏчʏ, ашпозчу болуп деле миллионер болуп кетʏʏсʏ мʏмкʏн…
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы