21-майдан тарта Ош шаардык кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдары жана кɵчмɵ жыйындары ɵткɵрʏлдʏ. Отурумдарга Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, шаардык кеңештин депутаттары жана жетекчилер катышты. Бир нече маселелер каралып, талкууланып, кезектеги сессияга сунуштала турчу маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Бюджет, экономика жана ɵнɵр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Шайиев Кушбак алып барды. Негизги маселелер: Ош шаары жана Тʏштʏк аймактар боюнча ири салык тɵлɵɵчʏлɵрдʏ контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бɵлʏгʏнун аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштер жɵнʏндɵ; Ош шаарынын мэриясынын “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасы тарабынан акы алып, кызмат кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтардын нарктарын бекитʏʏ жɵнʏндɵгʏ катын кароо; Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык тʏрлɵрʏнɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн жол акынын тарифтеринин ɵлчɵмʏн жогорулатуу жана акысыз жʏрʏʏчʏ категориялардагы жарандардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кошуу жɵнʏндɵгʏ “Ош шаарынын мэриясынын жʏргʏнчʏлɵр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик тʏйʏндɵрʏнʏн жана шаардык кичи автобустук каттамдарында жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу кызматтарын кɵрсɵтʏʏчʏ субьекттер ʏчʏн франшиза наркын жогорулатуу жɵнʏндɵ; Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын троллейбустук мамычаларына илинʏʏчʏ жана автобус, троллейбустардын ички, сырткы жарнамаларынын ижара акысынын тарифин бекитип берʏʏ жɵнʏндɵгʏ маселелери каралды.
Социалдык-маданий ɵнʏктʏрʏʏ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кɵчмɵ жыйыны

Алгач аталган депутаттык комиссиянын тɵрайымы Акмарал Тентимишова жана комиссиянын мʏчɵлɵрʏ тиешелʏʏ жетекчилер менен Ош шаарындагы мектеп, бала бакчалардын абалы менен жеринен таанышып чыгышты. Анда мектеп, бала бакчалардагы окуу-тарбия иштеринин сапаттарын жакшыртуу максатында Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын аткарып жаткан иштери каралды. Ошондой эле Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объектерин инвентаризациялоо жана жаңыртылган мамлекеттик тизмесин бекитʏʏ маселесин да талкуулашты. Эл ɵкʏлдɵрʏ ɵздɵрʏнʏн сунуш-пикирлерин айтышты. Андан кийин туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму ɵттʏ. Анда Ош шаарында жайкы эс алуу лагерлерин, парктардын спорттук курулмалардын, эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу бош убакытты уюштуруу ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏ боюнча аткарылып жаткан иштерди карап чыгышты.
Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму

Комиссиянын тɵрагасы Шахназар Бакир уулу отурумду алып барды. Негизги маселелер: Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мʏлкʏнɵ сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин тɵлɵмдɵрʏнʏн ɵлчɵмʏн аныктоо ирети” жɵнʏндɵ токтомунун 2-тиркемесине ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ Ош шаарынын авиашаарчасынын №54/1в, №53-к, №54/1г, №54/1к даректеринде жайгашкан жалпы аянты 179800,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкелерин мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ; “Бизнес Хаус КГ” ЖЧКсы тарабынан демɵɵрчʏлʏк жардам катары берилген 2 даана атайын автотехникаларын Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ош шаарындагы айрым автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ; Ош шаарынын Ленин кɵчɵсʏнʏн номуру жок дарегиндеги муниципалдык жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу ʏчʏн мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ; Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак айылынын башкы планы жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоору боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун маалыматы жɵнʏндɵ маселелер каралды.
Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму
Кезектеги отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Темир Исаев алып барды. Кʏн тартибинде шаардын тазалыгы, жашылдандыруу, кɵрктɵндʏрʏʏ жана кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ, имараттарды актап-сырдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, “Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жана “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканаларынын аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ маселелер каралды.
Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму

Туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Азамат Тургунбаев отурумду жетектеп, кʏн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенʏʏ жɵнʏндɵ”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнʏндɵ” мыйзамдарын аткаруу боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан жʏргʏзʏлʏп жаткан иштер жɵнʏндɵ маселе каралды.
Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана ɵнɵр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын экинчи отуруму
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы Шайиев Кушбак алып барды. Туруктуу депутаттык комиссия мʏчɵлɵрʏ тарабынан В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында жатып окуган балдардын тамак-ашына бекитилген кʏнʏмдʏк тамактануунун ченемдери жана аталган мектеп-интернатында окуган окуучулардын жайкы жана кышкы кийимдерин сатып алууга акча каражатын бɵлʏп берʏʏ жɵнʏндɵгʏ маселелер каралып, жыйынтыгында сессиянын кароосуна сунушталды.
Ош шаардык кеңешинин VIII сессиясын ɵткɵрʏʏ боюнча шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму
Отурумга Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов тɵрагалык кылып, Президиум мʏчɵлɵрʏ катышышты. Отурумдун чечимине ылайык, Ош шаардык кеңешинин VIII сессиясында жалпы 14 маселенин каралуусу бекитилип, сессияны 2025-жылдын 4-июнь кʏнʏ саат 9:00дɵ ɵткɵрʏʏ кабыл алынды.
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?