6 июля, 2025

ОСАГО 2025-жылдын 1-июлунан тарта  мыйзамдуу тʏрдɵ кʏчʏнɵ кирет

Унаа ээлери арасында “ОСАГО” темасы абдан актуалдуу болуп жаткан учур. 2025-жылдын 1-июлунан тарта транспортту милдеттʏʏ камсыздандыруу мыйзам тʏрʏндɵ кʏчʏнɵ кирет. Камсыздандыруу полиси жок болсо жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат. Дегеле камсыздандыруу полиси жɵнʏндɵ эмнелерди билʏʏ керек? Турак жай, автоунаа, ден соолукту камсыздандыруу боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын башкы адиси Курманбек Абдигапаровго бир нече суроолорду бергенбиз. 

– Курманбек мырза, алгач ОСАГО, КАСКО тʏшʏнʏктɵрʏ боюнча маалымат берсеңиз?

– Кыргызстанда камсыздандыруунун “милдеттʏʏ жана ыктыярдуу” делген эки тʏрʏ иштейт. Камсыздандыруунун жалпы жыйырмадан ашуун тʏрʏ болсо, алардын алтоосу милдеттʏʏ болуп саналат. Мисалы, транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) бул милдеттʏʏ. Транспорттун катышуусу менен кырсык катталган учурда иштɵɵчʏ полис. Мындан сырткары жарандар унаасын ыктыярдуу тʏрдɵ камсыздандырып койсо да болот, ал “КАСКО” деп аталат. Эгерде табигый кырсык катталып, же автоунаа уурдалып кетсе, техникалык себептер менен ордунда кʏйʏп кетсе тиешелʏʏ кызматтар келип текшерет. Айталы, катуу шамалдан улам унааны дарак басып калды дейли, бул учурда ƟКМдин тастыктамасы, уурдатып жиберсе МАИ кызматкерлеринин жыйынтыгын камсыздандыруу уюмуна алып келʏʏсʏ керек. КАСКО автоунаанын базар баасынан алынат. Эгерде сиздин алган унааңыз 1 миллион сом болсо, 2,5%дан 7,5-8%га чейин камсыздандырылат. Бул дегени 1 миллион сомдук автоунаага жылына 25 миң сом ыктыярдуу камсыздандырууга тɵлɵнɵт. Жогоруда айтылган кырсыктар катталып, айдоочунун ыктыярдуу камсыздандыруу полиси бар болсо, тиешелʏʏ кызматтардын жыйынтыгы менен “унаа такыр оңдоого жатпайт” деген тыянак чыгарылса, биз бир айдын ичинде документтерин карап чыгып, унаа ээсине 1 миллион сом акча каражатын бɵлʏп беребиз.

– ОСАГО же унаа ʏчʏн милдеттʏʏ камсыздандыруунун жылдык тɵлɵмʏ канча?

– Кыймылдаткычтын кɵлɵмʏ 2 миң кубга чейинки унааларга базалык ставка 1680 сом. Буга салыктан тʏшкɵн 2% кызматты кошкондо 1713 сом 13 тыйынды тʏзɵт. Эгерде айдоочунун айдоочулук кʏбɵлʏгʏн алганына ʏч жылдан аша элек, жашы 25ке чыга элек болсо бир аз сумма кошулат. Анткени айдоочулук тажрыйба аз болгондуктан тобокел жогору делип саналат. Автоунаалардын жана айдоочулардын бардык маалыматы катталгандан кийин система унаалардын кɵлɵмʏнɵ жараша ставканы автоматтык тʏрдɵ эсептеп берет.

– Жарандар ʏчʏн маанилʏʏ болгон турак жайды камсыздандырууга да токтолсоңуз?

– ʏйдʏн архитектура чийип берген долбоору стандартка ылайык милдеттʏʏ камсыздандырылат. Айылдагы базалык ставкасы 612 сом, шаарда 1224 сом. Мында деле ыктыярдуу камсыздандыруу бар, ага ʏйдʏн ичиндеги эмеректер, тиричилик техникалары кирет жана короо-сарайларды кошуп камсыздандырса болот. Ыктыярдуу камсыздандыруу бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ базар баасы менен камсыздандырылат. Эгерде кандайдыр кырсык каттала турган болсо ошол учурдун базар баасынын суммасы менен тɵлɵнʏп берилет.

– ʏйʏнʏн кызыл китеби жоктор камсыздандыруу полисин кандай алат?

– Айыл ɵкмɵттɵн маалымкат алып келʏʏсʏ керек же кадастр ишканасынан № 4 формасындагы маалымкатты алып келʏʏсʏ зарыл, ошонун негизинде камсыздандырылат.

– ʏй менен унааны камсыздандырууда жаран кандай документтер менен кайсы уюмдарга кайрылуусу керек?

– Турак жайларды камсыздандырууда ʏйдʏн техпаспорту жана ал кайсы жаранга катталган болсо, ошол адамдын паспорту менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна келет. Ар бир айыл ɵкмɵттɵ мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун агенттери бар. Ош облусунун жети районунда бирден инспектор айыл ɵкмɵтɵрʏндɵгʏ агенттер менен иш алып барат. Ош шаарындагылар ʏчʏн маалымат катары айта кетейин, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан Оштогу филиалы Р.Абдыкадыров 2А кɵчɵсʏндɵгʏ “Жамбы” бизнес борборунда жайгашкан. Ошондой эле Ош шаарынын ɵзʏнʏн инспектору облустук администрациянын имаратында иш алып барат. Ар бир МАБдарда бирден агенттерибиз бар.

Автоунааларды милдеттʏʏ камсыздандырууда унаанын техпаспорту, ал кимдин атында болсо ошол адамдын паспорту жана айдоочулук кʏбɵлʏгʏ, айдоочудан сырткары айдоочулук кʏбɵлʏгʏ бар эки жаран керектелет. Эгер айдоочу унааны ɵзʏнɵ гана камсыздандырып, аны башка бирɵɵ айдап баратканда кырсык катталса компенсация тɵлɵнʏп берилбейт. Полисте аты-жɵндɵрʏ жазлылган адамдарга гана компенсация тɵлɵнɵт.

– Милдеттʏʏ касыздандыруу полиси бар айдоочу кырсыктаса эки унаанын кайсы бирине компенсация тɵлɵнɵт? 

– Кɵпчʏлʏгʏ кырсык катталса “менин унаамы тɵлɵп берет” деп ойлошот. Андай эмес, алгач МАИ кызматкерлери окуя болгон жерге барып, унаалардын кимиси кʏнɵɵлʏʏ экенин табат. Эгер айдоочунун камсыздандыруу полиси болуп, бирок кʏнɵɵлʏʏ деп табылса, ал сʏзʏп алган унаанын чыгымын гана биз тɵлɵп беребиз. Жабырлануучуга тɵлɵнʏʏчʏ сумма 750 миң сомду тʏзɵт. Ал кандай шартта тɵлɵнɵт? 150 миң сому автоунааны калыбына келтирʏʏ ʏчʏн, адам жаракат алса 100 миң сом, эгерде автоунаанын ичинде адам каза болуп калса 300 миң сом, жаш бала каза тапса 200 миң сом тɵлɵнɵт.

– Турак жайлардын чыгымын тɵлɵп берʏʏ шарттары кандай?

– Турак жай табигый кырсык болгон учурда, мисалы, 6 баллдан жогору жер титиреп, ʏйлɵр ураса же жарактан чыкса, сел учурунда ʏйдʏн ичин сел каптаса, секундасына 25 метрди тʏзгɵн шамал катталып, ʏйгɵ зыян келтирсе, адамдын ɵзʏнʏн катыштыгы жок ɵрт кырсыгы катталса чыгымы тɵлɵнʏп берилет. Эгер ɵзʏнʏн катышытыгы бар болуп, мештерди сайып, ʏйдʏн морусун тазалабай, жана башка аракеттери менен ɵрткɵ себеп болсо чыгым тɵлɵнбɵйт.

Тɵлɵп берʏʏ шарттарында, мисалы, айылдагы ʏй 4-5 бɵлмɵлʏʏ болушу мʏмкʏн. Ɵрт чыккан убакта эки бɵлмɵсʏ кʏйсɵ, ошол эки бɵлмɵнʏн чыгымын тиешелʏʏ адистер эсептеп чыгып, келтирилген чыгымга жараша сумма ʏй ээсине бир жолку банктык эсеп аркылуу которулат.

– Айыл жергелеринде, алыскы райондордо тʏшʏндʏрʏʏ иштерин бат-баттан жʏргʏзʏп турасыздарбы?

–  Ооба. Алыскы айыл аймактарга, райондорго барып айыл башчылары менен элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп келебиз. Жакында Президенттин Оштогу ɵкʏлʏ Эльчибек Жантаев Нуржадыевич менен биргеликте райондогу жашоочулар менен жолугуп, биз да тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп келдик. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Министрлер Кабинетинин “жол картасы” иш мерчеми тʏзʏлгɵн. Анын программасынын алкагында азырга чейин жер-жерлерде тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрʏʏдɵ.

– Жогоруда сɵз болгон кырсыктарда адам ɵмʏрʏнɵ да коркунуч келет эмеспи, эми ден соолукту камсыздандыруу боюнча да кыскача маалымат берип ɵтсɵңʏз?

– Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жарандарыбыздын кɵбʏ милдеттʏʏ медициналык полис (ОМС) менен ден соолукту камсыздандыруу полисин алмаштырып алышууда. ОМС ооруканага барганда зарыл документ болуп саналат. Ал эми биздин полис минималдуу 300 сомду, максималдуу 1000 сомду тʏзɵт. Мисалы, ден соолугун 300 сом менен камсыздандырган жаран жаракат алса, 30 миң сомго чейинки дары-дармеги тɵлɵнʏп берилет. 1000 сом менен камсыздандырса, 200 миң сомго чейинки сумма белгиленген. 

Айжылдыз  Тойчиева

About The Author