• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

АСМАНДЫ АРКАНДАГАН ТЕХНОЛОГИЯ

Автор:Osh Shamy

Июн 5, 2026

Казахстандагы биринчи жасалма жамгыр жана Кыргызстандын кооптонуусу

Климаттын глобалдык деңгээлде өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана суу тартыштыгы бүгүн абстракттуу теория эмес, ар бир борбор азия жаранын ойлондурган реалдуу коркунучка айланды. Мына ушундай шартта өткөн май айынын ортосунда (16-17-майда) коңшу Казакстандын Түркстан облусунда Борбор Азия аймагында биринчи жолу жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу долбоору расмий түрдө башталды. Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Улуттук метеорология борбору менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бул долбоор чөлкөмдө чоң кызыгууну гана жаратпастан, коңшу мамлекеттерде, өзгөчө суу башатында турган Кыргызстанда олуттуу суроолорду жана тынчсызданууларды пайда кылды. Эгерде бир жерде жамгыр жасалма жаадырылса, анда экинчи бир жерде кургакчылык болобу? Жаратылыштын тең салмактуулугуна мындай кийлигишүү тоолуу өлкөбүздүн мөңгүлөрүнө кандай таасир этет? Суроо көп, жооп татаал.

Түркстандагы эксперимент: Максат жана экономикалык эсеп

Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Түркстан облусундагы бул долбоор кургакчылыктын кесепеттерин жумшартууга, суу сактагычтарды толтурууга жана жалпы аянты 900 миң гектардан ашкан айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылууга багытталган. Экономикалык алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул технология жылына коңшу өлкөгө 35 миллиард теңгеге чейин пайда алып келиши мүмкүн.

Казак тарап бул багытта туруктуу тажрыйбасы бар араб адистерине таянууда. БАЭде «Жамгырды күчөтүү боюнча изилдөө программасы» (UAEREP) 1990-жылдардан бери иштеп келет жана 2026-жылдын башынан бери эле ал жакта булуттарды себүү боюнча 80ден ашык операция жүргүзүлгөн. Бирок бул жаркын экономикалык көрсөткүчтөрдүн артында бүтүндөй бир аймактын экологиялык тагдыры жатканын адистер эскертишет.

«Булуттарды себүү» деген эмне жана ал кандай иштейт?

Жасалма жамгыр жаадыруу же илимий тил менен айтканда cloud seeding (булуттарды себүү) технологиясы жаңылык эмес. Ал 1940-жылдары эле америкалык химик Ирвинг Ленгмюр тарабынан сунушталган. Технологиянын маңызы жөнөкөй: булут массаларынын ичине муз кристаллдарынын же тамчылардын пайда болушун тездетүүчү химиялык заттар (реагенттер) киргизилет.

Бул үчүн негизинен төмөнкү заттар колдонулат:

  • Күмүш иодиди – муз кристаллдарын жасалма түзүүчү негизги зат;
  • Кургак муз (көмүр кычкыл газы) – булуттун температурасын кескин түшүрүү үчүн;
  • Пропан жана атайын туздар.

Бул химиялык реагенттер булуттарга атайын жабдылган учактар, ракеталар же дрондор аркылуу чачылат. Процесс үч этаптан турат: адегенде булуттун түрү жана нымдуулугу тандалат, андан соң реагент жеткирилет жана акыркы этапта аба ырайынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлөт. Эгерде баары так аткарылса, жаан-чачындын көлөмүн 10-15 пайызга чейин көбөйтүүгө болот. Бирок, Казгидрометтин адистери өздөрү моюнга алгандай, дүйнөдө жок жерден булут пайда кыла турган технология азырынча жок. Бул болгону бар болгон булуттун нымдуулугун мөөнөтүнөн мурда же мажбурлап жерге түшүрүү болуп саналат.

Кыргызгидрометтин позициясы: Илимий күмөн жана реалдуулук

Коңшу өлкөдөгү бул окуяга карата Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы «Ош шамы» редакциясына өзүнүн расмий билдирүүсүн билдирди. Ата мекендик синоптиктер жана окумуштуулар аба ырайына мындай жасалма таасир этүүгө өтө этияттык менен мамиле кылууда. Кыргызгидрометтин корутундусунда бир нече маанилүү жагдайлар баса белгиленген:

Биринчиден, бул технологиянын натыйжалуулугу боюнча дүйнөлүк илимий чөйрөдө бирдиктүү пикир жок. Изилдөөлөр дагы деле уланууда.

Экинчиден, азыркы учурда Кыргызстанда мындай технологияларды колдонуу боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынган эмес. Биздин шартта бул маселе экологиялык аспектилерди комплекстүү кароону талап кылат.

Үчүнчүдөн жана эң негизгиси, Кыргызстандын аймагында батыш аба агымдары басымдуулук кылат. Теориялык жактан алганда, батыштан келген нымдуу аба массалары Казакстандын үстүнөн жасалма түрдө «саап» алынса, анда биздин аймактарга, анын ичинде Фергана өрөөнүнө жана Ош облусунун тоо этектерине келе турган нымдуулуктун бөлүштүрүлүшү өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, жалпы синоптикалык процесстер жана жаан-чачындын калыптанышы негизинен ири масштабдагы атмосфералык процесстердин жана биздин бийик тоолуу рельефтин таасири астында болот.

Ошондой эле, кыргыз адистери акыркы кездери катталып жаткан сел же башка табигый кырсыктарды түздөн-түз жасалма жамгырга байланыштырууга азырынча так илимий далилдер жетишсиз экенин, табигый кырсыктар көптөгөн жаратылыш факторлорунан, өзгөчө климаттын глобалдык жылышынан келип чыгып жатканын белгилешет.

Экологиялык чек аралар: Суу башатындагы Кыргызстандын кооптонуусу

Бул маселеге коомдук жана саясий ишмерлер да катуу тынчсыздануу менен үн кошушту. Суу жана климат маселелери боюнча өз пикирин билдирген Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров атмосфералык процесстерге каалагандай масштабдуу кийлигишүү бир өлкөнүн чегинен тышкары да кесепеттерди алып келерин баса белгиледи.

«Жаратылышта эч нерсе жок жерден пайда болбойт жана эч кайда жок болуп кетпейт. Атмосфера, аба агымдары, нымдуулук, мөңгүлөр жана жаан-чачындар бирдиктүү, өз ара байланышкан системаны түзөт. Эгерде бир жерде жасалма түрдө кошумча суу пайда болсо, анда башка бир жерде ал азайып кетиши мүмкүн», — дейт экс-премьер-министр.

Бул маселе өзгөчө Кыргызстан, анын ичинде биздин Түштүк аймагы – Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн өтө сезгич. Себеби, биздин аймак Борбор Азиянын негизги суу ресурстарын калыптандыруучу «суу мунарасы» болуп саналат. Бүгүнкү күндө эле биздин мөңгүлөрүбүз тездетилген темп менен кыскарууда. Дарыялардын, Памир-Алай тоо кыркаларындагы көлдөрдүн абалы жана жалпы суу балансы нымдуулуктун жана жаан-чачындын табигый циркуляциясынан түздөн-түз көз каранды. Эгерде коңшу аймактарда атмосферага жасалма таасир этүү масштабдуу түрдө туруктуу колдонула баштаса, анын узак мөөнөттүү кесепеттери бүткүл Борбор Азиянын, өзгөчө тоо экосистемаларынын кургакчылыкка кабылышына алып келиши мүмкүн.

 «Суу жана экология чек араны тааныбайт»

Кыргызстан бүгүнкү күндө өзүнүн узак мөөнөттүү экологиялык жана стратегиялык кызыкчылыктарын ырааттуу коргоого тийиш. Биздин аймактын суу балансын сактап калуу үчүн төмөнкү кадамдардын тез арада жасалышы зарыл деп эсептешет серепчилер:

  • Эл аралык мониторинг: Коңшу өлкөлөрдөгү климатка жасалма таасир этүү технологияларынын колдонулушуна биргелешкен көзөмөл орнотуу.
  • Трансчегаралык илимий баа берүү: Казакстандагы булуттарды себүү иштеринин Кыргызстандын мөңгүлөрүнө жана аба агымдарына тийгизген таасирин биргелешкен илимий топтор аркылуу изилдөө.
  • Аймактык коопсуздук келишимдери: Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда көзөмөлсүз климаттык таасирлерди чектөө жана табигый суу балансын коргоо боюнча эл аралык келишимдерди түзүү.

Биздин Ош шаары жана жалпы облус үчүн да бул маселе маанилүү. Ак-Буура дарыясынын, өрөөндөгү миңдеген гектар пахта, тамеки, жашылча-жемиш талааларынын тагдыры дал ушул тоолорго жааган кар менен жамгырдын көлөмүнөн көз каранды. Эгерде коңшулар асманды «тосуп», булуттарды өз тарабына сиңирип ала турган болсо, анда биздин сугат суу маселебиз ого бетер курчушу мүмкүн.

XXI кылымда суу жана экология — бул экономикалык туруктуулук, азык-түлүк коопсуздугу жана мамлекетибиздин келечектеги өнүгүүсү. Экология, суу жана мөңгүлөр мамлекеттик чек араны тааныбайт, демек, чечимдер да биргелешкен жоопкерчиликтин жана узак мөөнөттүү аймактык мамиленин негизинде гана кабыл алынышы шарт. Адамзат технологиянын күчү менен асманды аркандап, жамгырды башкарууну үйрөнгөнү менен, жаратылыштын катаал мыйзамдарын жана анын тең салмактуулугун унутпашы керек.

Айнура Валижанова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *