• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Жанарбек Акаев: «Жумушту кечиктиргендерди четинен жумуштан алабыз!

Автор:Osh Shamy

Июн 11, 2026

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин акыркы аптадагы ишмердүүлүгү кандай окуялар менен эсте калды? Калаа башчысы таң атпай өз короосунан гүл кыркып, мугалимдерге эмне үчүн алпарганын, шаардагы эң ири эстакадалык көпүрөнүн курулушу качан жыйынтыкталарын жана эл аралык аэропортко барчу жолдогу автотыгындарды чечүү иштерин жеринен текшерди. Тездик, сапат жана келечек муунга болгон кам көрүү — мэрдин акыркы жумадагы башкы көңүл борборунда. Төмөндөгү репортажыбызга назар салыңыз.

«Ош шаары силерге ишенет!»

29-май күнү таң атпай өзүнүн короосунда калаа башчы убарачылык тартып жатты. Жакыныраак барсак, Жанар Акаев: «Бүтүрүү кечесинде балдарга билим берген мугалимдерге өз колум менен жакшынакай кылып туруп гүл букет жасап берели деп жатабыз. Мына, деп туруп мугалимдерге ушуну беребиз. Акем, эжемдин жардамы менен мына ушундай букет жасалды, өз колубуз менен, базардан сатып албайбыз», — деди. Андан соң шаар мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы №58 «Ак-Буура» мектебининин «Акыркы коңгуроо» аземине карай бет алды. Мектептин кире беришинен букет менен чуркап тосуп алган кичинекейлерге: «Ой, азамат, кызым! Кандайсыңар, мугалимдер? Ой, азаматтар!» — деп кайрылды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы №58 «Ак-Буура» мектебининин «Акыркы коңгуроо» аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. 225 орунга ылайыкталган мектепте бүгүн 425 окуучу билим алат, аларды 35 мугалим окутат.

Ж. Акаев өз сөзүндө:

«Мына, бүгүн таң атпай туруп өзүм жашаган үйдөн гүлдөрдү кырктым, ушул мектептин мугалимдерге гүл алып барайын деп. Эми кымбаттуу ата-энелер, мугалимдер, урматтуу бүтүрүүчүлөр, бүгүн силерге өмүрүңөрдөгү эң маанилүү күн болуп турат. Себеби акыркы коңгуроо кагылып, мектептин эшиги жабылып жатканы менен силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат. Ош шаары силердей жаштар менен сыймыктанып турат. Тарыхы терең, руху күчтүү шаарда билим алдыңар», — деп бүтүрүүчүлөргө ак жол тиледи.

Калаа башчысы өз сөзүндө кошумчалап: «Бүгүн мектептин эшиги жабылып жатканы менен, силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат.  Араңарда келечектеги дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар, министрлер отурат. Балким, келечекте Ошту дүйнөгө тааныткан адамдар чыгат», — деди.

Ошондой эле, шаар башчысы ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сюрприз күтүп жатканын айтты. Сөзүнүн аягында мэр өзүнүн короосунда өстүргөн гүлдөрдөн букет жасап келгенин айтып, мектеп мугалимдерине тапшырды. «Бул гүлдөр — сиздердин эмгегиңиздерге болгон таазимим», — деди ал.

Салтанат акыркы коңгуроону кагуу менен жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарында 12 208 окуучу мектепти бүтүрүп жатат, анын 3 146сы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Бир күн кечиксең – чара көрүлөт : эстакадагы катуу талап

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Жанарбек Акаев шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жумуштарды ыкчам жүргүзүп, белгиленген мөөнөттү сактоону тапшырды. Ошондой эле, канализация түйүндөрүн, электр чубалгыларын жана башка инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштерин кечиктирген жооптуу мекеме-ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 354, туурасы 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн алдындагы айланма жолду көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана заманбап жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери да жүргүзүлөт. Аталган объект шаардагы жол тыгындарын азайтып, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Жанар Акаев: «Азыр бизден, кудай буюрса, 33 метрлик балкалар чыгып баштады. Мындан ары эми эки жактан албай, Оштон алабыз. Өзүбүздөн, туурабы? Мурда Өзбекстан, Казакстандан алып келчү элеңер да. Азыр иш кандай кетип жатат эми бул жерде?» — деп суроо салды.

Айбек Бактияр уулу, “Оомат” ЖЧКсынын директору: «Балкаларды коюп жатабыз, арматурасын токуп, бетон иштерин, плиталарды куюп жатабыз», — деп жооп берди.

Жанар Акаев курулуш аянтчасындагы жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмаларды берди: «Жана курулуш башкармалыгынан жер астынан, жер үстүнөн өтчү өтмөктөрдүн долбоорлорун алыңыздар. Анан моо электр чубалгыларын РЭТ жылдырып бериш керек эле да. Ал эмнеге кечигип жатат? Ушуну эртең, дүйшөмбүдөн баштасын. Бир күн жумушту кечиктиргендин тизмесин бересиңер, болду, биз аларга чара көрөбүз. Четинен жумуштан алабыз.  Бул чоң долбоорду токтотпош керек да. Эгемендик күнүнө биз элге тапшырабыз. Эми чындыгында Гапар Айтиев менен Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампа жол болот. Эстакадалык көпүрөбүздүн бир аз кечиндегени чын, бул жагынан шаардыктардын бизге болгон сын-пикири туура. Анткени муну долбоорлоо, келишим маселелеринде бир аз кемчилик чыгып, Курулуш министрлиги өзү жоопкерчиликке алган. Министр муну тыкыр көзөмөлдөп, акча каражаты да чечилип, кудай буюрса, иш күчөдү, көзөмөл биз тараптан күчөдү. 31-август — Эгемен күнүнө жакшынакай кылып туруп ушул жерде эстакадалык көпүрөнү пайдаланууга беребиз. Мындан ары бир күн да тыным болбойт. Шаардыктарга бир аз ыңгайсыздык жаралды. Мына карасаңыз, автотыгын пайда болду. 30-августка чейин Осмонов көчөсүн да асфальттоо бүткөрүлүп, мындан ары бул жерде ыңгайсыздык жаралбайт».

Аэропортко жетүү жеңилдейби? Жаңы жолдон үмүт чоң

Ош шаарындагы Суранчы Жетимишов көчөсүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды. Оңдоло турган жолдун эки тарабында тротуар, жашылдандыруу, ирригациялык лотоктор каралган. Эске салсак, бул көчө буга чейин автоунаа үчүн өтө тар болуп, четинде тротуар каралган эмес.

Жумуш ыргагынан мэр Жанарбек Акаев кабар алып, ишти тездетүүнү, сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Ал бул жол бүткөрүлсө, «Ош» эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөр тыгынсыз, оңой барып калаарын, шаардагы автотыгын азая турганын айтты.

Жолдор башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Чоноев иштин жүрүшүн төмөндөгүчө түшүндүрдү:  «Жанарбек Кубанычевич, бул — Ош шаарынын Жетимишов көчөсү. Искак Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки аралыкта жолдун капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул көчөдө лоток болгон эмес, жаңы лоток коюп жатабыз. Тротуар жок эле, тротуар кылып жатабыз жолдун эки тарабына 1 жарым метрден. Башталышы мына  Раззаков көчөсүнөн башталат, асфальтты сыйрып алдык. Азыркы учурда суу түтүкчөлөрүн алмаштырып жатабыз».

Мэр Жанарбек Акаев курулуштун сапаты жана комплекстүү жүрүп жаткандыгы тууралуу мындай деди: «Мына, эң жакшы ушул болуп жатат да. Биз бардык жолдорду жасаганда шашпастан суу түтүкчөлөрүн кошо алып кетип жатабыз, ошол жакшы. Бүт баарын көрүп чыктым. Асфальтты коюп алып, анан кийин кайра «суу түтүктөрүн алмаштырабыз» деп чыккан учурлар да болуп жүрчү да. Азыр жакшы жери — суу түтүктөрүн кошо алып кетип жатканыбыз. Урматтуу шаардыктарга туура түшүндүрүшүбүз керек. Анча-мынча ыңгайсыздык болот, албетте. Мына, эми бул жерде жакшынакай кылып зыңгыраган жолду кылабыз дагы, анан биз Ош көчөсүн кеңейтебиз. Кеңейтип, Ош көчөсүн аэропортко чейин алып барабыз, ошондо мына бул жакта системалуу иш болот да. Ош көчөсү кенен болуп, аэропортко баруучулар үчүн автотыгынды ушинтип азайтабыз. Сапатын жакшы карап, лотоктору менен жанагы суу түтүкчөсүн тартып, жакшынакай кылып алып кетсек, анан өз убагында тез, сапаттуу кылып бүтүрүшүбүз керек. Бизде күнүгө жолдор курулуп жатат, күн сайын. Акча каражатына президентибиз да жакшы жардам берип жатат. Мына ушунун баары шаардын жолдорун жакшыртууга чоң салым болуп жатат».

Дооран Токтошев

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *