2026-жылдын 8-июну өлкөбүздүн түштүк борбору болгон касиеттүү Ош калаасынын жана жалпы Ош облусунун тургундары үчүн өзгөчө, тарыхый жана өтө кубанычтуу күн катары жылнаамага алтын тамгалар менен жазылып калды. Дал ушул күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарына жумушчу сапары менен келип, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулуп бүткөн заманбап “Асман Резиденс — 1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Бул иш-чара миңдеген карапайым жарандардын көп жылдык кусалык менен күткөн кыялынын орундалышы, ошондой эле мамлекеттин өз элине, келечек муунга болгон чыныгы камкордугунун реалдуу далили болду. Салтанаттын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаңы батирлердин ээлерине ачкычтарды өз колу менен тапшырып, ар бир үй-бүлөнүн кубанычына, толкундануусуна ортоктош болду.

Элдин көйгөйү – мамлекеттин көңүл борборунда
Президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада терең маанилүү сөз сүйлөп, эң алды менен Ош шаарынын тургундарын жана жалпы эле кыргызстандыктарды жаңы үйлүү болушу менен чын дилинен куттуктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындан эки ай мурда облустун райондорунун жашоочулары менен болгон бетме-бет жолугушууларды, андагы ачык баарлашууларды эске салды. Ошол кездеги эл менен болгон жандуу диалогдордо калк тарабынан эң көп көтөрүлгөн, эң курч жана чечилиши кечиктирилгис маселелердин бири дал ушул жеткиликтүү турак жай маселеси болгонун баса белгиледи. Мамлекет башчысы элдин үнүн угуп, бул көйгөйдү жеке көзөмөлүнө алып, аны чечүүнүн конкреттүү, практикалык жолдорун ишке ашырып жатканы бүгүнкү күндө реалдуу натыйжаларды бере баштады.
Рекорддук темп: Өлкө боюнча 82 миң батирдин курулушу
Президент Садыр Жапаров куру убадалардын жана куру декларациялардын заманы артта калганын, эми реалдуу иштердин, чоң секириктердин мезгили келгенин белгиледи.
“Мамлекеттин эң негизги жана ыйык милдеттеринин бири – бул үйгө муктаж жарандарды, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдү, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтүү, ошол эле учурда сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу деп биз дайыма айтып келебиз жана ушул багытта чечкиндүү иш алып баруудабыз”, — деди Президент.Ал өз сөзүндө: “Айткан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып, бүгүнкү күндө өлкөбүздө турак жай куруу мурда эгемендүүлүк жылдарында таптакыр болуп көрбөгөндөй масштабдуу темп менен жүрүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр”, — деп кошумчалады. Бюджеттин каражатын туура бөлүштүрүү жана коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык программалар өлкөбүздүн бардык аймактарында кулач жайды. Жалпысынан 82 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат.
Курулуштун сапаты жана жарандардын жоопкерчилиги
Сөз учурунда Мамлекет башчысы курулуш иштеринин көлөмү гана эмес, анын сапаты да биринчи орунда турушу керектигин катуу эскертти. Ал курулуш иштерине болгон көзөмөл кескин түрдө күчөтүлүп, ар бир объект катуу текшерүүгө алынып жатканына коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурду.
Ушул тапта Каракол шаарындагы жаңы курулган турак жайдын чатырынан жамгыр суусу агып жатканы тууралуу жакында эле социалдык тармактарда тараган окуяга токтолуп, Садыр Жапаров бул маселеге реалдуу жана объективдүү баа берди. Ошону менен бирге ал көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды мамлекет куруп берген үйлөргө өтө этият, сарамжалдуу жана аяр мамиле кылууга чакырды. Өзгөчө канализация түйүндөрүн, суу түтүктөрүн ар кандай турмуш-тиричилик таштандылары менен толтурбоого, жалпы мүлктү көздүн карегиндей сактоого үндөдү.
“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да”, — деп ачык жана так белгиледи Президент.

“Жашообуз «до» жана «после» болуп экиге бөлүндү…”
Бул тарыхый күндүн эң толкунданткан жаркын көз ирмемдери — Мамлекет башчысынын колунан түз ачкыч алган үй-бүлөлөрдүн көз жашы жана кубанычы болду. Өз бактысы жана басып өткөн жолу менен тең бөлүшкөн 5 баланын энеси Айымгүл Боркошованын ар бир сөзүнөн чексиз ыраазычылык сезими төгүлүп турду.

Айымгүл айым жолдошу экөө тең өлкөнүн келечеги болгон жаштарга билим жана тарбия берүү тармагында талыкпай эмгектенишет. Алар — Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кадырлуу, ак ниет кызматкерлери. Чындыгында, билим берүү кызматкерлери үчүн өз алдынча үй сатып алуу узак жылдар бою чоң маселе жаратып келген.
“Балдарымдын сүйүнүчүн көрүп, өзүмдү жоготуп коё жаздадым”
“Үйүбүзгө алгач киргендеги эмоцияны дагы деле унута элекмин,” — деп Айымгүл айым көзүнө жаш тегеретип эскерет. — Жаш балдардын сезими, кубанычы сыртында болот эмеспи, алар эч нерсени жашыра алышпайт. Босогону аттаганда эле көз алдымда 3 уулум менен 2 кызымдын кубангандан сүйүнүп, бөлмөлөрдү кыдырып чуркап, секиргени турду. Ошолордун бактылуу көздөрүн көрүп, эне катары жүрөгүм элжиреп, ушунчалык кубандым. Кубанычтан ыйладым.
Биздин Ош шаарында өз үйүбүз жок болгондуктан, бул маселе биздин үй-бүлөбүз үчүн абдан курч көйгөй эле. Жолдошум экөөбүз ОшМУнун кызматкерлери болгондуктан, ишибизге алаксып, бирок дайыма өз очогубуз болсо, балдарыбыз өз бөлмөсүндө сабак окуса деп кыялданчубуз. Мындан 2 жарым жыл мурун Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке турганбыз. Кудай насип кылып, ушул жылы Президентибиздин өз колунан ачкыч алуу бактысы биздин үй-бүлөгө буйруптур. Биздин тарыхты, биздин үй-бүлөнү тандап, ушул кубанычты тартуулаганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бардык кыйынчылыктар, батир издеген күндөр артта калды. Биздин жашообуз ушул күндөн тарта «до» жана «после» болуп экиге бөлүндү! Ошондой эле, учурдан пайдаланып бизге ар тараптан колдоп келген Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине да терең ыраазычылык айтып кетким келет.”
Президенттин жөнөкөйлүгү жана МИКке болгон бекем ишеним
Салтанат учурунда Айымгүл Боркошованын аты аталып, бүтүндөй элдин алдында сахнага чакырылгандагы сезимдери таптакыр өзгөчө болгонун жашырбайт:
“Тепкичтен өйдө чыгып бара жатканда ушунчалык толкундандым… Ишенип-ишенбей, «Чын эле менби? Чын эле мени менен ушундай керемет окуя болуп жатабы?» деп денем калтырап кетти. Бирок Президентибиз Садыр Нургожоевич өтө жөнөкөй, улуу адам экен. Видеолордон да көрүнүп турат, биз ал киши менен бир мүнөткө жакын кадимкидей ачык-айкын, абдан жылуу баарлашып турдук. Ал биздин абалыбызды, жумушубузду сурады. Бул анын элге жакындыгы, карапайымдыгы деп баалайм.
Биз кезек менен үй алабыз деп буга чейин абдан катуу ишенгенбиз. Анткени мамлекеттин азыркы саясатын, Бишкекте, Токмокто, Жалал-Абадда МИКтин үйлөрү кандай тапшырылып жатканын интернеттен, социалдык тармактардан ачык-айкын көрүп жүргөм. Ошондуктан башынан эле чоң ишеним пайда болгон. Азыр ойлонуп, кезек күтүп жаткан мекендештериме, кесиптештериме айтарым: эч күмөн санабаңыздар, кезегиңиздер келсе эле сөзсүз үйлүү болосуздар!”

Жаңы конуштун шарттары кандай?
Каарманыбыз өзүнүн жаңы батири жана «Асман Резиденс — 1» комплекси тууралуу суктануу менен төмөнкүлөрдү бөлүштү:
“Комплекстин локациясы, шаардагы жайгашкан орду абдан сонун, ыңгайлуу жерде экен. Батирлердин пландалышы (планировкасы) да абдан акылдуулук менен иштелип чыккан. Бөлмөлөрү кенен, терезелери чоң болгондуктан, үй ичи жарык. Лифттери заматта жана абдан коопсуз, жакшы иштейт экен. Сыртта балдар ойной турган аянтчасы абдан чоң, заманбап жана кенен салынган. Кыскасы, кирип эле жашаганга бардык шарттар толугу менен жогорку деңгээлде түзүлгөн.”
“Ош шамы” гезитинин жалпы жамааты да Айымгүл айымдын, анын үй-бүлөсүн, ошондой эле бардык жаңы конуш ээлерин чын жүрөктөн куттуктайт! Ар бир очокто жакшылыктар, бакыт-таалай жана балдардын шайыр күлкүсү гана жаңырып турсун. Мамлекетибиздин өнүгүү жолундагы мындай ири долбоорлор улана берсин! Көчүбүз түзөлсүн, келечегибиз кең болсун!
Айнура Валижанова
