• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Бөлмө гүлдөрүнө туура кам көрүүнүн сырлары

Автор:Osh Shamy

Сен 2, 2026

Жашыл жаратылыш адам баласынын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Ал абаны тазалап, азык-түлүк, курулуш материалдарын берип, көлөкө жана кооздук тартуулайт. Ал эми үйдө өстүрүлгөн гүлдөр бөлмөнүн көркүн ачып, айланасын жандандырып турат. Бөлмө өсүмдүктөрүнө туура кам көрүү боюнча адистер бир катар пайдалуу кеңештер менен бөлүштү.

Биология мугалими Атыргүл Мадазимова:
“Ачылган гүлдөрдү жаш баланы эркелеткендей сүйлөшөм”


– Гүлдөр да айлана-чөйрөнүн таасирин сезеби?

– Окумуштуулардын айтуусуна караганда бөлмөдө жакшы маанай болсо, өсүмдүктүн клеткаларындагы цитоплазманын кыймылы да ошого жараша өзгөрөт. Ал эми бөлмөдө дайыма уруш-талаш болуп турса, өсүмдүктүн клеткаларындагы процесстер да начарлашы мүмкүн. Музыка коюп койгондо өсүмдүктөрдүн цитоплазмасындагы клеткалардын кыймылы жайлап, өзүнчө бир ырахат алгандай таасир калтырат. Мен ачылган гүлдөрдү жаш баланы эркелеткендей сүйлөшөм. “Сенден кийинки гүл кичинекей болсо да гүлдөп кетти, сен болсо отурасың” деп ардантып коём. Ошол сөздөн кийин гүл ачылып кеткен учурлар болгон. Бул жөн гана дал келүүбү же чындап эле сөздү түшүнөбү, айтор, аны түшүндүрүп бере албайм.

– Гүлгө идишти туура тандоо маанилүүбү?

– Чоң өсүмдүктү өтө кичинекей идишке отургузуу тамырынын кысылышына алып келип, өсүмдүк соолушу мүмкүн. Ал эми кичинекей гүлдү дароо эле өтө чоң идишке көчүрүү да туура эмес. Анткени чоң идиште топурак жай кургап, ашыкча нымдан улам тамыр чирип кетиши ыктымал.
Өсүмдүк көчүрүлө турган идиш мурунку идиштен болжол менен 2–4 сантиметр гана чоңураак болгону жакшы. Идиштин түбүндө сөзсүз түрдө суу агып чыга турган тешик болуусу шарт.

– Гүлдү кантип туура сугаруу керек?

– Гүлдөрдүн баарына бирдей өлчөмдө суу куюуга болбойт. Кээ бир өсүмдүк бир жумада бир жолу суу ичсе, айрымдары күн сайын сууну талап кылат. Бул өсүмдүктүн өзөгүнө, бутагына жана жалбырагынын калыңдыгына байланыштуу. Жалбырагы жука өсүмдүктө суу аз топтолот, ошондуктан ал бат-баттан суу талап кылышы мүмкүн. Ал эми жалбырагы калың өсүмдүктөр сууну узагыраак кармайт. Ашыкча суу да гүлгө зыян. өсүмдүк өзүнө керектүү сууну сиңирип алгандан кийин ашыкча ным тамырда калып, чирип калуу коркунучу бар. Бул гүлдүн соолушуна, жалбырактарда тактардын пайда болушуна жана саргайышына алып келет. Гүлдү бийиктен шаркыратып куюу да туура эмес. Сууну топурактын түбүнө акырындык менен куйган туура болот. Айрым учурда идиштин алдындагы табакчага суу куюп, өсүмдүктүн өзүнө керектүү өлчөмдөгү нымды төмөн жактан сиңиришине шарт түзсө болот. Гүлдү күндүн эң ысык мезгилинде, тактап айтканда, чак түш маалында сугарбаган оң. Себеби ысып турган топуракка муздак суу куюлганда өсүмдүктүн тамырына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле крандан жаңы алынган сууну дароо гүлгө куюу сунушталбайт. Кран суусунун курамындагы хлор өсүмдүккө терс таасир этиши мүмкүн. Сууну идишке куюп, бир-эки күн тыныктырып туруп пайдаланса жакшы. Сугаруунун алдында идиштеги топурактын абалын текшерүү керек. Эгер үстүңкү 2–3 сантиметр катмары кургаган болсо, өсүмдүккө суу берүү убактысы келгендигинин белгиси болот.

– Гүлдүн жалбырактары эмне үчүн саргаят?

– Жалбырактардын саргайышына суунун ашыкча же жетишсиз берилиши менен катар күндүн түз тийиши, азык заттардын жетишсиздиги жана зыянкечтер себеп болушу мүмкүн. Темир, азот, магний сыяктуу элементтер жетишсиз болсо, өсүмдүктүн өсүшү начарлап, жалбырактарынын түсү өзгөрөт. Мындай учурда өсүмдүктүн түрүнө ылайыктуу атайын жер семирткичтерди колдонуу зарыл.
Өсүмдүктүн тамырында майда зыянкечтердин, курт-кумурскалардын пайда болушу да анын соолушуна алып келет. Гүлдүн ордун бат-баттан алмаштыруу да туура эмес. Айрыкча айрым өсүмдүктөр жаңы жерге көнүп калган учурда ордун улам өзгөртүү жалбырактарынын түшүшүнө алып келет. Сквозняк да бөлмө гүлдөрүнүн душманы.
Бөлмөдө гүлдү каалаган жерге эле коюп коюуга болбойт. Айрым өсүмдүктөр түз тийген күндү жакшы көрсө, кээ бирлери көлөкөдө же жарым көлөкөдө жакшы өсөт.
Мисалы, “Эркек бактысы” жана “Аял бактысы” деп аталган гүлдөр өтө жарык жерди каалабайт. Жарым көлөкөлүү жерде, чыгыш же батыш тарапты караган терезенин алды аларга ылайыктуу. Ал эми фикус жарыкты сүйөт.

– Гүлдү азыктандыруунун жолдорун айтып өтсөңүз..

– Үй шартында өсүмдүктөрдү ар кандай кошулмалар менен азыктандыруу ыкмалары бар. Алардын арасында аспирин кошулган суу, сүт же айрандын суюлтулган аралашмасы, кант, жумуртка бышырылган суу, банандын кабыгынан даярдалган суу жана ачыткы аралашмасы бар. Бирок мындай каражаттарды бардык өсүмдүккө бирдей колдонууга болбойт. өсүмдүктүн түрүн жана анын муктаждыгын эске алуу маанилүү. Адис айткандай, гүлгө эмне керек экенин билбей туруп, ар кандай аралашмаларды өз алдынча бере берүү тескери натыйжа бериши мүмкүн.

Сатыкта эң көп суроо-талаптагы гүлдөр
«Бакыт гүлү» гүл дүкөнүнүн негиздөөчүсү Азамат Баитов сатыкта эң көп суроо-талап болгон гүлдөрдү тизмектеди:

– Кардарлар кайсы гүлдөрдү көп тандашат жана интерьерди кымбат көрсөтө турган гүлдөр кайсылар?

– Учурда кардарлар арасында үйгө ылайыктуу бир нече өсүмдүк өзгөчө популярдуу. Алардын сап башында спатифиллум турат. Гүлү кооз болгондуктан үй шартында көп тандалат. Экинчи орунда замиокулькас. Аны багуу салыштырмалуу жеңил болгондуктан үйгө да, кеңсеге да көп алышат.Монстера чоң жалбырактары менен интерьерге өзгөчө көрк берет. Ал эми ачылган гүлдөрдү жаш баланы эркелеткендей сүйлөшөм. Бешинчи орунда сансевиерия турат. Бул өсүмдүк чыдамкайлыгы жана кам көрүүгө жеңилдиги менен айырмаланат. Ал эми үйдүн интерьерин өзгөчө көрсөтүү үчүн сөзсүз эле кымбат гүл сатып алуунун кажети жок. Туура тандалган өсүмдүк жана ага ылайыктуу кооз гүл челек бөлмөнүн көрүнүшүн өзгөртө алат. Замиокулькас, стрелиция жана аглаонеманы сунуштамакмын.Замиокулькас калың, жылтырак жалбырактары менен өзгөчө көрүнөт жана көп суу талап кылбайт. Стрелициянын чоң жалбырактары үйгө тропикалык маанай берет. Ал эми аглаонема жалбырактарындагы өзгөчө түстөрү менен интерьерге көрк кошот.



– Күн тийген терезеге кайсы гүлдөр ылайыктуу?

– Күн тийген терезеде өстүрүүгө жарыкты сүйгөн өсүмдүктөрдү тандаган туура.
Мисалы, бугенвиллия күндүн нуру көп тийгенде жакшы гүлдөйт. Пеларгония же герань да жарыкты жакшы көрүп, күнөстүү жерде мол гүлдөйт. Мындан тышкары, суккуленттер менен кактустар да жарык жерди жактырышат жана сууну көп талап кылбайт.

– Гүлгө чай, кофе жана жумуртканын кабыгын берсе болобу?

– Бул маселеде этият болууга чакырам. Бөлмө гүлүнө чайдын калдыгын, кофе же жумуртканын кабыгын жөн гана пайдалуу деген түшүнүк менен бере берүү туура эмес. Алгач гүлгө эмне керек экенин аныктап, андан кийин гана азыктандыруу керек. Туура эмес колдонулган кошулмалар тескерисинче өсүмдүккө зыян келтирип, топуракта бактериялардын көбөйүшүнө, тамырдын чиришине жана гүлдүн өлүп калышына алып келиши мүмкүн.

– Гүл сатып алууда оорулуу өсүмдүктү кантип аныктайбыз?

– Гүл сатып алууда анын сырткы көрүнүшүнө жакшылап көңүл буруу керек. Жалбырактары саргайып, кара тактар пайда болуп, бүктөлүп же соолуп турса, албаган оң. Жалбырактын астын да сөзсүз карап чыгуу зарыл. Ал жерде майда курт-кумурскалар, ак үлпүлдөк же желе сымал жипчелер болсо, өсүмдүктө зыянкечтер болушу мүмкүн. Сабагы өтө жумшак, карарып же чирип турган гүлдү сатып алуу сунушталбайт. Топурагы өтө нымдуу, жагымсыз жыт же үстүндө көгөргөн катмар пайда болгон болсо, өсүмдүктүн тамырында көйгөй болушу мүмкүн. Жалбырактары тик, түсү бир калыпта, жаңы бүчүрлөрү чыгып келе жаткан өсүмдүк көбүнчө дени сак болот.

Айнура Валижанова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *