Шаарга жылуулук аба ырайынын температурасы 8 градустан төмөн болуп, 4-5 күн кармалса бериле баштайт. Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык өз убагында жүрүп жатат. Азыркы тапта 30 миң тоннага жакын көмүр кампаларга түштү. Калаа тургундары аны 35 муниципалдык сатуучу жайдан алышса болот. Кара алтындын баасы маркасына жараша сатылууда. Калаага көмүр Ноокат, Кара-Суу жана Алай районунан ташылып келүүдө. Мындан сырткары, Нарын облусунан дагы кара алтын ташылууда. Шаарда 700дөн ашуун көп кабаттуу үй, 50 миңден ашуун жер үй бар. Алардын басымдуусу көмүр менен жылытылса, калганы газ жана электр энергиясын колдонушат. Ош шаарынын бир жылдык көмүр керектөөсү 96 миң тонна. Калаанын кышка даярдыгы боюнча тиешелүү адистерден жооп алдык.

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев:
“Жылытуу сезону ар дайым мэриянын көзөмөлүндө”
— Эрнис Мукашбекович, Ош шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай болуп жатат? Жылытуу тармагындагы материалдык-техникалык база боюнча айтсаңыз.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылды 9-июнундагы № 404 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан келе жаткан жылытуу сезонуна өз убагында даярдык көрүү үчүн иш-чараларды бекитүү жөнүндө 2026-жылдын 18-июнундагы № 701 токтому кабыл алынган. Токтомдун негизинде шаардык штабдын курамы даярдык иштерин жүргүзүп жатат. “Ош шаарынын жылуулук электр борбору” жана “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасы бүгүнкү күндө активдүү иштеп жатат. “Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын балансында узундугу 60,8 км. анын ичинде: магистралдык- 29 925 км, кварталдык- 30 939 км. жылуулук тармактары бар. “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын 111 отканасы бар, алардан 21 откана электр отунунда, 90 откана көмүр отуну менен жылытылат. Ал эми жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактары 73,5 км түзөт.
-Аба ырайынын төмөндөөсүнө электр тармагы даярбы?
-Ош, Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканаларынын аткарып жаткан иштеринин негизинде 2026-жылдын 1-сентябрына карата тапшырмада көрсөтүлгөн кубаттуулугу 6-10-0,4 кВ ТП, КТП болгон 86 даана трансформатор оңдоодон, 735 даанасы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Кубаттуулугу 6-10 кВ болгон 27,6 км. аба чубалгылары оңдоодон жана кубаттуулугу 0,4 кВ болгон 559,6 км аба чубалгылары жана кубаттуулугу 6-10 кВ болгон 309,8 км аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Капиталдык куруу жана реконструкциялоо боюнча кошумча 5 даана 6-10/0,4 кВ ТП, КТП орнотулуп, 9 трансформатор алмаштырылды. Ошондой эле 12,19 км аба чубалгысы, 6,97 км СИП өткөргүчтөрү жана 7,2 км кабельдик чубалгы курулуп, реконструкцияланды. Ал эми бюджеттик мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине жана жергиликтүү муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, берилген лимитти сактоо боюнча түшүндүрүлүп, электр энергиясын жарыктандыруу үчүн гана колдонуу керектиги, жер үйдү жылытуу жана башка максаттарга отундун башка түрлөрүн (көмүр, отун, газ) пайдалануу сунушталып, милдеттендирилген.
-Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин жылытуу боюнча айтсаңыз.
-Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 141 мекеме 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүп жатат. 700 тонна көмүр даярдоо пландалып, 2026-жылдын 7-октябрына карата көмүрдүн 470 тоннасы ташылды. Саламаттыкты сактоо тармагындагы 47 мекеме да 189 тонна көмүр даярдоо каралып, ушул жылдын 14-сентябрына карата көмүр толугу менен ташылып бүттү.
-Калкты көмүр менен камсыз кылууга да алдын ала даярдык көрсөңүздөр керек.
-Албетте, калкка көмүр жеткирүү боюнча Ош шаарынын айылдык жана муниципалдык аймактык башкармалыктарына тапшырма берилген. Шаардын аймагында 35 жерде көмүр сатуу пункттары уюштурулуп, калк тарабынан 96 081тонна көмүр даярдалуусу каралган болсо, бүгүнкү күндө 25648 тонна көмүр даярдалды. Учурда көмүр отуну 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 7500-8500 сом болууда. Жылытуу сезонун өз деңгээлинде өткөрүү ар дайым мэрия тарабынан көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

“Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын башкы инженери Сиражидин Төрөев:
“Жер үйлөрдүн жертөлөсүндөгү түтүктөрдү алмаштырып жатабыз”
-Күз-кыш мезгилинде шаарды жылытууга кандай даярдык көрүп жатасыздар?
-“Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын карамагындагы 109 откананын 88 көмүр откана, 21 электр откана. Бүгүнкү күндө отканалардын баары даярдалды. Жабдуулар оңдолгон, отказандар даяр. Мекемелери акталып-сырдалып бүткөн. Кышкы даярдыкка жалпы 13 миң тонна көмүр каралган. Аны сентябрь айынан тарта ташып келүү пландалып, сентябрь айында эле 7 жарым миң тонна көмүр ташып алып келдик. Алдыда буюрса, бир айдын ичинде калган көмүрдү да ташып алабыз.
-“Кыштын камын жазда көр” дегендей кандай иш алып бардыңыздар?
-Быйылкы жылы бир нече отказандарды жаңыдан реконструкцияладык. Мамыров-105 отканасын түп тамырынан башкадан куруп, Газиев көчөсүндөгү 3 кичинекей эскилиги жеткен откананын ордуна жаңы заманбап откана курулуп бүтүп калды. Шакиров көчөсүндөгү отканада электр казан орнотулуп, имаратты реконструкциялап, жаңыланып бүттү. Музыкалык окуу жайдын отканасында көмүр отканадан электр отканасына өткөрүү жумуштары жүрүп жатат. Негизинен ал жерде көмүр отуну менен иштей турган откана да даяр.
-Ар жылы кышында болуучу көйгөйлөр быйыл чечилдиби?
-Мурда электр отканаларында биздин линияларга башка абоненттер: касапчы, чачтарач, ашканалар деле улана берип, бир жерден кыска туташуу (замыкание) чыкса, жалпы электр тогу таштап коё берип былтыркы жылы бир топ көйгөйгө учураткан эле. Быйыл ошол жерлерден өзүбүзгө жаңы техникалык линияларды тарттык. Черемушки, Анар, Төлөйкөн кичи райондорунда жаңы линиялар болуп калды. Отканалардан сырткары жер үйлөрдүн жертөлөсүндөгү түтүктөрдү алмаштырып жатабыз. Былтыры бир гана жер тамдын түтүктөрү жүз пайызга алмашкан экен. Быйыл болсо, 14 үйдү 50/50 программасы боюнча 50 % жашоочулар каражат жыйнап, 50% мэрия жардам берип, 14 үйдүн жертөлөсү капиталдык ремонттон өттү.

“Ош шаарынын жылуулук электро борбору” муниципалдык ишканасынын башкы инженери Абдуашим Туркменов:
“Керектөөчүлөр дагы кышка даярданса жылуулуктун сапаты жогору болот”
-Жылуулук берүүчү жабдуулардын абалы, даярдыгы жөнүндө айтсаңыз.
-Биз шаардын керектөөчүлөрүнүн 55-60 % ын жылуулук менен камсыздайбыз. Химиялык жабдуулар, электр жабдуулар анан тепломеханикалык жабдуулар бардыгы күндөлүк оңдоп-түзөө иштеринен өтүп, бүгүнкү күндө биздин станциянын даярды 92-93 %га аткарылган. Андан тышкары келе жаткан кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маалымат каражаттары аркылуу элге түшүндүрүү иштерин баштадык. Бизде 3 буу казан бар. Алардын баары күндөлүк оңдоп-түзөөдөн өттү. Капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иши боюнча быйыл Курманжан датка кең көчөсүндөгү жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери болду. Эскилиги жеткен жылуулук суу түтүктөрү 326 диаметр болсо, 530 диаметрге алмаштырдык. 2026-2027-жылдын күз-кыш мезгилине жалпы 23 000 тонна мазут даярдоо каралган болсо, 2026-жылдын 30-сентябрына карата келишимдин негизинде көлөмү 9329,4 тонна мазут отуну ташылды. өткөн жылдан калган мазут отунунун калдыгын кошкондо 15273,0 тоннаны түзүп, тапшырма 64,2% түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 5,5 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлгөн.
-Жылуулук керектөөчүлөр кышка кандай даярдык көрүшү керек?
-Кышка даярдык көрүүдө биз жылуулук камсыздоо ишканалары эле эмес, керектөөчүлөр дагы даярданса жылуулуктун сапаты жогору болот. Айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүндөгү элеваторлук түйүндөр, бөлүп берүүчү түтүкчөлөрдү, андан тышкары ар бир абонентке кеткен радиаторлорду жууп-тазалоону өз убагында аткарып кетишсе жылуулук сезонунун ичинде көйгөй болбойт. Биз үйгө (домго) чейинки жылуулукту түз алып барып беребиз, үйдүн ичиндеги жылуулукту ошол жердеги керектөөчүлөр өздөрү камсыздаш керек.
-Быйыл жылуулук кайсы күндөн тарта бериле баштайт?
-Бизде санитардык нормага ылайык аба-ырайынын сырткы температурасына карап жылуулук берүү башталат. Аба-ырайынын температурасы 8 градустан төмөн болуп, 5 күндүн ичинде кармала турган болсо Ош шаардык мэриясынын буйругунун негизинде жылуулук берүүнү баштайбыз. Жылуулук берүүгө старт берилгенде дароо башташ үчүн буу казандарды жүргүзүп, андан сырткары газ отуну менен жылуулукту баштайбыз. Жылуулук сезону башталгандан 4-5 күндөн кийин керектөөчүлөргө жете баштайт.
Бүкалча Маматали кызы