Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аныктоочу башкы куралга айланды. Алсак, жакында эле Акыйкатчы институту тарабынан БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен өткөрүлгөн өлкөдөгү расмий интернет-ресурстардын жеткиликтүүлүгү боюнча улуттук мониторингдин жыйынтыгында, Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты 47,4 пайыздык көрсөткүч менен республика боюнча эң алдыңкы үчилтикке кирди. Бул көрсөткүч баш калаа Бишкектин (15,8%) жана атүгүл республикалык «eGov.kg» (18,8%) мамлекеттик порталынын жыйынтыгынан бир нече эсе жогору болду. Калаанын башкы санариптик күзгүсү болгон бул сайтты жана шаар турмушун жеңилдеткен инновациялык долбоорлорду кимдер иштеп чыгууда? Албетте, бул ийгиликтин артында «Санарип Ош» муниципалдык ишканасынын креативдүү жана тажрыйбалуу адистери турат. Мекеменин директору Искендер Субанкулов менен ушул багытта маектештик.

-Искендер мырза, «Санарип Ош» муниципалдык ишканасынын негизги миссиясы эмнеде?
-Биздин ишкана 2023-жылдын 3-апрелинде ачылган. Негизги миссиябыз- Ош шаарын өнүктүрүүнүн «Акылдуу шаар» (Smart City) моделине өткөрүүнү камсыз кылуу. Мында маалыматтык технологиялар муниципалдык кызматтардын ачыктыгына, ыңгайлуулугуна жана ар бир жашоочу үчүн жеткиликтүү болушуна шарт түзөт. Шаардык кызматтарды, башкаруу тутумун жана инфраструктураны толук санариптештирүү аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылабыз. Бүгүнкү күндө ишканада жалпысынан 13 адам эмгектенет. Алардын ичинде 4 программист, инженер-дизайнер жана юрист бар. Чакан, бирок мобилдүү жамаатыбыз заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу, шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу багытында иш алып барууда.
-Шаарды санариптештирүү процессин эң биринчи кайсы көйгөйлөрдү чечүүдөн баштадыңыздар?
-Ишти биринчи жылы эле мэриянын карамагындагы бардык ишкана-мекемелерди толук изилдөөдөн, башкача айтканда, инвентаризациядан баштадык. Кайсы мекемеде кандай техника бар, канча компьютер иштеп жатат, алардын абалы кандай, баарын тактап чыктык. Анткени биз сунуштай турган жаңы программалар заманбап аппараттардын ичинде иштейт. Эгер техникалык база жок болсо, эч кандай программа ишке ашпайт. Андыктан, эң биринчи кезекте программалар жайгаша турган серверлердин, колдонуучу техникалардын, хабдар менен роутердин мүмкүнчүлүктөрүн карап, түзүүгө басым жасадык.
-Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде коммуналдык төлөмдөрдү санариптештирүүдө кандай сезилерлик жыйынтыктар бар?
-Инфраструктураны карап чыккандан кийин шаар жетекчилиги менен кеңешип, биринчи кезекте эл менен түз байланышта болгон кызмат көрсөтүүчү ишканалардын маалымат базасын түптөдүк. Мисалы, «Ош Тазалык», «Ош шаарсууканал», “Ош Жылуулук камсыздоо” сыяктуу мекемелердин базаларын иретке келтирдик. Башындагы негизги максаттардын бири — коммуналдык ишканалардын төлөмдөрүнүн жыйымдарын көбөйтүү жана ачык кылуу болчу. Шаарда калк көп жашаганы менен, төлөмдөр толук чогулчу эмес. Биз база түзүп бергенден кийин аталган мекемелер өздөрүнүн мобилдик тиркемелерин иштеп чыгышты.
-Ишкана тарабынан иштелип чыккан «Ош шаары» мобилдик тиркемеси жана башка долбоорлор шаардыктардын жашоосун кантип жеңилдетти?
-Биз мэрияга тиешелүү муниципалдык кызматтарды жана жарандарга эң керектүү болгон республикалык кызматтарды бириктирген «Ош шаары» бирдиктүү мобилдик тиркемесин иштеп чыгып, ишке киргиздик. Анын ичинде шаардыктарга керек болгон бардык кызматтар камтылган. Азырынча аны массалык түрдө талап кылбай жатканыбыздын себеби — техникалык мүмкүнчүлүктөрдү дагы да чыңдап жатабыз. Бир убакта 2-3 миң адам кирип кетсе, тутум көтөрө албай калбашы үчүн серверлерди күчөтүү үстүндөбүз. Мындан сырткары, өзгөчө чоң долбоорлорубуздун бири Борбордук Ош базарын санариптештирүү болду. Базардын 8 миңге чукул колдонуучусу үчүн атайын биллингдик система жана «Ош базар» мобилдик тиркемесин жасап бердик. Ижарачылар өздөрүнүн логин, сыр сөздөрү менен кирип, базар менен болгон бардык карым-катнашын, ижара акысын жана коммуналдык төлөмдөрүн ушул тиркеме аркылуу онлайн жүргүзүшөт. Эң башкысы, бул система шаар жетекчилигине толугу менен ачык көрүнүп турат. Бир айда канча каражат түштү, жыл аягына чейин канча план толот, канча адам активдүү иштеп жатат — баарынын аналитикасы даана чыгарылат. Муну «дашборд» (башкаруу панели) деп коёт. Бул система ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелчиликтерди жоюп, ачык-айкындуулукту шарттайт. Башка ишканалардын санариптешүүсү аяктаган соң алар да ушул бирдиктүү системага уланат. Бул маалыматтар коопсуздук үчүн мэриянын жетекчилигине жана экономика бөлүмүнө гана жеткиликтүү.

-Муниципалдык менчик башкармалыгы үчүн интерактивдүү карта иштелип чыкпады беле…
-Ооба. Шаардык кеңеш тарабынан «жарандарга жер боюнча маалыматтарды ачык кылгыла» деген тапшырма берилген. Биз аны аткарып, Муниципалдык менчик башкармалыгынын интерактивдүү картасын (umsosh.kg) иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө базага муниципалдык менчикке тиешелүү 666 объект киргизилди. Бул шилтеме аркылуу киргенде шаардагы муниципалдык жерлердин, имараттардын чарчы метрине чейин, ижара акысы канча экени, кайсы жерлер бош же ижарага берилгени тууралуу бардык маалыматтар ачык көрүнүп турат. Башкармалыктын кызматкерлери бул картаны улам жаңылап, көзөмөлдөп турушат.
-Санариптик маалыматтардын жана жарандардын жеке билдирүүлөрүнүн киберкоопсуздугу кандай корголгон?
Бизде атайын эл аралык стандартындагы талаптарга жооп берген кубаттуу сервердик базабыз бар. Ошондой эле файлдарды сырттан келген чабуулдардан коргоочу атайын заманбап программалык камсыздоолор орнотулган. Биздин системага сырттан эч ким кире албайт. Уруксаты (доступу) бар жооптуу кызматкерлер өздөрү маалыматты сыртка чыгарып жибербесе, ичтен система абдан бекем корголгон жана жашырылган. Албетте, дүйнөдө хакерлердин түрү көп, технология бир орунда турбайт, бирок биз коргонуу деңгээлин күн сайын жаңылап турабыз.
-Санаприптештирүү жаатында дагы кандай иштерди жасап жатасыздар?
-Биздин иш негизинен мэрияга караштуу мекеме-ишканаларды санариптештирүүгө багытталган. Шаарда мэрияга тийиштүү 40тан ашык ишкана бар. Учурда ошол ишканалардын ишмердүүлүгүн толугу менен виртуалдаштыруу, башкача айтканда, электрондук форматка өткөрүү үстүндө иштеп жатабыз. Эвакуатор кызматынын порталы иштелүүдө. Айдоочу унаасын туура эмес токтотуп, аны эвакуатор жүктөп кеткенде көбүнчө унаасын таппай калат эмеспи. Тиркеме аркылуу унаанын номерин жазса эле ал качан, кайсы даректен алынганы, канча сом айыппул төлөнүшү керектиги жана 2ГИС картасы аркылуу кайсы айып короосунда турганы дароо көрүнөт. Учурда порталдын колдонуучулар үчүн бөлүгү толугу менен даяр, болгону ички процедуралар гана калды.
Дагы бир иштелип жаткан долбоор — Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин порталы. Бул жерге шаардагы мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик спорттук ийримдердин жана секциялардын бардыгы бирдиктүү базага кирет. Ата-энелер ушул портал аркылуу балдарын кайсы спортко бере аларын, машыктыруучусу ким экенин, сабактар кайсы күндөрү жана саат канчада өтөрүн үйдөн отуруп эле оңой карай алышат. Мындан тышкары, программалар, турнирлер, спортто наам алуу үчүн керектүү маалыматтардын баары камтылат. Мэриянын борбордук сайтында (oshcity.gov.kg) жакында жаңы «Афиша» кызматы ишке кирет. Шаардагы бардык маданий жана спорттук иш-чаралар ушул жерде топтолот. Ошондой эле сайтта «Электрондук кайрылуу» бөлүмү бар, аны басканда жарандарга даяр шаблондор чыгат, бул арыз жазууну абдан жөнөкөйлөтөт.
Сайтты инклюзивдүү кылганбыз. Ал көзү азиз жана кулагы укпаган жарандарыбызга да ылайыкташкан. Сайтта сурдокотормо камтылган, ал эми курсорду тексттин үстүнө жылдырганда система аны автоматтык түрдө үн чыгарып сүйлөп берет. Бул долбоорго биз мамлекеттик «Түндүк» тутумундагы бардык керектүү сервистерди улаганбыз. Ошондой эле жарандардын кайрылуулары боюнча жаңы долбоорубуз даяр. Биз атайын интерактивдүү доскага буюртма бердик. Жарандар экранды басканда санарип кайрылуу тутуму өзү сүйлөп жол көрсөтөт. Сунуш, суроо же ыраазычылык болобу, каалаган багытын тандап кайрылса, арыз автоматтык түрдө тийиштүү ишканага жөнөтүлөт. Бирок, бул жерде бир техникалык маселе бар. Жасалма интеллект программалары кыргыз тилин, айрыкча туура эмес же ката жазылган сөздөрдү толук кемчиликсиз түшүнө элек. Бул маселе жаратпашы үчүн биз учурда кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Биз буга чейин унаа базарды толугу менен санариптештирип чыккан болчубуз. Азыр болсо автобекеттин үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде адамдык факторду азайтуу үчүн жасалма интеллекттин жардамы менен кирип-чыккан унааларды автоматтык түрдө каттоо тутумун киргизип жатабыз.
-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңиздерди ийгилик коштосун!
Бурул Исмаилова