— Эгемендʏʏлʏк майрамын утурлай Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан эл аралык деңгээлдеги “Улуттук кол ɵнɵрчʏлʏк” аталышындагы сынак болуп ɵттʏ. Сынакка Казакстан, Ɵзбекстан, Россия, Кара-Калпак автономиялуу областы жана Кыргызстандын жети облусунан келген жыгач усталар, темир усталар, зергерлер, тери иштеткендер, уз чеберлер катышты. Сынактын жʏрʏшʏндɵ жасалган эмгектердин заман талабына жооп берʏʏсʏ, ар бир улуттун ɵзʏнɵ тиешелʏʏ басып ɵткɵн тарыхы, нукуралуулугуна басым жасалды. Алдыңкы орунду ээлеген кол ɵнɵрчʏлɵргɵ уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. 1-орунду Бишкек шаарынан келген улуттук музыкалык аспаптарды жасаган кол ɵнɵрчʏ ээлесе, Баткен облусунун Лейлек районунан келген уз-чебер айым 2-орунду камсыздаган. Ал эми 3-орунга Бишкек шаарынын тургуну, териге тарыхый инсандардын элесин чагылдырган кол ɵнɵрчʏ татыктуу болду. Калган катышуучуларга калыстар тобунун чечими менен кызыктыруучу сыйлыктар, анын ичинен 4 катышуучуга Румыния, Тʏркия мамлекеттерине жолдомо берилди.
Окшош макалалар
Тʏбɵлʏк тур, эгемендʏʏ Кыргызстан!
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ – мамлекеттʏʏлʏктʏ тʏптɵгɵн инсан
Ɵзʏнɵн мурда ɵзгɵнʏн ɵмʏрʏн сактоого шашкандар