27 июля, 2024

Эркинай Назаралиева, чебер: “Баш кийимдер жʏндɵн эч кандай  ийне-жип колдонулбай туюк жасалат”

Маектешибиз Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну  Эркинай Назаралиева. Ат арытып Ошко  келип калган экен  жасаган эмгектерине суктанып кала бердик. Айтмакчы, Ошто ɵткɵн кол ɵнɵрчʏлɵрдʏн “Дʏйнɵ жаңырыгы” кɵргɵзмɵсʏндɵ 1-орунду багындырып, Румынияга жолдомо утуп алыптыр. Жаңычыл адамдар жашай берсин.

-Эркинай, ийне-жипсиз баш кийим жасайт экенсиз, ыкмасын айтып бериңизчи…

-Менин кол ɵнɵрчʏлʏгʏм жʏн менен иштɵɵ. Жʏндʏ уютуп туюк ыкма менен эч кандай жип колдонулбай даярдалган баш кийимдерди жасайм. Кыргыздын ак калпагы жана айымдардын  сулуулугун  жакшы кɵрɵм. Айымдардын баш кийимдерине кыргыз оюуларын  аралаштырып, кошо уютуп, сайма менен сайып жасайм. Наристелер ʏчʏн дагы жашына карап ар кандай жасалга менен баш кийимдерди жасайм. Адамда кызыгуу болуш керек экен. Бул ɵнɵр менен иштеп келатканыма 10 жылдан ашты. Союз тарагандан кийин эле иш жок калдык. Мурунку Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык окуу жайын бʏтʏрʏп, бала бакчада иштеп калдым. Ал жерде кɵргɵзмɵ куралдарды, атайын кыргыз бурчтарын, колдон ар кандай буюмдарды жасап, улам кызыгып  иштей берчʏмʏн. Тигʏʏ машинасына отурганды жакшы кɵрчʏмʏн.  Кичинекей кыйык (материалдын кыркындысы) болсо дагы кɵп нерселерди жасасам деп тилек кылчу элем да. Азыр материал кɵп.

Баш кийимдер ийге келип бышкандан кийин калыпка салынат.1 калпак калыпка салынып, кургап, кошумча жасалгасы менен 3 кʏндɵ даяр болот. Ошондуктан бир жасоо этабында 2-3 баш кийим жасоого аракет кылам.

-Айылда кол ɵнɵчʏлʏк менен алдыга жылуу жагы кандай болууда?

-Чынында айыл жеринде кол ɵнɵрчʏлʏк менен отурсаң алдыга жыла албайсың. Азыр Жаңы-Жол айылында жолдун жээгинде тигʏʏчʏ ишканам бар. Кол ɵнɵрчʏлʏктʏ баштаардан мурда буйрутма кабыл алып, кыргыз кийимдерин оңдоп-тʏздɵɵ иштерин жасачумун. Ал дагы чеберчилик.  Чеберчилик болбосо жɵн кыркып оңдоп сала албайсың.  Оңдоп-тʏздɵɵдɵн баштап, курак дагы тигип жʏрдʏм. Кол ɵнɵрчʏлʏк  курактан башталат эмеспи. Курак тигип жʏрʏп,  АРИСке долбоор жазып, уттум. Электр тогу менен иштей турган заманбап тигʏʏ машиналарын алып келдик. 2008-жылы япон фонду каржылап административдик жетектɵɵчʏ топ иштеп чыккан долбоор менен Кыргызстан боюнча “Айыл жеринде аялдардын жашоо деңгээлин кол ɵнɵрчʏлʏктʏн негизинде кɵтɵрʏʏ” дегенди утуп алдым. Менин кɵп чоң ийгиликтерге жетишиме ошол иш себеп болду. Ал проекти бизди 2 жыл айыл жеринде да, Бишкекте да окутту. Ошол жерден атайын адистерден жʏн менен иштɵɵнʏ, андан кандай буюмдарды жасаса болорун ʏйрɵндʏк. Андан сырткары ишканабызды ремонттоп, машина менен камсыз кылды. Бул кɵп аялдарга пайда болду.

“Ошто аябай жакшы кабыл алышты”

-Кол ɵнɵчʏлɵрдʏн кɵргɵзмɵсʏнɵ келип, кардар арттыра алдыңызбы?

— Ошто ɵткɵн “Дʏйнɵ жаңырыгы” фестивалына катышып 1-орунду алдым. Румынияга жолдомо менен сыйландым. Мен жасаган баш кийимдерди Ошто аябай жакшы кабыл алышты. Кардарлар азырга чейин чалып сурап жатышат. Кɵбʏнчɵ Бишкектен буйрутма кылып, мен саткан баадан эки эсе кымбатка алышчу экен.

“Оюу-чийʏʏлɵрдʏ кошуп уютуп жасайм”

-Сиз жасаган баш кийим башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

-Башкалар жасаган баш кийимдерден ɵзгɵчɵлɵнтʏп, ɵзʏмдʏн кɵз карашым менен жасаганга аракет кылам. Буга чейин жʏндʏ уютуп эле жасап койсом, 1 жылдан бери элдин талабына ылайык сайма менен кооздоп,  чекесин  (“кежип” деп коёт) ɵзʏнɵ окшогон жип менен кежип койсом, аябай сонун, тыкан да кɵрʏнʏп калат экен. Бул баш кийимдердин баасын да кɵтɵрɵт. Аны менен кошо уютуп атканда кыргыздын оюу-чийʏʏлɵрʏн жалгаштырып кошо уютуп кетем. Бир баш кийимди уютуу ʏчʏн дагы бир кыйла баскычтарды басып ɵтʏʏ керек. 1-2 айдан бери ɵрʏп жасалган термени шляпаларга бантикче кылып коюп атам. Муну дагы жакшы кабыл алып жатышат. Улам жасаган сайын ɵзʏмдɵ идеялар пайда болот.

Калпактар да уютуу ыкмасы менен жасалат. Тарыхта кесип, бычуу колдонула элек убакта койдун жʏнʏн тазалап, иштетип туруп туюк ыкма менен калпак жасашкан экен. Мен ошону кайра колго алдым. Кадимкидей калпактын формасын берип, сайма да сайып коём. Аппак кылып шляпа катары кийгиси келгендер да бар. Баш кийимдерди жасоо ʏчʏн керектʏʏ заттардын баарын Бишкектен, “Кыял” бирикмесинен алдырам. Ал жерде боёгу чыгып кетпеген сапаттуу жʏндɵр сатылат.

“Ɵзʏмɵ пайда чыгарып алганга жетишип калдым”

-Эмгегиңиз ɵзʏн толук актап жатабы?

Качан жасаган буюмуң кардардын купулуна толуп, барган жерден буйрутмалар кɵп тʏшɵ баштаган учурда менин жасаган буюмдарым ɵзʏн-ɵзʏ актайт деген ишенимге ээ болуп калдым. Эмгегим ɵзʏн актап, ɵзʏмɵ пайда чыгарып алганга жетишип калдым. Азыр кɵргɵзмɵлɵрдɵ жакшы сатып келем. Жеке буйрутма берип алгандар да кɵп. Чеберчилик деген адамдын акыл-эси менен жан дʏйнɵсʏ жуурулушуп, биргеликте  аткарган иш. Ар бир жасаган буюмуң кардарлардан жакшы сɵздɵрдʏ угууга себеп болсо, канчалык кыйналсаң дагы унуттуруп коёт.

Бʏкалча Маматали кызы