22 октября, 2024

“ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН YНƟМДƟƟНY ЭСКЕ АЛАЛЫ”

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетика тармагына ɵзгɵчɵ кырдаал режимин киргизʏʏ боюнча жарлыкка кол койду. Мындай чечимдин кабыл алынышына  климаттык чакырыктар, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз кириши, энергияны керектɵɵнʏн тездик менен ɵсʏшʏ себеп болгон. Ага ылайык, ɵзгɵчɵ кырдаал режими 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Албетте, бул чечим калк арасында ар тʏрдʏʏ пикирлерди, кооптонууларды жаратпай койгон жок. “Энергетикада каатчылык эң тɵмɵнкʏ чекке жеттиби?” деген суроолорго жооп издегендер арбыды.

С.Жапаров:

“2026-ЖЫЛГА ЧЕЙИН БИР ТОП КИЧИ ГЭСТЕРДИН КУРУЛУШУ АЯКТАП КАЛАТ”

Ɵлкɵ башчы анчалык тынчсызданууга негиз жок экенин белгилеп, жарлык тууралуу буларга токтолду:

“Эч кандай ɵзгɵчɵ кырдаал тʏзʏлгɵн жок. Бул Жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын министрге ыкчам чечим кабыл алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн тʏзʏп бердик. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо ʏчʏн ыйгарым укук берилип атат. Болбосо ɵзʏнʏн министрлигинен башка органдарга тʏз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калып жатат. Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Ошондуктан мунун баары бул тармактагы кɵйгɵйлɵрдʏ ыкчамдатып чечʏʏгɵ багытталууда. Бул эмне ʏчʏн жасалып атат? Анткени, 2026-жылга чейин бир топ кичи ГЭСтердин курулуштары аяктап калат. Ошондо жалпы республика боюнча электр энергиясынын кубаттуулугу артат. Чынында энергияны жылда импорттоо менен биз эчактан бери эле ɵзгɵчɵ кырдаалда келебиз. Ошентсе да биз энергияны сырттан импорттоону жылдан жылга азайтуудабыз”,- деген Садыр Жапаров.

“КЫРГЫЗСТАНДЫН 146 МЛРД КВТ/СААТ ƟНДYРYYГƟ КУБАТЫ ЖЕТЕТ”

Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев киргизилген режимдин жыйынтыгында: “Биз 2026-жылдын 31-декабрына чейин азыркы 3 млрд кВт/сааттык таңкыстыкты жоюп, электр кубатын экспорттогон мамлекетке айланышыбыз керек. Кыргызстандын 146 млрд кВт/саат ɵндʏрʏʏгɵ кубаты жетет, бирок, биз азыр анын 10 пайызын гана чыгарып жатабыз, бул 15 млрд. кВт/саат” экенин билдирди.

2023-жылы жылытуу мезгилинде жылдык электр энергиясын керектɵɵ 17 млрд. киловатт-саатка жетери кʏтʏлʏʏдɵ. Бул кɵрсɵткʏч жылдан жылга 10-12 пайызга жогорулап баратканын энергетиктер белгилеп келишет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 18-августка карата “Токтогул” суу сактагычында суунун кɵлɵмʏ 11,2 миллиард кубду тʏзɵт. Суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын ɵндʏрʏʏ быйыл 15 млрд. кВт/саатка жетпей калышы мʏмкʏн деп болжолдонууда.

Ош электр тармактар ишканасынын башкы инженери Орозмамат Акимбеков да электр энергиясын ʏнɵмдɵɵнʏн бʏгʏндɵн баштоо керектигин айтып, ɵз сɵзʏндɵ жылытуу мезгилинде электр тогуна ашыкча кʏч келтирилген райондордо жɵнгɵ салуучу иш-чаралар жʏргʏзʏлʏшʏ мʏмкʏн экендигин билдирди:

“СУУ БЫЛТЫРКЫДАН 2 МЛРД. КУБГА АЗ. ЭЛДИ YНƟМДƟƟГƟ ЧАКЫРАБЫЗ”

-Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, энергетика тармагында ɵзгɵчɵ кырдаал жарыяланды. Эл ɵзгɵчɵ кырдаал дегенде абал оор деп тʏшʏнʏп калууда, андай эмес. Бул болгону энергетика тармагында ишти тездетʏʏ, жеңилдетʏʏ максатында атайын министрлик ʏчʏн кабыл алынган чечим. Себеби 2023-жылы 3 миллиард киловатт-саатка жакын дефицит болгон. Азыркы учурда анын баарын Тʏркмɵнстан, Казакстан ɵлкɵлɵрʏ менен келишимдин негизинде жаап жатабыз. Экинчиден, ɵзгɵчɵ кырдаалдын мааниси кошумча электр булактарын куруу. Маселен, шамал генерациясы, кʏн батареяларын коюу. Буларды орнотуу ʏчʏн бизде жер маселелерин чечʏʏ абдан оор. Инвесторлор кɵп, бирок жер маселелеринен улам узакка созулууда. Ошондуктан ɵзгɵчɵ кырдаал киргизилип, энергетикага тийиштʏʏ маселелер биринчи кезекте карала баштайт.

Андан сырткары кытайлар бизге 1 гигаваттык кʏн батереясын куруп беребиз дешʏʏдɵ. Бул дагы эң жакшы мʏмкʏнчʏлʏк, аларга ылайык жер таап берʏʏ керек.

Ал эми элдин кабатырлануусу да жɵндʏʏ. Себеби суу аз топтолууда, ɵткɵн жылдагыдан 2 млрд. кубга аз. Андыктан, элди да кышка даярдык кɵрʏʏгɵ чакырып кетебиз. Бирок, анда да авариялык ɵчʏрʏʏлɵр гана болбосо, атайын мезгилдʏʏ ɵчʏрʏʏлɵр болбойт. 

Биз тараптан да жылдагыдай эле кʏз-кышка даярдыктар кɵрʏлʏп, ноябрга чейин оңдоо иштери жʏргʏзɵбʏз. Ошонун негизинде гана пландуу ɵчʏрʏʏлɵр болуусу мʏмкʏн.

-Ɵткɵн жылы аймактарда ɵчʏрʏʏлɵр кɵп болду эле,  быйыл андай болбойбу?

-Былтыркы жылдын эсебинен чынында эле дефицит болуп калган ʏчʏн ɵчʏрʏʏлɵр орун алган, бирок авариялык ɵчʏрʏʏлɵр болгон эмес. Мисал менен тʏшʏндʏрʏп кетейин, маселен керектɵɵчʏгɵ 5 кВттык электр энергиясы керек болсо, суу аз болгондугуна байланыштуу ал жактан 4 кВттык электр энергиясы ɵндʏрʏлʏп калды. Мында 1 кВт жетпей калды. Ошону жабуу ʏчʏн биз ар аймакты ɵчʏрʏп, ʏнɵмдɵгɵнбʏз. Быйыл да ошондой болуусу мʏмкʏн. Себеби Токтогул суу сактагычынан чыккан электр энергия керектɵɵчʏлɵргɵ жетпей калууда. Керектɵɵ нормадан ашып кетʏʏдɵ. Мисалы, керектɵɵчʏ телевизор, аристон, электр жылыткыч мешин, муздаткычын сайып, бардык электр энергиясы керектелчʏ нерселерин иштетип койсо, 10 кВттан ашык электр энергиясын сарптайт. Ɵндʏрʏлгɵн электр энергиясын ар бир абонентке бɵлсɵк, 10 кВттан болбой калуусу мʏмкʏн. Андыктан, ʏнɵмдɵɵнʏ унутпообуз керек. Электр мештерин эмес, борбордук жылытуу системаларына улануу сыяктуу кыштын камын кɵрʏʏ кажет. Эл дагы абалды туура тʏшʏнʏп, ʏнɵмдɵɵнʏ азыртан баштоо туура.

-Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵдɵ керектɵɵчʏлɵр эмнелерге кɵңʏл буруусу керек?

-Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵнʏн азыр тʏркʏн жолдору бар. Ошол эле лампалар, 100 Ваттык эмес, тɵрт эсе аз 25 Ваттык лампаларга алмаштырсак. Ɵздɵрʏ жасап алган электр жылытуучу мештерди колдонууну токтотсок. Биринчиден, ал адам ɵмʏрʏ ʏчʏн кооптуу, экинчиден, электр энергиясын абдан кɵп керектейт.

Ошону менен бирге кɵмʏр даярдоо керек. Ɵткɵн кышта кɵрдʏк, аба ырайы суук болгондо кɵмʏрдʏн баасы да кɵтɵрʏлдʏ. Ага карабастан электр жарыгын ɵчʏрбɵй, керектɵɵчʏлɵргɵ ʏзгʏлтʏксʏз жеткирип турууга аракет кылдык. Убак-убагы менен гана жетпей бараткан учурда ɵчʏрʏʏлɵргɵ бардык. Себеби электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеткенде трансформаторлор кызып кʏйʏп, иштен чыгат. Трансформатор иштен чыкса, аны калыбына келтирʏʏ узак процесс. Ошондуктан баарын кɵзɵмɵлдɵп, байкап туруу керек.

“2036-ЖЫЛЫ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ƟНДYРYY 100 МЛРД КВАТТ-СААТТАН АШАТ”

-Суунун аз топтолгону кɵпчʏлʏктʏ кыжаалатка салганы чын. Кийинки жылдары бул абал кандай болот?

-Суу аба ырайына байланыштуу 4-5 жылда кɵтɵрʏлʏп, азайып турат. Быйыл суунун топтолуусу эң тɵмɵнкʏ чекке жетти. Буюрса, кийинки жылдан кɵбɵйɵт. Бирок, ошого карабастан биз кошумча булактарды кароодобуз. Жогоруда айткандай, шамал генерациясы, кʏн батерияларын орнотуу сыяктуу иштер жʏрʏʏдɵ. Бул пландар ишке аша баштаса, 2026-жылдан тарта 2036-жылга чейин электр энергиясын ɵндʏрʏʏ жогорулайт, керектɵɵчʏлɵрдɵн да ашат. Азыр 3 млрд. куб аздык кылып жатса, 2036-жылга барганда ɵндʏрʏʏ 100 миллиарддан ашат.

Камбар-Ата-2 ГЭСи курулганда бир аз кубаттуулук кошулган, андан бери бир да ГЭС курулган эмес. Учурда ГЭС куруу иштери жʏрʏп жатат. Баары аягына чыкса, биз кризистен чыгып экспортко да чыгара баштайбыз.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы ɵндʏрʏлʏп, 15,9 млрд. кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган.

Жумагʏл Кочкорбай кызы