Бул категориялардын тʏбʏ барып бир тутумга такалаарын, бирок насилинде эгемендʏʏлʏк мамлекетке, эркиндик элге, аларга карата жоопкерчилик бийликке тʏздɵн-тʏз таандык экенин маалыматтуу кишимиин дегендин баары болбосо да, кɵпчʏлʏгʏ билип калды. Эгемендʏʏлʏгʏбʏздʏ сактайлы, ага сыймыктануу менен бирге эле жоопкерчиликтʏʏ мамиле жасайлы деген маанидеги сɵздɵрдʏ жогортон тɵмɵн, тɵмɵндɵн жогору карай айтып келе жатабыз, ага шʏгʏр дейли, эгемендʏʏлʏгʏбʏз тʏбɵлʏктʏʏ болсун дейли!
ЭРКИНДИК ЭЙФОРИЯСЫ ЖАНА РЕАЛДУУЛУК
Эгемендʏʏлʏк арапасы жеңил-желпи жɵн-жай жылдардан болбогону ырас. Жер шарынын дээрлик алтыдан бир бɵлʏгʏн ээлеп турган, эч кимге жемин жедирбеген ʏлкɵн жана албетте, статусуна ылайык, толук кандуу эгемен державанын кулашы оңойго турбоосуна акыл калчап ой таштагандар анда деле бар эле. Жɵн-жай турмуш ɵткɵрʏп жаткан держава ɵзʏн сактап калуунун тʏрдʏʏ жол-жоболорун жана арга кеткендеги ар кыл айла-амалдарын жасап кɵрдʏ (Союзду сактап калуу боюнча референдум ɵткɵрʏʏдɵн баштап, Сумгаит, Карабах, Фергана, Ош окуяларына чейин) Бирок, Прибалтика республикалары чыйыр салып берген жолдон чыгып кетʏʏнʏн бир да айласы табылбады.Азыр анын башкы жана негизги себептери иликтенип-изилденип бʏтɵ элек. Бул эми тарых ʏчʏн керек болбосо, башка зарылдыгы жок маселе.
Союздун кулашы оңой болбоду деген менен, анын ордуна жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыга келген эгемендʏʏ республикалардын мамлекет катары бутуна турушу жанан ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн шарттардын калыптануусу да сыдыргыга салгандай шыр кетпеди. Билбейм. эгемендʏʏлʏктʏн алгакы “ээ-жаа барбеген” эйфориясын кимдер баштан ɵткɵрдʏ, бирок экономикалык-социалдык жана албетте, саясий кризистин илеби ошондо эле оңбогондой ура баштаганына баарыбыз кʏбɵбʏз. Калың элди анда эртеңки эмес, бʏгʏнкʏ, бʏрсʏгʏнкʏ эмес, азыркы арбыныраак ойлонтуп, “Насыя куйруктан нак ɵпкɵ” насили баштараак жана башкачараак жорто баштаганын танууга болбойт.
Союздун бузулуусунун биринчи жана катуу соккусуна ɵнɵр жайы кабылып, Союздук байланыштардын чорт ʏзʏлʏʏсʏ айрым республикалардын ɵнɵр жай ɵндʏрʏшʏн олуттуу ʏзгʏлтʏккɵ учуратса, айрым республикалардын ɵнɵр жай тармагын дээрлик жок кылды. “Прихватизация” деген атка конгон приватташтыруу доорунун кʏʏсʏ менен керектʏʏ эле делген станоктор, жабдык жана деталдар жайгашкан имараттары менен кошо сатылып,жаңы кыргыз байлары (нувориштери), кошуна мамлекттердин металл жана модернизациялдык ресурстары ʏчʏн жем болуп кеткенин байкоочулар белгилеп келишет.Анын кедергисин Кыргызстан ушул кʏнгɵ дейре тартып келе жатканы маалым.
Албетте, Акаевдик деп аталган ал доор постсоветтик мейкиндиктеги бардык республикаларда, коомдук турмуштун бардык тармагында реформа жʏргʏзʏʏнʏ талап кылганы менен олуттуу жана жооптуу эле. Акаевдик команда бул доорду кантсе да ийгиликтʏʏ узатканын адилеттʏʏлʏк ʏчʏн айта кетели. Улуттук валютаны, жерге жеке менчик институтун кийирʏʏ сыяктуу учур талап кылып турган реформалар ошол доордо ийгиликтʏʏ ишке ашырылган.
УУРДАЛГАН УБАКЫТ, КОЛДОН УЧКАН МYМКYНЧYЛYКТƟР
Эгемендʏʏлʏккɵ отуз эки жыл деп анча-мынча ооз кɵптʏргɵнʏбʏз менен, ошол отуз эки жылдын дээрлик ондон ашууну азыр биз ынкылап деп сылап-сыйпап атап жʏргɵн 2005,2010-жылдардагы эки окуяга жана аларга бекем байланышкан процесстер менен ɵткɵнʏн белгилебей коюуга болбойт. Эгемендʏʏлʏктʏн коомдук жана жекече турмушта да ээн-эркин жошоо деп салышырмалуу атоого мʏмкʏн болгон эң алгачкы жылдары деле калктын ошол маалдарда айтылгандай, “атка минген кыргызды итке мингизгендей” жалпы жакырчылыгы менен коштолгону жаамы-журттун эсинде. Бирок,ошол жылдар постсоветтик бардык эле республикаларда да оңбогондой эле оор болгонун да эсепке алууга да туура келет.
Эки ынкылапка келсек, аларды бийлик жана таасир талашуунун, ынкылап, революция деген категориялардын жардамы менен гана коомдук пикирге зордоп сыя турган оюну болгонун коркпой белгелесе болот. Ошол ынкылаптын ар бири коомдук ɵнʏгʏп-ɵсʏʏнʏ бери эле дегенде беш жылдан артка тартканын так эсеп кылгандар бар. Андай тактык менен эсеп-китеп кылганда, эгемендʏʏлʏк жылдарыбыздын жарымын уурдалган жылдар же колдон учурулган мʏмкʏнчлʏктɵр (время упущенных возможностей ) катары кароо керек болуп калат.
Эгемендик жылдардын баш жагында Монтескье, Рикардону оозунан тʏшʏрбɵй жʏрʏп, бийлик даамын тата баштаган соң Макиавеллинин дʏйнɵсʏнɵ биротоло кирип эле кеткендей таасир калтырган алгачкы ажонун кезектеги шайлоо алдында берген “Кыргызстанды ʏч жылда экинчи Швейцарияга айландырам” убадасын жылмаюу менен гана кабыл алса болот, бирок Аскар Акаевдин окумуштуулук кадыр-баркы ошол маалдарда дʏйнɵлʏк таанымга ээ болуп, Кыргызстанга жардам колун сунчу мамлекеттер да арбын болгонун, демек ал кырдаалдан мʏмкʏн болушунча пайдаланып калуусу ɵлкɵ ʏчʏн ɵтɵ пайдалуу болмок.
Аалым президенттен кийин Кыргызстанды башкарган, бийликтин буга чейинки бардык тепкичтерин басып ɵткɵн президент Курманбек Бакевдин доорунда бир канча жакшы башталыштарга, жаңы долбоорлорго орун берилди. Энергетикалык кɵз карандысыздык идеясы Бакиевге таандык экени жалпыга маалым. Анын мезгилинде курулушу башталган Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты Утурумдук президент Роза Отунбаеванын колу менен ишке тʏшʏрʏлгɵнʏ белгилʏʏ.
Акаев доорунда эле анын эсебинде Ак ʏйдʏн жетинчи кабатына жетип калганга ʏлгʏргɵн коррупцияга каршы кʏрɵштʏ Бакиев ɵлкɵгɵ келген инвестициянын эсеп-кысабына кɵзɵмɵлдʏ жʏргʏзʏʏгɵ жоопкер адамды тандоодон баштаганы маалым. Балким,айтылуу ЦАРИИге Максим Бакивден башка адам, айталы Садыр Жапаров жетекчиликке дайындалганда жакшы болоор беле, ким билет.
Эгемендʏʏлʏктʏн бошко кеткен, уурдалган жылдарына Сооронбай Жээнбеков башкарган мезгилди да салыштырмалуу тʏрдɵ кошууга мʏмкʏн. Салыштырмалуу дегенибиз Сооронбай Жээнбеков да Кыргызстанда эсептелʏʏ прагматикалык мʏнɵздɵгʏ саясатчылардын катарында тураары чындык. Анын кыска башкаруу маалында “Таза суу” долбоору ишин баштап, санариптештирʏʏ процесси негизинен аягына чыкты. Атамбаевдин тушунда туташуусу ого бетер кʏчɵп олтуруп, улуттук коопсуздукка чейин олуттуу коркунуч туудурууга жарап калган, акырында апогейине жеткен коррупцияга каршы кʏрɵштʏ коррупциянын туу чокусунан баштамакчы болгондо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары тʏп кɵтɵрʏлɵ каршы аракетке ɵтʏшкɵндʏктɵн, Жээнбековдун эки жылдык бийлик мɵɵнɵтʏ аларга каршы аракеттерди кɵрʏʏ менен ɵткɵнʏ маалым. Ал эми Атамбаевдин президенттик доору Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык кɵрʏнʏштɵр жана оңунан чыкпаган Кой-Таш окуясы менен элдин эсинде калат болуш керек.
Ошентип, алгачкы оңгулуктуу делген он жылын эсепке албаганда, республиканын эгемендʏʏлʏк жылдарынын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ бийлик жана таасир талашуу оюндарынын коштоосунда ɵтʏп келатканын учкай болсо да айтпай койгонго акыбыз жок.
Эми ɵнʏгʏʏнʏн жолуна тʏштʏкпʏ, бак-так талашуу оюндары аягына чыктыбы? деген суроолор калың журт тарабынан ар бир президент бийликке келген сайын бериле берип эскирип, саргайып, жошолонуп да бʏттʏ. Жоопту бардык аракеттери азырынча ɵз нугунда кетип жаткан азыркы бийлик башындагылар кандай кыязда берет, алардын иши.Биз болсо жалпы кыргыз элин алдыдагы Эгемендʏʏлʏк майрамы менен чын ыкластан куттуктап кетели.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Сарык оорусунун алдын алуу оңой- ал өздүк гигиенаны сактоо!
Бирдиктүү салык декларациялары боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп жатат
“Балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ зарыл”