28 апреля, 2024

Спортчу Динара Камчыбекова: “Спортту качан баштаганда эмес, канча мээнет кылганыңа жараша ʏзʏрʏн кɵрɵсʏң”

4-13-август аралыгында II КМШ оюндары Белоруссияда болуп ɵттʏ. 20 мамлекеттен 2000ден ашык спортчу катышып, Кыргызстандын курама командасы 27 медаль (1 алтын, 8 кʏмʏш, 18 коло) жеңип, командалык эсепте 7-орунду ээледи. Ош шаарынан барган спортчулардын ичинен самбо боюнча коло медалды тагынып кайткан спортчу Динара Камчыбекова менен маектештик. Ал учурда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти. КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучулары Онарбаев Акжол, Нурлан Нуранов спортчу кызды мелдештерге машыктырышат.

“Биринчи машыктыруучум — атам”

-Бала кезимден атам туугандардын балдары менен кʏрɵштʏрɵ берчʏ. Ошентип менин спортко болгон шыгымды ойготуптур кɵрсɵ. Биринчи машыктыруучум атам болду. Мени кичинекейимден аябай колдоду. Кʏрɵшʏп жʏрʏп чоң окуу жайга тапшыргандан кийин  Кыргыз Республикасынын чемпионатында 3-орунду алдым. Бул менин эң чоң ийгиликтеримдин алгачкысы болду. Кийинки жылы 2-орун,  2019-жылы Кыргыз Республикасынын чемпиону болдум. 

2022-жылы Азия чемпионатында алыш кʏрɵшʏ боюнча 3-орунду алдым. 2022-жылы Тʏркияда ɵткɵн IV дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюнунда алыш кʏрɵшʏ боюнча 2-орунду багындырдым. 4-13-августтарда ɵткɵн II КМШ оюндарында самбо боюнча 3-орунга жетишип, коло медалдын ээси болуп, кубанып турган кезим. Самбо боюнча мелдеш 10 мамлекеттин арасында ɵткɵрʏлдʏ.

“Медаль тагынып, пьедесталдын ʏстʏнɵн бутуңу жерге коёр замат кайра чемпиондукту кармоого аракет башталат”

-Жеңиш бул сɵз менен айтып жеткире албай турган сʏйʏнʏч.

Ошол жеңишке жетем деп кʏнʏ-тʏнʏ майрамсыз, туулган кʏндɵрсʏз, досторсуз, жада калса эс алуусуз мээнет кылабыз. Кээ бир учурда машыгуу ойдогудай болбой калат.  Агайың урушат, чарчайсың, кыйналасың. Ушундай башкалар байкабаган, сезбеген кыйынчылыктарды басып ɵтɵсʏң. Андан кийин аренага чыгып кʏрɵшʏʏдɵ да ɵтɵ чоң жоопкерчиликтер жана толкундоолор болот. Аренада пьедесталдын ʏстʏндɵ медаль тагынуу бактысы буюрса мекенге салым кошуп койгондой мактаныч, патриоттук сезим курчайт. Бирок ал сʏйʏнʏч, ал жеңиш пьедесталдын ʏстʏнɵн жерге бутуңу коёр замат бʏтɵт. Кайра чемпиондукту кармаш ʏчʏн эки эселеп машыгууларды жасаш керек деп ойлоно баштайм. Ийгиликтин артында ɵтɵ кыйын кʏндɵр бар. Ким ошого чыдап, ɵзʏнɵ ишенсе гана ийгиликке жете алат.

“Биринчи мелдешимде жеңилип калып аябай ыза болгонмун”

-Алдыда ɵтɵ чоң пландарым, ɵтɵ чоң кʏрɵштɵрʏм бар. Спортту качан баштаганда эмес, канча мээнет кылганыңа жараша ʏзʏрʏн кɵрɵ бересиң. ʏйрɵнгɵнʏмдʏ ʏйрɵтʏʏ максатында машыктыруучулук кылып келем. Бул мага аябай жагат. Биринчи мелдешимде жеңилип, медаль албай калганмын. Аябай намыстанып, ыза болгонмун. Ошондо ɵзʏмɵ-ɵзʏм мыкты машыгамын деп сɵз бергенмин. Ошол даярдыктардан кийин 2019-жылы чемпионатта чоң ийгилигим жаралган.

Азыркы учурда самбо, дзюдо, алыш кʏрɵшʏ боюнча спорт чеберимин. Бул спорттун ʏч тʏрʏ тең бири-бирине жакын. Алыш кʏрɵшʏ кыргыздын чыныгы кʏрɵшʏ болгондуктан жагат. Дзюдо олимпиада оюндарынын эң мыктысы. Самбонун кʏрɵшʏ дзюдого окшош.

Спортту баштоонун эрте-кечи жок. Спорт менен машыгып, ден соолугуңуздарды чыңдаңыздар. Кыргызымдын атуулдары ар тараптан мекенге салым кошуп, туубузду кɵккɵ желбиретели.