Акыркы мезгилде жай-кʏз айларында, ар кайсы райондордо адамдардын кʏйдʏргʏ оорусуна чалдыккан учурлар катталууда. Эмне себептен алдын алуу иш чаралары убагында жʏргʏзʏлбɵйт деген дооматтар да коюлат. Деги бул кандай оору, кайдан жугат, кантип андан сактанса болот деген суроолорго токтолуп, жалпы эле калктын кɵңʏлʏн дагы бир ирет ушул проблемага бурууну туура кɵрдʏк.
Облус боюнча 15 оорулуу катталды
Кʏйдʏргʏ оорусу ɵзгɵчɵ коркунучтуу жугуштуу оорулардын тобуна кирет. Биздин республикабыздын бардык эле аймактары климаттык-географиялык шарттары боюнча кʏйдʏргʏ оорусунун сакталуусуна жана таркалуусуна ыңгайлуу. Бул оору тʏштʏк аймактарында кɵбʏрɵɵк кездешет.
Кʏйдʏргʏ Араван, Ɵзгɵн, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунда дээрлик ар жылы, Алай, Ноокат райондорунда азыраак катталып жʏрɵт, ал эми Чоң-Алай районунда каттала элек.
2023-жылдын 8 айында Ош облусу боюнча 15 оорулуу катталып ( Ɵзгɵн районунда-4 киши жана Кара-Суу раонунда-11 киши). Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ооруган адамдар ооруканага жаткырылып,тиешелʏʏ медициналык жардамдарды алып жатышат.

Оору малдан жугат
Кʏйдʏргʏ адамдарга бул оору менен ылаңдаган жаныбарлардан жугат. Ал эми мал-жандыктар, алардын ичинен ири мʏйʏздʏʏ мал, кой-эчки, жылкы жана чочко бул ылаңга кɵбʏрɵɵк дуушар болушат. Мал – жандыктар оорунун «уюгу» болуп алган жерлердеги жер кыртышында сакталып калган оорунун козгогучтарын (бациллус антрацис) жем-чɵп менен кошо жеп алганда жугузуп алышат.
Айрыкча мындай кɵрʏнʏш чɵп куурап, катый баштаганда байкалат. Малдын оозу тилинип, анан жер кыртышындагы оору козгогучун топурагы менен кошо жеген учурда мал ооруга чалдыгат, андай мезгил негизинен август айынан баштап ноябрга чейин созулат, ошол мезгилде мал-жандыктардын арасында оорунун кɵп катталуусу да ошол себептен болот.
Кулгунанын микробу жʏздɵгɵн жыл жашайт
Оорунун «уюгу» болуп кʏйдʏргʏдɵн ɵлгɵн мал кɵмʏлгɵн жерлер (табылганы жана табылбай кʏмɵн болуп калган жерлер), малдын ɵлʏктɵрʏ кɵмʏлʏʏчʏ жайлар, кʏйдʏргʏдɵн ɵлгɵн мал союлган жерлер эсептелет. Бул жерлерде кʏйдʏргʏнʏн микробдору ондогон эмес, жʏздɵгɵн жылдары сакталуусу мʏмкʏн, ыңгайлуу шарт тʏзʏлгɵндɵ бул микробдун споралары вегетативдик формасына ɵтʏп, оору чакырууга жɵндɵмдʏʏ болуп алышат.
Ош облусунда акыркы 70 жылдын ичиндеги 280 кʏйдʏргʏ оорусунун «уюгу» каттоодо турат. Анын ичинен Ɵзгɵн районунда 146, Кара-Сууда – 46, Кара-Кулжада – 42, Араванда – 22, Алайда – 5, Ноокатта – 1 уюгу болсо, алардын 177 уюгу гана жеринде табылган жана бетондолуп жабылган, 177 уюгу тосмолонгон, ал эми 103 уюгу жоготулуп табылбай келет. Мындай акыбал Ɵзгɵн, Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунда орун алган жана оорунун жаңы уюктарынын пайда болушуна жана таркалуусуна шарт тʏзʏп жатат. Буга кошумча фактор — жер-жерлерде малдын ɵлʏгʏ кɵмʏлʏʏчʏ жайлардын (скотомогильниктердин), Беккари чуңкурларынын жетишсиздиги, мал союуга ыңгайлаштырылган атайын аянттардын жана пункттардын чоң айыл аймактарында жоктугу калк арасында кʏйдʏргʏнʏн таркалуусуна бɵгɵт коюуга тескери таасирин тийгизип келʏʏдɵ.
Малды кулгунага каршы эмдетʏʏ керек
Какаганга муштаган демекчи, жер- жерлердеги ветеринардык адистердин жетишсиздиги жана айыл округдарынын башчыларынын жоопкерчиликтеринин жоктугу мал- жандыктардын арасында бул ылаңдын алдын алуудагы кемчиликтерге кошумча болууда. Анын натыйжасында малды кʏйдʏргʏгɵ (сибирь кулгунасына) каршы эмдɵɵлɵр толук жана эффективдʏʏ жʏргʏзʏлбɵй келʏʏдɵ. Малдын так эсеби жок, вакциналардын кымбаттыгынан бардык эле ʏй-бʏлɵ малын толук эмдете алышпайт. Ал эми малы кʏйдʏргʏнʏн «уюгу» болуп эсептелген жерлерге, жайыттарга жайылып, ооруга чалдыгып ɵлʏп жатканда, кээ бир тʏшʏнʏгʏ жок адам аны ветеринардык адистерге кɵрсɵтпɵстɵн эле туш келген жерге союп, эптеп пайдасын кɵрʏп калуу максатында малы ооруп ɵлгɵнʏн билип туруп жашырып, калк арасына сатып, таркатып жиберип же билдирбей касапканаларга ɵткɵрʏп жиберип, кɵпчʏлʏктʏн ден соолугуна коркунуч келтирип жаткандар да кездешет. Алар кийин тергɵɵ органдарынын сурагында эсине келип, аттиң деп башын мыкчып отурушат.
Адамдар кʏйдʏргʏнʏ негизинен ооруган малды союуда, кармалашып жардам бергенде, терисин сыйрыганда жана кийин иштеткенде, этин жууп-тазалап, тамак даярдоодо, ичеги-карындарын, башын жууп-тазалаганда, кʏйдʏргʏнʏн микробу менен булганган тамак-ашты пайдаланууда жуктуруп алышат.
Кʏйдʏргʏ тери буюмдарын иштетʏʏдɵ, булганган жер кыртышы же суу аркылуу да жугушу мʏмкʏн. Жерди иштетʏʏдɵ, сугат жумуштарын аткарууда, ооруган малдын сɵɵгʏнɵн алынган ун жана кʏйдʏргʏнʏн микробу бар чаңды дем алганда жугуп калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ да бар. Адамды оорулуу малдын канын соргон кɵмгɵн же «жигалка» деген чымын чакканда да жуктуруу коркунучу чоң.
Ɵз алдынча дарыланууга болбойт
Эгерде оорулуу малды кармаганда, сойгондо, этин, терисин, ичеги–чабагын жууп тазалаганда адамдардын колунун же денесинин кесилип, жаракаттанып калган жерлерине малдын каны тийген жерлерде кʏйдʏргʏнʏн «тери формасы» пайда болот. Микроб денеге киргенден баштап 3 кʏндɵн 14 кʏнгɵ чейинки аралыкта оору кирген жерде кызарып бɵлтɵк чыгат да кычыштырат. Аны тырмаганда сиркенектеп, кийин жарылып, кара тʏстɵгʏ карт пайда болот, тегереги дɵмпɵйʏп кызарып ишип чыгат.
Мындай учурда тезинен дарыгерлерге кайрылып дарыланууга жаткырылышы керек. Эч качан ɵз алдынча дарылануу жарабайт, оору ɵтʏшʏп кетсе ɵлʏмгɵ учуратуусу мʏмкʏн. Эгерде ооруну булганган тамак-аштан, суудан жуктуруп алса, анда адамда оорунун «ичеги формасы», ал эми аба аркылуу чаң менен кошо жукса – «ɵпкɵ формасы» пайда болот. Оорунун мындай тʏрлɵрʏ ɵтɵ коркунучтуу болот, тезинен дарылануу керек.
Азыркы мезгилде медицина тармактарынын кʏйдʏргʏ оорусун айыктырууга толук мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ бар. Дары–дармектер жетиштʏʏ.
Алдын алууга биргелешип аракет кылалы
Негизинен алганда кʏйдʏргʏнʏн алдын алуу жолдору да оңой эле, ар бир адамдын жана ʏй-бʏлɵнʏн колунан келе турган эле иш-чараларды жʏргʏзʏʏ керек: Кʏйдʏргʏгɵ каршы жыл сайын ʏй-жаныбарларына эмдɵɵ жʏргʏзʏʏ, кʏйдʏргʏнʏн «уюгу» бар жерлерди жайыт катары, андай жерлердин чɵбʏн тоют катары пайдаланбоо, ооруга шектʏʏ малды соер алдында сɵзсʏз тʏрдɵ ветеринардык адиске кɵрсɵтʏʏ, этин ветеринардык адистин уруксатынан кийин гана пайдалануу, текшерʏʏдɵн ɵтпɵгɵн эт жана сʏт азыктарын сатып албоо жана тамак-ашка пайдаланбоо керек. Малды тейлɵɵдɵ, союуда жеке гигиена эрежелерин сактоо, атайын алжапкыч, колкап, ɵтʏк ж.б. кийʏʏ зарыл. Колуңарды самын менен таза жууп, жугушсуздандыруучу жана залалсыздандыруучу каражаттарды пайдалангыла.
Эң негизгиси, жогоруда айтылган маселелерге кайдыгер болбогула. Кʏйдʏргʏ менен кʏрɵшʏʏдɵ, анын алдын алууда ар бир адамдын, медицина жана ветеринария кызматтарынын, айыл ɵкмɵттɵрʏн, айыл башчыларынын биргелешкен аракеттери аябагандай жакшы натыйжа берерин унутпагыла.
Ош облустук жана Ош шаардык оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун дарыгер эпидемиологтун жардамчысы С.Халматов
Окшош макалалар
2023-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу жөнүндө
Тузду аз колдонуу керек
“Мыйзам ишке кирсе, ата-эне айына 1200 сомдон тɵлɵйт”