20 августа, 2025

МЕН ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ АЙДАЙМ…

– Атам ток менен жʏрʏʏчʏ унаа сатып алды, – деди Мейкин мектепке чогуу бараткан досторуна.

– Троллейбуспу? – деп Мика тамашалай сʏйлɵдʏ.

– Жок, кадимки эле  электромобиль, – деп Мейкин кʏлʏп калды.

– Троллейбус сыяктанып ʏстʏндɵ эки зымы жок бекен? – деди Эрлан тамашага кошулуп.

– Элестет, бардык унаалар чубалган зымдары менен чаташып калганын, – деп элестетип балдар кʏлʏп калышты.

– Электромобиль баарынан  мыкты. Болгону ток менен кубат алат, – деди Мейкин.

– Анын эмнеси мыкты? Энергия тʏгɵнʏп калса, орто жолдо каласың да.  Ал эми бензин бардык жерде сатылат. Каалаган жерден куюп аласың, – деди Эрлан нааразы боло.

– Бензинден да, токтон да арзаны – газ. Менин атамдын машинеси газ менен жʏрɵт. Бул ʏнɵмдʏʏ, экологияга да зыяндуу эмес, – деди Алия.

Балдардын талашы дагы канчага чейин созулат эле, ким билсин. Сɵздʏ Мика бɵлдʏ.

– Балдар, бир сунуш бар. Технология университетине баралы. Атам ошол жерде иштейт. Жакын эле жерде го. Балким, суроого жоопту ошол жерден таап калабыз, – деди Мика.

Эртеси балдар Миканын ʏйʏнɵ келишти. Ал атасы менен машинаны жууп жатыптыр.

– Байке, сиздин унааңыз эмне менен жʏрɵт? – деп сурады Эрлан.

– Кʏйʏʏчʏ май менен да, ток менен да жʏрɵт. Мындай унааларды гибрид деп аташат. Унаа токко сайылбайт. Бензин менен жʏрʏп баратканда ɵзʏн ɵзʏ кубаттандырып алат. Экологияга зыяны тийбейт. ʏнɵмдʏʏлʏк жагынан да кɵрсɵткʏчʏ жакшы, – деди Миканын атасы.

– Мына кызык, Мурат байке, машинаңыз сонун турбайбы! Гибрид дегенди биринчи жолу угушум, – деди Эрлан машинаны тегеренип карап.

Машинаны жууп бʏткɵндɵн кийин, баары окуу жайга жɵнɵштʏ.

– Автоунаа факультети абдан чоң экен. Дубалдагы текчелерде ар кандай ʏлгʏдɵгʏ унаалардын макеттери тизилип турат. Жʏргʏлɵ, алгач биздин окутуучулар менен студенттер кураштырган электромобилди кɵрсɵтɵйʏн, – деди Мурат байке. 

Чоң, жарык, жылтыраган бɵлмɵдɵ укмуштуудай унаа туруптур. Балдар ар тарабына ɵтʏп карай башташты.

– Электр тогу менен жʏрʏʏчʏ транспортту адамдар илгери эле ойлоп табышкан. Мисалы, трамвай, троллейбус, электропоезд. Булар электр тогуна тʏзмɵ-тʏз туташкан абалда жʏрɵт. Ал эми электромобиль аккумуляторго ээ, аны токко сайып кубаттандыруу зарыл. Алган кубаты менен белгилʏʏ аралыкка бара алат.

 Мурат байке унаанын капотун ачып, аккумулятор жайгашкан жерин кɵрсɵттʏ.

– Менин смартфонум бир саатта толук кубат алат, а электромобилчи? – деп сурады Мика.

– ʏй шартында 8-10 саат, атайын кубаттандыруучу жайларда 3-4 саат, тез кубаттандыруучу жайда 30 мʏнɵт ичинде заряддалат.

– Шашып жатсаң, айлаң кетет го…

– Туура, бул – унаанын ыңгайсыз тарабы. Алыска, тоолуу аймактарга бара турган болсоң, жолдо кубаттай турган атайын жайлар жок болсо, унааң токтоп калат, – деп тʏшʏндʏрдʏ Мурат байке.

Бул сɵздʏ уккан Мейкиндин маанайы чɵгɵ тʏштʏ. Ал электромобиль баарынан мыкты деп ойлоп жʏргɵн.

– Бирок, экологияга зыяны жок, – деп Мурат байке сɵзʏн улады. – Ɵзʏнɵн эч кандай тʏтʏн бɵлʏп чыгарбайт. Мисалы, кʏйʏʏчʏ май, газ менен жʏргɵн унаалар абага белгилʏʏ ɵлчɵмдɵгʏ кɵмʏр кычкыл газын бɵлʏп чыгарат.

– Кʏйʏʏчʏ майды бат эле куюп чыгууга болот, кɵпкɵ кʏтʏʏнʏн кажети жок, – деди Мика.

– Эң туура, газды да бат эле толтурууга болот, убакыт ʏнɵмдɵлɵт, – деп жооп берди Мурат байке. 

– Унаалардын артыкчылыгы ушул элеби? – деди Эрлан.

– Муну менен чектелбейт. Эми негизги нерсени эсиңерге тʏйʏп алгыла, айдоочу акчасын ʏнɵмдɵɵгɵ кɵңʏл бурат. Силердин оюңарча, эң ʏнɵмдʏʏ унаа кайсы?

– Электромобиль болуу керек, токко эле сайып коесуң, – деди Мейкин.

– Туура. Мисалы, электромобилге 100 километр жʏрʏʏ ʏчʏн болжол менен 25 сомдун тегерегинде акча керектелет.

– Кантип? Ушунча элеби? – деп балдар таң кала сурашты.

– Демек, электромобиль башка унааларга караганда бир кыйла ʏнɵмдʏʏ болот турбайбы, – деди Мейкин.

– Ооба, мисалы, кʏйʏʏчʏ май менен жʏргɵн, кɵлɵмʏ чоң унаанын айдоочусу 100 километр жол жʏрʏʏ ʏчʏн 15 литр бензин куят. Учурда бензиндин 1 литри, болжол менен 60 сом. Ал эми ушундай эле унаа менен, ушул эле аралыкты жʏрʏʏ ʏчʏн экинчи айдоочу 16 литр газ куят. Газдын ар бир литри 30 сомдон, – деди Мурат байке.

– Газ менен жʏргɵн да арзан болот, бирок кооптуу, ээ?.. – деди Мика.

Автоунаа окуу жайына болгон саякатты балдар кɵпкɵ чейин талкуулап жʏрʏштʏ. Электромобиль менен гибрид унаа темасы эч бʏтпɵй койду.

 “Адамдар ʏнɵмдʏʏлʏктʏ абдан жакшы кɵрʏшɵт. Эгер дʏйнɵдɵгʏ бардык айдоочу электромобиль айдап калса, электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт бекен..?” деген суроо Мейкинди кыйнап жʏрɵт.

Бирок ал чоңойгондо сɵзсʏз электромобиль айдайт…

About The Author