8 сентября, 2024

Дамира Анарбаева: “Баладан кечкен адамдарды жек кɵрɵм”

Бала — Кудайдын берген сыйы, тартуусу, белеги, аманаты. Биз жашап аткан коомдо ата-энелик милдеттен баш тартып, баланы тʏйшʏк кɵргɵндɵр бар экени ɵкʏнʏчтʏʏ. Балдар ʏйʏндɵ тарбиячы болуп эмгектенген Дамира Анарбаева  менен балдар тууралуу сʏйлɵштʏк.

“Балдарга мээримден башкасы жетиштʏʏ”

— Ата-энесиз балдарга тарбиячылык кылуу бир кыйла башка болсо керек? Кыйынбы?

—  “Боорукердик” балдар ʏйʏнɵ ишке кабыл алынган кʏндɵн баштап ушунчалык таасирлендим. Мурдагыга караганда башкача сезим пайда болду. Себеби, балдарга бардык нерсе жетиштʏʏ болуп турса дагы мээримге муктаждык ушунчалык кʏч экенин кɵрʏп, тарбиячы болуу кыйын экендигин билдим. Бир топ кыйынчылыктарга туш болдум. Балдардын кээ бири мээримге муктаж болсо, айрымдары таш боор. Ошол таш боор баланын ички дʏйнɵсʏнɵ кирип, жашоого болгон кɵз карашын ɵзгɵртʏʏ бир топ кыйынчылыктарга алып келген. 

— Ɵзʏңдʏн балаң да кээде аябай ачууландырат. А башка балдарга кандай чыдайсыз? Эми ар кандай кырдаалдар болуп калат эмеспи.

— Мен ʏчʏн балдар ʏйʏндɵгʏ балдар да ɵз баламдай болуп калган. Кээде урушуп алсам кадимкидей тʏнʏ менен кабатыр болуп карап чыгам. Кɵңʏлʏм чɵгɵт. Достошкондо достошом, сырдашканда эне болом. ʏйдɵн ишке келгенимче “келатасызбы, эжеке?” деп телефон чалышат. Тʏнʏ “сизди кучактап жатайынчы” деп жаныма жатып алышат. Кээде эркелеп ɵнɵрлɵрʏн кɵргɵзɵт. Эне болуп баарына чыдайм. 

“Качан ачылат? Сагындык” дешет”

—  Балдар  ʏйʏндɵгʏ балдар  боор басып калган кездери болобу?

— Балдар ʏйʏндɵ ɵрт чыккандыгына байланыштуу учурда балдар фостерде жʏрʏшɵт. Социалдык  коргоодо  балдарды убактылуу карап туруучу адамдар бар. Алар окуп “фостердик” деген сертификат алышкан.  Балдарга барган жери жакса, ɵз эрки менен ошол жерде калса болот. “Боорукердикке” кайтам десе кайтышат. Балдар ɵздɵрʏ чечишет. Азыркы учурда ачылышыбыз белгисиз болуп турат. Балдар болсо телефон чалып, “качан ачылат? Сагындык сиздерди” дешет. Айрым учурда апасына арыздангандай видео байланышка чыгып: “Эжеке, сиңдиме айтыңызчы, тамак жебей жатат” дегендер бар. Тʏшʏндʏрʏп айтсам тамак жеп калат. Жаңы кийим сатып алышса, бир жакка барышса, мага телефон аркылуу айтып, кубанса кубанычын, кайгырса кайгысын бɵлʏшʏп турушат. Бирɵɵсʏ Москва шаарына кеткен. Тез-тез чалып турат. Ɵз баламдай эркелейт, насаатымды айтам, эркелетем.

“Кандай кыйынчылык болсо да, балдарымды эч качан таштабайм” дешет”

— Балдар ʏйʏндɵгʏ балдардын келечеги кандай болот? Кɵрʏп, таанып жʏргɵн адам катары айтсаңыз.

— Бул балдар ɵзгɵчɵ турмушка бышкан балдар болуп чыгышат. Себеби турмушта жаш болуп туруп, кɵп кыйынчылыктарды кɵрʏшкɵн. Алар мага: “эжеке, турмуш жолумда кандай кыйынчылык болбосун балдарымды эч качан таштабайм” деп айтышат. Ошентип тилек кылышат. Мурда тарбияланып чыккан балдар ʏйлɵнʏп, азыр тарбияланып жаткан балдарга жардам кɵрсɵтʏп келип калышат.   

“Балдарга кɵрсɵтпɵй ыйлап алам”

— Балдар ʏйʏнɵн бала асырап алгысы келгендерге балдар кандай кɵз карашта болушат?

— Албетте, ар бир бала ɵз энеси болушун каалайт. Мээрим издешет.

— Балдарга ачууланып урушкан кездериңиз болгонбу?

— Ооба, болгон. Себеби бул балдардын жашоодо экинчи ирет чалынып калышынан корком.

— Эмнеге бул кесипти тандадым деп ɵкʏндʏңʏз беле?

— Алгач ишке киргенимде балдарды кɵрʏп ɵкʏнгɵнʏм бар. Себеби, балдардын мээрим издеп жалжылдаган кɵздɵрʏ жʏрɵгʏмɵ батып кетчʏ.

— Ал балдар бир нерсеге муктаж болсо кимге кайрылат? Же эң жакын кɵргɵн адамына айтабы?

— Тарбиячы эжекесине кайрылышат. Кээ бир чечилбеген иштер болсо, директор мамасына барышат.

“Ɵз балдарымдан жогору кɵрɵм”

— Сиздин иш тажрыйбаңызда эң эсте калган, таасирдʏʏ окуяны айтып бериңизчи.

— Балдар ʏйʏндɵ 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар тарбия алышат.  Бир жолу эки балам сɵз талашып урушуп калышыптыр. Ачуу ʏстʏндɵ экɵɵнʏ тең урушуп койсом, экɵɵ тең бɵлмɵлɵрʏнɵ кирип кетишкен. Урушуп койдум деп ɵзʏмɵ-ɵзʏм капа болуп олтурсам эле эшик ачылып, баары колунан келишинче гʏлдɵрдʏ кɵтɵрʏп кирип келишти. “Эжеке, майрамыңыз менен!” деп жаркылдап турушса, же ыйлаарыңды, же кʏлɵрʏңдʏ билбей калат экенсиң. Кɵрсɵ балдар баарын атайын жасашкан экен. 

Бул балдарды кээде ɵз баламдан да жогору кɵрɵм. Себеби, турмушта жаш болсо да, кɵп нерселерди кɵрʏштʏ. Мындан ары жашоодон кɵңʏлʏ калбаса экен деп аяр мамиле кылам. Бул балдардын дагы жошоодон кɵңʏлʏ калса, психологиялык жактан ɵтɵ катуу травма алып калышынан корком. Жашоого болгон кызыгуусу ɵчʏп калышынан корком. Кээде тʏнʏ жаныма келип, “эжеке, сиз менен жатайынчы, кучактасам болобу?” дегенде ушунчалык жʏрɵгʏм ооруйт. Сиздерге жеткирип айта албайм ал сезимди. Аларга кɵрсɵтпɵй ыйлап алган кʏндɵрʏм болот.

“Балдарга болгон урматым ашты”

— Балага ата-эне канчалык маанилʏʏ экенин кɵзʏңʏз менен кɵрʏп, жʏрɵгʏңʏз менен сезип жʏргɵн адам катары азыркы ата-энелерге эмне деп айтасыз?

— Бирɵɵгɵ кор дʏйнɵ, бирɵɵгɵ зар дʏйнɵ да. Балдарды кɵрʏп ушунчалык кыйналам. Сиздерге жеткирип бере албайм аны. “Боорукердикке” ишке киргенден бери балдарга болгон урматым ашты. Турмушуңуздар оор болсо да, балдарды таштабаңыздар. Алар бул жашоого кандай гана ʏмʏттɵр менен келишет. Ар бир баланы кудайым берип жатканда ырыскысын кошо берет.  Бир катаны деп баладан кечкен адамдарды жек кɵрɵм. Катаны сиз жасап, азабын бала тартпаш керек. Алар да бактылуу болууга укуктуу. Эч бир бала ата-энесиз калбасын.

Бʏкалча Маматали кызы