27 июля, 2024

Терең билим, татыктуу   тарбия берген №16 лицей

Дʏйнɵнʏ билимдʏʏлɵр гана башкарат. Ошондуктан заманбап билим берген ар бир окуу жай алкышка арзыйт. Алардын ичинде №16 кесиптик лицей да бар. Кесиптик окуу жайдын ишмердʏʏлʏгʏ, ийгиликтʏʏ окуучулары тууралуу алдыда баяндайбыз.

Арзыгʏл Каримова, окуу бɵлʏмʏнʏн башчысы.

“Кесиптик лицей ɵсʏп — ɵнʏгʏʏ жолунда”

-Биздин лицей 1964-жылы 29-декабрда Оштогу пахтадан кездеме токуу ɵнɵр жайына жумушчу кадрларды даярдоо ʏчʏн №16 Кесиптик- техникалык окуу жайы болуп тʏзʏлгɵн. Ошол кезде токуучу, ийрʏʏчʏ, тегиздɵɵчʏ, тʏрʏʏчʏ, даяр продукцияларды текшерʏʏчʏ, электрик, мастердин жардамчысы адистиктерин окуткан жана ɵндʏрʏштук окуу, практиканы Оштогу пахтадан кездеме токуу ɵнɵр жайында ɵткɵрʏшкɵн. Окуу жайдын окуучулары Ош шаарындагы комбинаттарда эле эмес, Союздун бир канча шаарларында, атап айтсак Фрунзе, Воронеж, Туймазы, Андижан, Ленинград, Рига шаарларындагы ɵнɵр жайларда практикада болушкан. Союзун ыдырашы биздин окуу жайга да терс таасирин тийгизди. Себеби кɵптɵгɵн завод, фабрикалар менен экономикалык байланыш ʏзʏлʏп, алар ɵз ишин токтотуп, жабылды. Ошонун негизинде окуучулардын саны кескин тʏрдɵ тɵмɵндɵп, кесиби бар жарандар ишсиз калышкан.

-1993-жылы 6-августта аталган окуу жай №16 Кесиптик лицей болуп кайрадан тʏзʏлгɵн. Эмгек рыногунун талабына жараша токуучу-тигʏʏчʏ, ийрʏʏчʏ-тигʏʏчʏ , ЭЭМ оператору, электрик кесиптерине жумушчу кадрларды даярдай баштаган. Кийинчерээк окуу жайда кээ бир адистиктер жоюлуп элдин суроо талабын канааттандыруу максатында тигʏʏчʏ, ширетʏʏчʏ, автоунаа ондоочу, бухгалтер, офис-менеджер кесиптерине  адистер даярдала баштаган. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин окуу жай бир нече чет элдик долбоорлор жана социалдык ɵнɵктɵштɵр менен иштешип келет. Алар: МОМ, GIZ,  «KNAUF», АБР, ПРООН, эмгек жана миграция башкармалыгы, ОшТУ, Ош обл.ОФ. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы чыңдалып заман талабына жараша ɵнɵрканалар жабдылды. 

“Учурда 869 окуучу билим алууда”

-Биздин окуу жай ушул мезгилге чейин 26 миңден ашуун жумушчу кадрларды даярдап келʏʏдɵ. Азыркы мезгилде 9 кесип боюнча адистерди даярдайт. Окуу мɵɵнɵтʏ 3 жыл, 2 жыл жана 10 ай мɵɵнɵттɵ 9-класс, 11-класстык билими менен жана кыска мɵɵнɵттʏʏ курстар.

— тигʏʏчʏ;

— автоунаа оңдоочу;

— электргаз ширетʏʏчʏ;

— кургак курулуш адиси;

— электрмонтеру;

— сантехник;

— WEB-сайт тʏзʏʏчʏ;

— компьютер жана офистик жабдыктарды тейлɵɵчʏ жана оңдоочу уста.

— 1С бухгалтерия;

2022-жылдан баштап 9-класстын базасында окуу мɵɵнɵтʏ 2 жыл болуп калды. Быйылкы окуу жылында окуу жайда 869 окуучу билим алууда. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга лицейди бʏткɵндɵн кийин орто билими жɵнʏндɵ аттестат жана адистиги боюнча диплом берилет. Мугалимдер жогорку билимдʏʏ жана компетенттʏʏ. Жалпы билим берʏʏчʏ предмет мугалимдери ар 5 жылда Ош  билим берʏʏ институтунда квалификациясын жогорулатып турушат. Кесиптик предмет мугалимдери  жана устаттар Республикалык илимий методикалык борборунда педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда квалификациясын жогорулатышат. Ошондой эле региондук квалификацияны жогорулатуу институттары жана усулдук борборлору менен эки тараптуу макулдашуулардын натыйжасында методикалык атайын семинар-тренингдер ɵткɵрʏлʏп келет.

Окуу жайдын жамааты бʏгʏнкʏ кʏндɵ 105 инженер-педагогикалык жана техникалык кызматкерлерден куралган. Кесипкɵйлʏгʏн кɵрсɵтʏп жогорку кɵсɵткʏчтɵргɵ жеткен педагогикалык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын “Даңк “ медалы, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы , “Билим берʏʏнʏн мыктысы”, “Кесиптик билим берʏʏнʏн мыктысы” тɵш белгилери менен сыйланышкан.

Ушул иш аракеттерибиздин баары жаштарды кесипкɵй болууга, замандын талабына жараша ɵсʏп-ɵнʏгʏʏгɵ, келечекте татыктуу инсан болууга окутуп-тарбиялоо.

Назгʏл Ахунбаева, окуу-тарбия иштери жана социалдык маселелер боюнча директордун орун басары.

“Билимден сырткары балдардын туура тарбиясы биз ʏчʏн маанилʏʏ”

-Терең билим берʏʏ менен жаштарга татыктуу тарбия берʏʏ биз ʏчʏн маанилʏʏ. Себеби лицейге ɵспʏрʏм, ɵткɵɵл курактагы балдар келишет. Жакшы тарбия берʏʏ максатында тʏрдʏʏ иш-чаралар, тарбиялык сааттар, класстык сааттар ɵтʏлɵт. Лицей окуучуларынын бош убактысын пайдалуу ɵткɵзʏʏ ʏчʏн лицейде тʏрдʏ спорттук жана кесиптик ийримдер уюштурулган. Ошондой эле окуучулардын таланттарын жана жɵндɵмдɵрʏн  кɵрсɵтʏʏ максатында тʏрдʏ даталуу майрамдарды, конкурс, кесиптик сынактарды ɵткɵзʏп турабыз. Ɵспʏрʏм балдар арасында кылмыштуулукту алдын алуу ʏчʏн Ички иштер министрлигинен жаш ɵспʏрʏмдɵр инспектору бɵлʏнгɵн. ЖƟИ менен биргеликте жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар, тарбиясы оор балдар менен ɵзгɵчɵ иш жʏргʏзʏлʏп турат. №16 Кесиптик лицей шаардагы массалык иш-чараларга да активдʏʏ катышып келебиз. Мисалы, Тʏрксой уюмунун маданий иш-чарасында, шаар кʏнʏ, ак калпак, эне тил кʏнʏ жана башка бир канча даталуу кʏндɵрдɵ лицейдин балдары жана мугалим-устаттар жамааты активдʏʏ катышып келишет. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар комитети менен тыгыз байланышта болуп жаштар арасында уюштурулган иш-чараларга активдʏʏ катышабыз. Кесиптик лицейлер аралык спорттук оюндар тынбай ɵткɵрʏлʏп, окуучуларыбыз байгелʏʏ орундарды алып келишет. Бул жаштарды сергек жашоого ʏндɵɵнʏн бир тарабы деп эсептейбиз. Социалдык маселелер боюнча айта кетсем, бизде жакшы окуган окуучуларга стипендия ыйгарылып жана окуучулар бир маал бекер ысык тамак менен камсыздалган. Аярлуу катмардагы, ата-энесинен ажырап калган балдарга ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат, аларга ɵкмɵт тарабынан стипендиялар берилет. Аярлуу катмардагы балдардын психологдор менен иштɵɵсʏнɵ шарт тʏзʏлʏп, эмоционалдык ден соолугун дагы кɵзɵмɵлдɵйбʏз. Жʏрʏм-туруму, билими жагынан мыкты окуган окуучуларга жана аярлуу катмардагы балдарга жылына бир ирет Ысык-Кɵлгɵ акысыз эс алып келʏʏгɵ жолдомо берилет.

Алыстан келген окуучулар ʏчʏн 200 орундуу жатакана ʏч маал ысык тамагы менен уюштурулган. Учурда 120-130 бала жашап жатат. Балдардын коопсуздугун, тазалыгын кɵзɵмɵлдɵгɵн ʏч тарбиячы, бир жатакана жетекчиси эмгектенет. Тазалыкты сактап, экологияны коргоого басым жасалып, шаардык деңгээлдеги ишембиликтерге, кɵчɵт эгʏʏ акцияларына катышабыз. Бул баланы эмгекке тарбиялоодо зор салым кошот десем жаңылбайм.

 Гʏлиза Жылчыева, усулчу, физика мугалими. 

“Эң мыкты лицей” сынагындагы баш байге

— 2022-2023-окуу жылында жалпы предметтер боюнча жана 4 кесип: электр жабдыктарын оңдоочу электрмонтеру, слесарь-сантехник, Web жана мультимедиялык каражаттарды иштеп чыгуу, компьютерлерди жана кеңсе техникаларын оңдоо жана тейлɵɵ боюнча устат кесиптерине Билим берʏʏ жана илим министрлигинин аккредитациялоо бɵлʏмʏнɵн 5 жылдык мɵɵнɵткɵ аккредитациядан ɵттʏк. Мындан сырткары, ɵлкɵ боюнча жалпы лицейлер арасында  Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан “Эң мыкты лицей” деген сынак уюштурулган,  сынак ʏч этапта ɵткɵрʏлʏп, лицейибиз ар бир этапта жогорку баллдык кɵрсɵткʏчкɵ ээ болуп, баш байгени утуп алдык. Кыргызстан боюнча жалпы 100дɵй лицей бар, ошол лицейлер арасында  “Кесиптин мыктылары” деген конкурстар да уюштурулуп турат. Уюштурулган конкурстарда да № 16 Кесиптик лицейи ар дайым баш байгелерге ээ болуп келе жатат.  Ошондой эле бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз билимдерин дага да улантуу  ʏчʏн жалпы республикалык тестирлɵɵлɵргɵ катышып  жогорку балл алып, ЖОЖдордогу  бюджеттик жана контрактык негизде улантып жатышат.

 Алтынбек Шааболотов, ɵндʏрʏштʏк окуу боюнча улуу устат.

“Бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз ишке орношуу боюнча 70-76% кɵрсɵткʏчтʏ тʏзɵт”

-Кесиптик лицейлерге жылдан-жылга суроо талап артып келе жатат. Быйылкы жылы пландан сырткары отуз бала кабыл алдык.Окуу жайдын негизги максаты эмгек рыногунун талаптарына ылайык жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ квалификациялуу кадрларды даярдоодо биздин лицейде ɵз ишин мыкты билген устаттар, мугалимдер билим берип келишʏʏдɵ жана окуу жайдын  материалдык-техникалык базасы эл-аралык проекттердин жана эмгек жамаатынын жардамы менен толук камсыз болгон. Лицейде жалпы аянты 1000 метр квадрат тегеригиндеги 13 окуу-ɵндʏрʏштʏк ɵнɵркана жана окуу полигон, лабораториялар бар. Биз квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдагандыктан  жумуш берʏʏчʏлɵр менен тыгыз иштешебиз жана алардын талабын биринчи орунга коёбуз. Мисалы: окуу программаларын тʏзʏʏдɵ жумуш берʏʏчʏлɵр менен макулдашып тʏзɵбʏз, ошондой эле технологиянын жаңыланышы менен биз да заман талабына ылайык жабдууларыбызды жаңылап туруудабыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 50гɵ жакын иш берʏʏчʏ мекемелер менен тыгыз иштешебиз. Атап айтсак, Кыргыз-текстиль, Ош ПВЭС, Ош шаар суу канал ишканасы, Барс групп ЛТД ЖЧКсы, ЖБИ жана башка мамлекеттик, муниципалдык, жеке ишканалар.Кесиптик лицейлерде жаңы билим берʏʏ мыйзамдарына ылайык, кɵз карандысыз сертификация, дуалдык окутуу боюнча иш чараларды жʏргʏзʏп келʏʏдɵбʏз. Былтыркы жылдан баштап, тигʏʏчʏлɵрдʏ дуалдык окутуу боюнча “Кыргыз-текстиль” ишканасы менен келишим тʏзʏп, отуз окуучу ошол жактан билим алышты. Быйылкы жылы да дуалдык окуу боюнча келишимибиз бар, тагыраагы жумуш ордунда окутуу боюнча. Ал эми бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏздʏн ишке орношуусу жалпысынан 70-76% кɵрсɵткʏчтʏ тʏзɵт. Кɵпчʏлʏк бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз миграциянын агымы менен чет мамлекетке кетишет, алар менен байланышты ʏзбɵй ɵз кесиптери менен иштеп жаткандыгына анализ кылып турабыз.

-Жеке ишканалар менен окуучулардын практикасы боюнча келишим тʏзʏʏдɵ кыйынчылыктар жаралып турат. Акыркы беш жылдыкта малекеттик жана жеке ишканалардын кɵбɵйгɵнʏн байкасак болот. Мисалы: шаарыбызда «Кыргыз-текстиль»  жана темир конструкцияларды иштеп чыккан Барс групп ЛТД ишканаларынын жетекчилери Ташбаев Учкунбек Азизбековичке жана Локенов Самаганга учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиребиз. Себеби практикага жайгашкан окуучуларга тамагын дагы, акчасын дагы тɵлɵп келишʏʏдɵ. Республикабыздын экономикасынын ɵсʏʏсʏ ʏчʏн ушундай жумуш берʏʏчʏлɵр менен иштешʏʏ биз ʏчʏн сыймык.     

Дилмурат Колдошов, маалымат технология мугалими.

Программистер жана компьютерди оңдоо боюнча техниктер

-Биздин кесиптик лицейде IТ тармагы боюнча эки адистик окутулат. Алар “Веб сайтты жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу” жана “Компьютерди, кеңсе техникаларын оңдоочу жана тейлɵɵчʏ устат”.Веб сайтты жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу кесибине киришерде алгач окуучуларга сайттын тʏзʏмʏн, тагыраагы структурасын тʏзʏп, аны кооздогон HTML, CSS тилдери окутулат. Анадан кийин гана программалоо тили деп эсептелген JavaScriptти окута баштайбыз. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, JavaScript – эң популярдуу, жеңил чечмеленген компиляцияланган программалоо тили болуп саналат. Дʏйнɵнʏн эң белгилʏʏ компаниялары да ɵзʏнʏн долбоорлорун иштеп чыгууда жана JavaScriptти колдонушат. Мындан сырткары “Компьютерди, кеңсе техникаларын оңдоочу жана тейлɵɵчʏ устат” адистигинде программалык жана техникалык каталарды талдап, практика жʏзʏндɵ оңдоп-тʏзɵткɵндʏ ʏйрɵнʏшɵт. Окуу мɵɵнɵтʏ жалпы 10 ай.  

Нурбек Замирбеков, башкы эсепчи.

Окуу жайда жасалган алгылыктуу иштер

-Окуу жай негизинен бюджеттин эсебинен каржыланат. Андан сырткары атайын эсеп бар. Атайын эсепке кыска мɵɵнɵттʏ курстарды окутуп, даярдоо боюнча ишке орноштуруу борборунан, миграциядан каражаттар бɵлʏнɵт. Лицей кɵптɵгɵн долбоор, проекттер менен иштешип келет, алардын окуу жайга кошкон салымы чоң. Бул мезгилге чейин кɵптɵгɵн жумуштар аткарылып келген, акыркы жасалган иштерге токтоло кетсем, окуу жайдын имаратынын жана спорт залынын  чатыры алмаштырылды, окуу жайдагы кызматкерлерге жана окуучуларга ыңгайлуу шарт тʏзʏʏ максатында имараттын алдыңкы бɵлʏгʏнɵ асфальт тɵшɵлдʏ. Кɵптɵн бери ишке ашпай келген эски окуу корпусунун ичине жылуулук системасы орнотулуп, Ош жылуулук электр борборуна туташтырылды. Ашкананын ичи быйылкы жылы утурумдук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ. Жогоруда аталган алгылыктуу жумуштардын кɵпчʏлʏгʏ бюджеттен жана ɵзʏбʏздʏн атайын эсептен каржыланып келʏʏдɵ. Ашар жолу менен кɵп жылдан бери иштебей турган ажатканабызды ишке киргиздик. Окуу жайдын жана билим алган окуучулардын коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵɵ толугу менен видеобайкоого алынган. Учурда бюджеттин жана атайын эсептен окуу-ɵндʏрʏштʏк имараттын жана ашкананын терезелери жаңы пластикалык терезелерге алмаштырылып жатат. Жогорудагы аткарылган жумуштар жалпысынан  жетекчибиз Нематкан Токобековнаны кɵрсɵтмɵсʏ жана иш аракети менен ишке ашырылууда. Бул менен жумушубуз токтоп калган жок алдыда окуу жайды ɵркʏндɵтʏп, материалдык-базаны чыңдап, жумушчу кадрларга жана билим алуучуларга ынгайлуу шарт тʏзʏʏ максатында алдыга койгон пландарыбыз чоң.

Бексултанова Элнура, Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин “Тигʏʏчʏ, тигʏʏ жабдууларынын оператору” кесибинин  бʏтʏрʏʏчʏсʏ:

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейин “Тигʏʏчʏ, тигʏʏ жабдууларынын оператору” кесибин 2023-жылы июнь айында аяктадым. Лицейде 3-курста окуп жʏргɵндɵ ɵндʏрʏштʏк практиканы “Кыргыз Текстиль” тигʏʏ фабрикасында ɵтʏп, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ушул жерде иштеп жатам. Учурдан пайдаланып, татыктуу билим берген лицейдин жалпы жамаатына ыраазычылгымды билдирем.

Эламан Абдувалиев, №16 Кесиптик лицейинин 2-курсунун окуучусу.

-Мен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун келип “электр, газ менен ширетʏʏчʏ” кесибинде окуп жатам. Лицейде алыскы райондордон келип окуган окуучулар ʏчʏн жатакана, ашкана, окуу залы, китепкана, спорт зал, компьютердик класстар баары бар. Жатаканада акысыз жашайбыз, окуучулар ʏчʏн ʏч маал ысык тамак берилет. Тарбиячылар, вахтадагы эжелер ɵз ата-энендей мамиле жасашат. Айтор, билим алууга болгон шартты тʏзʏп беришкен.

Бул лицейде агаларым да окуп бʏтʏп кетишкен. Азыр 2-курс болгонума карабастан ɵндʏрʏштʏк окутуу сабагынан алган билимимди пайдаланып баарын жасап жатам. Жайкы каникулда ширетʏʏ цехинде иштеп жʏрдʏм. Мындан сырткары ʏйгɵ дарбаза, жʏзʏмтак жасадым, ата-энем аябай ыраазы болушту. Азыр кудайга шʏгʏр, буюртмаларды ала баштадым.