27 июля, 2024

Айгʏл Узакова: “Мен эч кимди сʏйгɵн жокмун, мени эч ким сʏйгɵн жок”

Акын Айгʏл Узакова Ысык-Кɵл районунун Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган. Сʏйʏʏ жайы акындын ырларында жаштык курактын тагдыры катары кɵрʏнɵт жана ал махабат арманы, кɵз жаш агызган бактысыздык катары эмес, анын реалдуу тагдыр-турмушу иретинде ырдалат. Айрыкча кʏз тууралуу тɵгʏлʏп-чачылып ыр жазган акын кʏз кʏнʏндɵ 63 жаш курагында бул дʏйнɵ менен коштошуп кетти. «Жылдыздуу кʏз», «Кеч жарык», «Тʏнкʏ асман», «Жʏрɵгʏм менен сʏйлɵшʏʏ» аттуу ыр жыйнактарынын, «Шамал, шамал бузба чачымды», «Сагынган жанмын сага окшош» ж.б. кɵптɵгɵн обондуу ырлардын автору.

Ɵрттɵдʏм дебе, жаз менен келип жалынга,

Жаныңда турсам жайдары мʏнɵз кɵрʏнʏп.

Сен ала келген кɵлʏмдʏн ысык демидир,

Сан ойго бʏгʏн ээ бербей турсам тɵгʏлʏп.

Мезгилди кʏткɵм маанайы кʏздɵй кыялкеч,

Муңайым жанган ʏмʏттɵн тʏзʏп бир элес.

Убайым жеген кʏндɵрдʏ тапсам бир паска,

Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер ɵтсɵ кɵк ирим жээкке таң менен,

Сагынчың тɵгʏп, толкунга бол дейм жан жолдош.

Тʏйшʏктʏʏ ɵмʏр, тʏндʏгʏм алыс болбосо,

Мен деле кɵлдʏ сагынган жанмын сага окшош.

Рыспай Абдыкадыров ɵзʏнʏн чыгармачылыгында Айгʏл Узакованын «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Ɵгɵйʏ болдум сʏйʏʏнʏн», «Болсо керек жумшак сагыныч» деген бир нече ырына кайрылган. Ушундан уламбы, кээ бир окурмандар обончу менен акындын жеке мамилесине кызыгып келишет. Бирок акын Бактыгʏл Чотурованын айтымында Рыспай Абдыкадыров менен Айгʏл Узакованын ортосунда болгону чыгармачылык байланыш гана болгон.

Ɵксʏккɵ жабыккан жеке тагдыры тууралуу

Ɵзʏнʏн жалгыздыгын, ɵксʏккɵ жабыккан жеке тагдырын жазуу аркылуу адамзатты ойлонууга, тирʏʏлʏктʏн, махабаттын баркын билʏʏгɵ чакырган акын Айгʏл Узакова кɵзʏ тирʏʏсʏндɵ журналисттерге берген маектеринин биринде мындайча кеп салган экен: “Эгер чынын айтсам, мен эч кимди сʏйгɵн жокмун, мени эч ким сʏйгɵн жок. Сʏйʏʏгɵ ээ болуш ʏчʏн кыз кылыгы менен болуш керек экен. А мени атам кичинемден “Айгʏл билет, Айгʏл сʏйлɵсʏн” деп койсо ɵзʏм же эркек баладай болбой, же кыз баладай болбой сʏйʏʏдɵн алыс болуп калдым.”

Акындын бул маегинен улам чыгармачыл инсандардын жеке тагдырына байланыштуу бир икая эске келет. Дʏйнɵлʏк бир улуу сʏрɵтчʏ ɵмʏр бою деңиздерди, тоодой толкундарды тартыптыр. Эл аны деңиздер курчаган аймакта жашайт го деп ойлошчу экен. Бирок кийинчерээк кʏйɵрмандары анын ɵмʏр бою бир тамчы сууга зар болгон чɵлдɵ жашап, деңизди таптакыр кɵрбɵгɵнʏн билип, таң калган. Кɵрсɵ ал улуу сʏрɵтчʏ ошол кыялдары менен жашаган экен.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов:

“Поэзиядагы ачыктыкты, музыкалуулукту таба билген”

— Айгʏл Узакова кɵп убактысын басманын тʏйшʏктɵрʏнɵ жумшады. Чыгармачылыкка аз убакыт бɵлдʏ. Бирок аз жазса да, кыргыз поэзиясына ɵз изин калтырып кетти. Мисалы, “Кɵл тʏстʏʏ кɵйнɵк кийип бʏгʏн тʏнʏ, бʏгʏн тʏнʏ тʏшʏңɵ кирсем экен”,- дейт. Ушундай акылга келбеген сʏрɵттɵр менен жакшынакай бир ойлорду айтып койгон учурлары кɵп. Ошол эле учурда анын ырдын ыргагын жана ʏндɵштʏк кубулуштарын укмуш ɵздɵштʏрʏп алганын байкоого болот. Мисалы, эмне ʏчʏн Рыспай Абдыкадыров, Каныкей Эралиева, азыркылардан Тʏмɵнбай Колдошев Айгʏл Узакованын тексттерине кайрылып жатат? Себеби, тексттин автору поэзиядагы ачыктыкты, музыкалуулукту таба билген.

Шакирти Бурулкан Карагулова:

“Анын ырларын окугандан кийин сʏйʏʏ темасында эркин жаздык”

 — Ал биринчи жолу сʏйʏʏ темасындагы ырларга балталап жол ачты десемби, же кандай тилде айтсам, айтор биз жаштар анын ырларын окугандан кийин бул темада эркин жазууга бел байлаганбыз.Чынында ошол кездерде бул тема кыздар поэзиясында жашыруун тема эле. Бизге анын “Сиз жана Кʏз” деген ыр тʏрмɵгʏ ɵтɵ таасир эткен. Ошондон кийин биз жашырган ырларыбызды уялбай эле китеп кылып чыгарууга аракет кыла баштаганбыз.

Кыргыз эл акыны Тɵлɵгɵн Мамеев:

“Узакова ɵзʏнʏн жеке кʏйʏтʏн эмес, махабаттын таза экенин ырдаган”

-Айгʏл Узакованынын ырларын окугандардын кɵбʏ ал ɵз башынан ɵткɵн сʏйʏʏлɵрʏн ырдап жатат деп тʏшʏнʏшʏ мʏмкʏн, а чындыгында Узакова ɵзʏнʏн жеке кʏйʏтʏн эмес, махабаттын таза экенин ырдаган. Кээ бир кыздар жыйырма жашында жигити кетип калса эле ыйлап, ɵзʏнʏн жеке тагдырын ырдап жʏрʏп азыр сексен-токсонго чыккан акын болуп калышты. Ал эми Айгʏл Узакова дʏйнɵдɵ сʏйʏʏдɵн башка адамгерчилик да бар экенин ырдап ɵттʏ.

Курсташы Тынчтыкбек Нурмамбетов:

“Поэзия ɵзʏ сыр анан тагдыр. Айгʏлдʏн тагдыры татаалыраак болуп калды”

-Айгʏл Узакова менен 1971-жылдан баштап Улуттук университетте бирге окуп калдык. Кɵңʏл алып учат шаштымды,

Жолугууга ɵтɵ шаштымбы.

Кымбатыма алдым жасанып,

Шамал, шамал, бузба чачымды. Бул ыр 70-жылдардагы жаштардын хит ыры эле да. Биздин агайлар да ырдачу эч кимге угузбай, сездирбей. Айгʏл бизден 2 жашка улуу эле. Шаарга да бизден мурда келген. Кɵргɵн жигиттер селт этип ɵзʏн жоготуп койчу. Сʏйлɵгɵнʏ, турганы, кʏлгɵнʏ дагы табиятынан акын болуп тɵрɵлгɵн. Болгону жупкадай тɵрт китеп жазган. 18 жашынан 60 жашка чейин бирге окудук, бирге жʏрдʏк, бирге иштештик. Аз келгенсип коңшу да болуп калдык. Менин эсимде, замандаш акындардын арасында сыйлык, наам алыш ʏчʏн кʏрɵшкɵн жок, умтулган да жок, ойлогон да жок. Жʏрɵгʏ менен сʏйлɵшʏп, жʏрɵгʏндɵ эмне болсо, ошону жазды. Жʏрɵгʏ менен сырдашты. Ал ɵзʏнʏн тагдырын ырга айлантты. Акын ɵзʏнʏн жан сырын, билген-туйганын кагазга тʏшʏрʏп, ошол аркылуу окуган адамдын уйкусун качырган. Поэзия ɵзʏ сыр анан тагдыр. Айгʏлдʏн тагдыры татаалыраак болуп калды. Жалгыз гана Нурдин деген уулу бар. Айгʏл: “менин тагдырымдын баары ырларымда” дейт. Мен Айгʏлдʏн кɵзʏ ɵткɵндɵ анын китебин карап турсам, мындай бир ыры бар экен:

Айга да чайдым, Кʏнгɵ да чайдым,

Аз да болсоң арыбасын жан ырым.

Кадырыңды билгендердин жʏрɵгʏнɵн тʏнɵк тап,

Меникинен жакшы болсун тагдырың, — дейт. Менимче, ал ɵзʏнʏн ырларына кɵкʏрɵктɵн сызылып чыккан ɵксʏгʏн да салган. Ɵзʏнʏн тагдырын, махабатын ырдаган.

Обончу Тʏмɵнбай Колдошов:

“Табият аркылуу ɵзʏнʏн тагдырын ырдаган акын”

-Мен Айгʏл Узакованы ɵмʏрʏмдɵ бир эле жолу кɵрʏп калдым. Ырына обон жазгандан кийин бир себеп болуп жолугуп калдык. Элегия жанрына багытталган ырлары жɵнʏндɵ макала жазганмын. Айгʏл Узакова поэзиясында дээрлик ɵзʏнʏн тагдыры, ɵзʏнʏн сезимдерин ырдады. Артыкчылыгы да, ɵзгɵчɵлʏгʏ да ушул болду. Мен мекен жɵнʏндɵ, эне жɵнʏндɵ жазышым керек деген жарма акындар кɵп эмеспи. Коомдун пикирин ɵзгɵртʏʏ, же коомдун кɵңʏлʏн ɵзʏнɵ бурдуруу ʏчʏн аракет кылган учурлар да кɵп болот. Айгʏл Узаковада тескерисинче, андай публикадан качуу бар. Кɵп деле интервью бербептир акын. Мунун да жɵнʏ бар деп ойлойм. Терең деңиздер кɵп чайпалбагандай эле акындын да кɵзʏндɵ, жʏзʏндɵ токтоолук бар. А бирок ички бороону, ички уйгу-туйгуларын ырларынан кɵрɵбʏз. Акындын ырларына кɵз жʏгʏртʏп кɵргɵндɵ жазды дайым “Сен” деп кайрылган экен. “Сен жана Жаз” ырлар тʏрмɵгʏ, “Сиз жана Кʏз” ырлар тʏрмɵгʏ бар. Табият аркылуу ɵзʏнʏн тагдырын ырдаган акын катары эсептейм. Акын музыкалуу поэзиянын ээси.

Маматали кызы Бʏкалча

Ыр келиптир бʏгʏн менин ʏйʏмɵ

Ыр келиптир бʏгʏн менин ʏйʏмɵ,

Калем кармап, тосуп чыктым жʏгʏнɵ.

Кɵптɵн бери кɵкʏрɵгʏм бош эле,

Кʏбʏрɵнʏп, жыргап калдым сʏйʏнɵ.

Жазылбаса жанга тынчтык бербеген,

Жазга ынак айдарым жел дем менен.

Ырларымды алпечтегим келет эй,

Кыйындарга кээде мени теңдеген.

*****

Ɵкʏнʏчтʏ ɵзʏм тандап алгансып,

Мынча шайыр кɵздɵр менен карадың

Ызалагың келсе эгер кɵɵнʏмдʏ,

Ишенип кой, бул ишиңде жарадың.

Ɵзɵгʏмдʏ ʏзɵ тарткан сагыныч,

Бир шооласын издээр эле жʏзʏңɵн.

Кɵңʏл эргип турган чакта жолукпай,

Жʏдɵп турам ушул жолку кʏлкʏңɵн.

Сен жɵнʏндɵ башка бирɵɵ ой жоруп,

Кыялданбас деп ойлопмун менчелик.

Билбептирмин каларымды ɵкʏнʏп,

Ал кыялдан баш тартууга кез келип.

Не демекмин, мейли эми кайыр кош.

Кʏн келбесин кʏлкʏң ɵчʏп жашыган.

А мен болсо, кыял менен байыган

Бар сырымды алдырганга басынам…