27 июля, 2024

Рахман Разыков. “Бʏтпɵй калган дилбаян”

Бабур атындагы музыкалык драма театрында куудул, сценарист, жазуучулар союзунун мʏчɵсʏ, саясатчы, коомдук ишмер, маркум Рахман Разыковдун “Бʏтпɵй калган дилбаян” аттуу китебинин бет ачары болуп ɵттʏ. Иш чараны маркумдун жубайы Диля Разыкова уюштурган. Таланттуу инсандын жакындары  эскерди.

Токтайым Разыкова, эжеси:

“Атам Рахманга баа берип, чыгармачыл инсан болот дечʏ”

-Токтайым эже, агайга чыгармачылык талант кимден ɵткɵн, ʏй-бʏлɵдɵ башка бир туугандарыңыз да ыр жазышабы?

-Атабыз ɵзʏ ыр, аңгемелерди жазган чыгармачыл киши эле. Апам жɵнɵкɵй ʏй кожойкеси болгон. Менден чоң агам менен иним Рахманга чыгармачылык ɵнɵр атамдан ɵткɵн деп ойлойм. Тагдырдын жазганы экен, иним жашоодон эрте кетип калды. Кичинекей кезинде эле мектепти жакшы окуп, мээнеткеч, адамгерчиликтʏʏ, мʏнɵзʏ токтоо, бирɵɵгɵ катуу сʏйлɵбɵгɵн бала эле. Биз 7 бир тууганбыз, Кара-Суунун Савай айылында тɵрɵлʏп, чоңойдук, Рахман ʏй-бʏлɵдɵ тɵртʏнчʏ уул болгон. Бир туугандарын баалап, сыйлап, ал-акыбалыбызды сурап турган таянычыбыз эле. Атам ага абдан баа берип, келечекте чоң чыгармачыл инсан болот деп калчу.

Жазган чыгармаларын айтсам турмуштун чындыгын таамай чагылдырган элге жагымдуу чыгармаларды жаратты деп айта алам. Эл да ошондой бааласа керек. Жазып кеткен чыгармаларынан ɵзʏнɵн кийинки муун жакшы тарбия алат деп ишенем.

Диля Разыкова, жубайы:

“Кээде окуучуларына таарынып калар эле”

-Жолдошуңуздун жашоодо эң сʏйʏнгɵн жана эң ɵкʏнгɵн нерселери эмне болду?

-“Бешилик” деп аталган эстрада-тамаша тобун ачканыбызда аябай сʏйʏнгɵн. Анткени Кыргызстанда алгачкылардан болуп куудулдар мектебин негиздеп, ага куудулдук шыгы бар жаш балдарды топтоп, сахнага алып чыгып, элдин таразасына коюу бир чети сыймыктуу бир чети ɵтɵ чоң жоопкерчилик болчу. Эмнеге эң кɵп ɵкʏнгɵнʏн билбейм, бирок кээде окуучуларынын Рахманга жасаган мамилелерине, кылык-жоруктарына бир аз таарынып калар эле. Бул тууралуу жаңы “Бʏтпɵй калган дилбаян” китебинде жазып кеткен.

“Эн бириңчи угуучусу мен болдум”

-Чыгармаларын жазууга кайсыл учурда кенен киришип калар эле?

-Ырларды качан жазгысы келгенде дароо жазчу. Жолдо баратсак дагы “телефонуңду алып мен айткан саптарды жаза калчы” деп айткан саптарын жазып, телефонго сактап койчумун. ʏйгɵ келгенде ал саптарды кайрадан карап чыгар эле. Негизги жазган жери ʏйдʏн ашканасы боло турган. Кечинде жумуштан келип, кенен-кесир отуруп кагаз бетине чиймелеп калчу. Кээде  тʏнкʏ саат 3-4 кɵ чейин жазат болчу, мен жанында отуруп биринчи угуучусу болор элем.

 “Биз бактылуу ɵмʏр сʏрдʏк”

-Кантип таанышып, турмуш куруп калдыңыздар?

-1987-жылы Ош шаарында “Аралаштын” алгачкы концертинде таанышып калдык. Анда куудулдар командасы “Азил чыны аралаш» деп концерт коюушчу. Анын токтоо, анча-мынчага майдаланбаган, ак кɵңʏлдʏгʏ, колу ачыктыгы, мени менен акылдашып, аял катары мени сыйлаганын, айта берсе кɵп жакшы сапаттары бар эле. Биз бактылуу ɵмʏр сʏрдʏк. Рахмандын ʏч никесинен ʏч уул, ʏч кызы бар. Ал эми экɵɵбʏздʏн ортобузда бир уул, бир кыз бар.

“Китептен тʏшкɵн каражатты кайрымдуулукка жумшадым”

-Жолдошуңуз менен кайсы сапаттарыңыз окшош эле?

-Экɵɵбʏз тең токтообуз. Анан эмнегедир окшош ойлонор элек, бир нерсени айтайын деп баштаганда кʏлʏп жиберет болчу, “сен кайдан билип алдың, азыр сага ушинтип айтайын деп тургам” же ушинтип айтсамбы деп ойлонуп жаткам  деп калчу. Кээде тескерисинче, мен айтайын деген нерсени ал айтып салчу. Тандоолорубуз да окшош болчу. Мен боорукермин десем Рахман менден ɵткɵн боорукер, кайрымдуу жолдош болду. Кɵзʏ ɵткɵнчɵ балдар ʏйʏнɵ, оорукчан балдарга жардам берди. Кайрымдуулук концерттерди берип, тʏшкɵн акчаны жардамга муктаж болгон инсандарга арначу. Бир ирет эки бɵйрɵгʏнɵн таш толуп, кызыман айрылып калат окшойм деп буркураган энени кɵрʏп, Рахман жети дубанды кыдырып, Россияга чейин барып концерт коюп, акча топтоп берди. Ошол кезде кыз 5-6 жашар болчу, Тʏркиядан 2 жолу операция болуп, бактыга жараша айыкты, жакында сентябрь айында турмушка чыкты. Жолдошумдун жарык кɵргɵн китебин сатуудан тʏшкɵн каражатты да Ош шаарындагы балдар ʏйʏнɵ жана майып балдарын багып жʏргɵн жалгыз бой энелерге жумшадым.

-Агайыбыз кайсыл тамакты жакшы кɵрʏп жечʏ?

-Лагманды аябай жакшы кɵрɵр эле. Кээде чогуу жасачубуз.