18 октября, 2024

Электр жарыгы,  мектеп, дʏкɵнʏ жок  Ара-Булак айылы

Ушул жетишкен заманда тоолуу райондордо электр жарыгы жок айыл бар десе ишенет белеңиз. Ооба, электр жарыгы жок, бала бакча, мектеп, медпункт да жок Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵ айыл бар. Айылы чаң жыттанса дагы, ылайбы, суукпу, баары бир ɵзʏнʏн жери, ɵлɵң тɵшɵгʏ экенин айтышат айылдыктар. Ара-Булак айылынын жашоочулары ɵзʏнʏн айылынын канчалык шарты жок болсо дагы, кеткиси келбей, туулган жерин элсиз, журтсуз калтырбай, электр жарыгы, мектеп, бала бакча жок болсо да жашап келишет.

Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ айыл

Ара-Булак Кыргызстандын тʏштʏк- чыгышындагы Кытай менен чектеш эң четки айыл. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵ жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2484 метр бийиктикте. Ара-Булак айыл статусуна ээ болгону менен жашоочулар мектеп, ФАП, дʏкɵн, жада калса электр энергиясы жок жашашат. 1994-1996-жылдары жаш ʏй-бʏлɵлɵргɵ жер бɵлʏнʏп баштаган. Андан бери балалуу болгон ʏй-бʏлɵлɵр мектеп маселеси менен алышып келишет. Ара-Булак айылы Кɵк-Арт айылынан 13 километр алыстыкта жайгашкан. Жолу аябай катаал болгондуктан УАЗ машинасы гана бара алат. Каар улуу жаап, кыш мезгили келгенде ат менен барышат. Ат менен 1 сааттык, машина менен жарым сааттык жол. Ара-Булак айылында жарытаарлык дыйканчылык да, багбанчылык да кылууга мʏмкʏн эмес. Тек тɵрт тʏлʏк мал менен гана тиричилик ɵткɵрʏшɵт. Жайкысын чɵп жыйнап, кышкыга малдын камын кɵрʏʏ менен алектенишет. Аталган айылдын тургундары кʏзʏндɵ мал сатып балдарынын кийим кечегин, кышкыга азык тʏлʏктʏ дароо камдап алышат. Антпесе райондун борборуна жетʏʏнʏн ɵзʏ эле чоң азап. Жол начар, анын ʏстʏнɵ бир адамдын барып-келʏʏ жол акысына эле 3000 сомго чейин кетет.

Айыл башчы Тасмабек Турусбек уулу:

“Кыштын кʏнʏ муз тоңуп, кыйналабыз”

-Айылыбызда 74 ʏйдʏн орду бар. 32 кожолук жашайт. Электр жарыгы жоктугунан, жашоо шарттын кыйындыгынан кɵпчʏлʏгʏ кɵчʏп кетип калышты. Кɵйгɵйʏбʏз ушул, электр жарыгы болсо, кɵпʏрɵ болсо, себеби кыштын кʏнʏ муз тоңуп, сууларыбыз тоз болуп калат. Машиналар андан ɵтɵ албай, музга тыгылат. Жайдын кʏнʏ суубуз кирет. Ал кезде дагы машиналардын суудан ɵтʏшʏ кооптуу болуп, тегеренме жолдор менен каттап калышат. Бул маселелерди кɵп жылдан бери чече албай келебиз.

“Кош бойлуу аялдарга оорчулук жаратат”

-Кош бойлуу аялдарды машина менен алып барабыз. Ай-кʏнʏнɵ жетип тɵрɵйʏн деп калганда Кɵк-Артка кетиребиз, ал жактан Кара-Кулжага же Ошко кетишет. Ошол жактан тɵрɵп келишет. Негизи жол узак болгондуктан, барып-келиши ɵтɵ эле кыйын. Кээде кыш мезгилинде 10 кʏндɵп деле алдын-ала кетиребиз. Анткени жолдо кыйналып калышат же болбосо жол жаман болуп ал дагы бир кɵйгɵй жаратуусун каалабайбыз.

“Кɵбʏнчɵ эркек балдар калышат”

-Ара-Булак жайлоосунда кɵбʏнчɵ эле эркектер жалгыз жашашат. Анткени суук болуп мал караганга кɵбʏнчɵ эркек балдар жарашат эмеспи, ошондуктан ар бир ʏйдɵ сɵзсʏз алдуу, кʏчтʏʏ, суукка чыдамкай эркек бала болот. Кээ бир ʏйлɵрдɵ жалгыз эле бирден эркек балдар ата-энесин, карындаштарын, инилерин Кɵк-Артка окуусуна жиберип, ɵздɵрʏ бир ʏйдʏн ɵтʏлʏн алып жашап келгендер жок эмес.

Айнагʏл Бекеева, айыл тургуну:

“Балдарымды сагынам…”

-Балдарым айылда, чоң энесинин жанында, мектепте окушат. Балдарымды сагынам. Телефон тарткан жерге чыгып алып сʏйлɵшʏп тʏрам. Дем алыш кʏндɵрʏ ат менен Кɵк-Артка барып, балдарымдын кирлерин жууп, жуунтуп, тазалап келем. Кɵк-Артка 1 саатта жетем, иштеримди бʏтʏрʏп кайра эле бул жакка жɵнɵйм. Кайра 4кɵ чейин келип калышым керек. Себеби уй-койду чогултуп, мал караш керек болуп калат. Малды караш ʏчʏн ат керек. Ошого кайра кечки убакка чейин келип калышым керек. 4 баланын энесимин, бешинчисин кʏтʏп жатам.

“Мектеп ачылып,  жарык келсе экен дейбиз”

-Эрте менен кечинде электр жарыгы жок кыйналабыз. Кʏн чырак менен отурабыз. Мурун шам чырак менен олтурчубуз. Азыр айылдагылардын баары эле кʏн чыракка ɵтʏп алдык. Биздин тилегибиз, жок дегенде 4-класска чейин мектеп ачылса экен дейбиз. Анткени балдарыбыз кичинекей, сагынасың, эмне болду экен, кийимдери бʏтʏн бекен, таза жʏрɵт бекен, курсагы ток бекен деп ойлоносуң. Жаныбызда болсо бир кыйла жакшы болот эле. Бир эле мектеп эмес, эң негизгиси  электр жарыгы болсо да кыйла жакшы шарттар тʏзʏлʏп калмак деп ойлойм.

“Кыш мезгилинде аял-кишилер каттабай калабыз”

-Кыш мезгилинде Кɵк-Артка аял кишилер кɵп каттай албай калабыз. Кɵп нерсени эркектерибиз алып келип берип турат. Суунун ʏстʏн муз каптап калат. Аны тоз деп коет. Аял кишинин ал жерден ɵтʏʏсʏ ɵтɵ эле кооптуу.

Мектеп окуучусу Мырзали уулу Зайнидин:

“Ата-энебиз сарсанаа болушат”

-Ара-Булак алыс болгондуктан Кɵк-Арттан барып- келип окуйбуз. Ата-энем Ара-Булакта турат. Мал- жайыбыз тиричилигибиз ошол жакта болгондуктан, бул жакта мен мектепке барыш ʏчʏн болом. Кичинекей кезимден бери эле ата-энем Ара-Булакта турушат. Мен бул жакта сабакка барыш ʏчʏн жалгыз жашаган кʏндɵрʏм да кɵп болот. Ара-Булакка деле тез-тез барып турам, кээде ал жакта кɵп кар жаап коюп, кээде суук тʏшʏп суулар тоз болуп, айтор кɵбʏрɵɵк маселе жаралып, сабактан кɵп калган учурлар болот.

“Айылга барып келʏʏ  кыздарга бир кыйла оор”            

-Эгерде мектеп болсо бизге да, ата-энелерибизге да жакшы болмок. Анткени биз кеткенде алар сарсанаа болушат. Курсагы ток бекен, жакшы эле жетти бекен, кийими бʏтʏн бекен деп ойлонушат. Негизи биз эркек бала болгон ʏчʏн барып келʏʏбʏз бир аз жеңилирээк жана тез-тез барып келип турганга да жетишебиз. Ал эми кыз балдарга ɵтɵ эле кыйын. Кɵк-Артка келген боюнча ата-энесин кɵрбɵй бир кыйла жʏрʏшɵт. Биз мектеп салынышын каалайбыз, анткени кичинекей бɵбɵктɵрʏбʏз абдан эле кыйналышат, сагынышат. Ата-энелеринин жанында жʏргʏсʏ келишет. Эгерде мектеп болсо жакшы болмок. Биз чоңоюп калдык, ɵзʏбʏздʏ карап, ɵзʏбʏз сабакка барып келсек болот. Биздин кичинекей инилерибиз, карындаштарыбыз кɵбʏрɵɵк кыйналып жатышат. 4-5-класска чейин мектеп болсо деле жакшы болмок. Айылдагы ата-энелерибиздин тилеги да ушул.         

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы