27 июля, 2024

Абдугани Абдугафуров: “СЫЙЛЫГЫМ ДА, СЫЙМЫГЫМ ДА ОШ!”

Абдугани Абдугафуров 15 китептин, 30га жакын драма, комедиялардын автору,  “Манас” эпосунун жана белгилʏʏ кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын ɵзбек тилине котормочусу катары таанымал. Ал Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар биримдигинин мʏчɵсʏ, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Москвадагы Коомдук илимдер академиясынын ардагери, профессор. “Данакер” орденинин жана “Даңк” медалынын ээси.

Атын мурда эле кɵп эшитип, затын Кɵлдɵ семинарда бирге болгондо кɵрʏп,саар-кеч бирге басканда сɵзʏн угуп, ɵзʏн астейдил таанып-биле баштагам. Ошол семинарга Оштон бирге учуп, Бишкектин “Достук” мейманканасынын алдында баштыгынан бапестеп бʏктɵлгɵн кыргыз калпагын ала кырдап жатып, бизге мындай деген: “Кана, кыргыздар, кимиңде калпак бар?” Эч кимибизде калпак  жок экен. Ыңгайсыздана тʏштʏк. Абдугани акеге “Азамат, Оштук!” деген таризде аваз кыла тигилип, анан анын калпагындагы жубалдыздын кɵзʏндɵй бир тешикчеге кɵзʏм тʏштʏ. Кырдаалды бир аз жумшартып, кепти башкага буруу ниетинде калпакка сɵɵмɵй сундум: “Э, дамбылда, калпагыңыз кʏбɵлɵп кеткенби?” “Я пирим Алла!”  деп ал чындап  чочуп алды. Анан: “Дагы жакшы, кие электе тʏшкɵн экен, Башымды жеп койгондон Кудай бир сактаптыр!”-деп кʏлдʏргɵнʏ эсимде. Кеп учугу ошону эстɵɵдɵн уланып кетти.

 -Ɵзʏмдʏ кыргыздын ɵзбеги, ɵзбектин кыргызы деп кɵп эле жерде, кɵп жолу айтып жʏрбɵймʏнбʏ. Ошондо да айткам, азыр да ɵзʏң эшиттиң.

Атам маргалаңдык ɵзбек. Отузунчу жылдарда, басмачылар менен болгон кʏрɵш кʏчтʏʏ жʏргɵн кездерде Ошто Бакир Нарматов деген кыргыз досу атамды Гʏлчɵгɵ алып кетип, аман сактап калган. Нарматов  райкомдун биринчи катчысы болуп жʏргɵн коомдук ишмер, зобололуу инсан экен. Атам Алайда иштеп жʏрʏп, Ошко анан келип ʏйлɵнгɵнʏнɵ да ошол Бакир аяш атам себепкер болуптур. Ошто мен тɵрɵлдʏм. Орто мектепти бʏтʏрдʏм. Жогорку билимди Ош мамлекеттик университетинен алып, Москвада  жогорку партиялык мектепте окудум.

-Андан берки ɵмʏрʏңʏз бʏтʏн бойдон Ошто эле ɵтʏп  келаткан сыягы?

-Башка бир жерде ɵтʏшʏн каалабас элем. Ош бир керемет жана ыйык, касиет даарып, кут конгон, пайгамбарлар бут койгон жер эмеспи. Ак-Буура менен Сулайман тоо эле не деген ажайып!

“Эки эгиз, эки тумар, эки пир,

Артык кɵрɵм билбейм, бирок кимиңди?

Сулайман Тоо жазып берип сɵздɵрʏн,

Ак-Буура суу ырдап агат гимнди!” деп ɵзʏң да Ошко ода жазбадың беле…

-Жаштыгыңыз чыгармачылык менен кɵйгɵлɵшɵ эске тʏшсɵ керек? Сизди чыгармачылыктын кайсыл айдыңы ɵзʏнɵ кɵбʏрɵɵк тартып тургансыйт, юмор жана сатирабы? Драматургиябы?

 -Чыгармачылыгым жаштыгымдан башталып, жаштыгым кɵбʏнчɵ чыгрмачылык толгонуп-толкундоо менен ɵттʏ. Мен буга шʏгʏрчʏлʏк келтирем. Негизи, чыгармачылыгым котормодон башталган. Кыргыздын залкар жазуучуларынын чыгармаларын ɵзбекчеге которуп, Ташкенттен китеп кылып чыгардым. Кɵптɵгɵн пьесаларды  которуп, Анжиян, Наманган, Фергана, Ташкент театрларында сахнага алып чыктым. Урунтууларынан мисал тартсам, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей”, “Айкɵл Манас” драмаларын  Бабур атындагы Ош ɵзбек театрында коюшту. Ал эми Ташкентте бул драманы телефильм кылып тартышкан.

-Манас атабыздын ким экенин ɵзбек элинин жʏрɵгʏнɵ жеткирген экенсиз…

-Ошол мени сыймыктантат. Мурда ɵзбек эли Манастын атын эле укса, эми Манасты айкɵл, баатыр инсан, пайгамбардай ыйыктыгын билип калышты. Манас бабабыздын ким, кандайлыгын ɵзбек эли мен аркылуу кененирээк жана тереңирээк билип калганын айтып жеткире алгыс сыймык эмей, эмне?

Котормо демекчи, мен 1977-жылы залкар жазуучу Чынгыз Айтматов менен жолугушканымды  айта кетейин. Котормочулук жагдайында сɵз кетип, Чынгыз Айтматов мага: “Котормочулук жакшы иш. Сен аны таштаба”,-деп айтканын азырга дейре анын ак батасы катары кабыл алып жʏрɵм. Котормочулукту таштабайм.

-Сизди КПСС БКнын Саясий бюросунун мʏчɵсʏ,Ɵзбек ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Шараф Рашидов менен да тааны-билиш болуп, ал киши менен саламдашкан колуңузду…кɵпкɵ чейин жуубай жʏргɵнʏңʏздʏ азил-чыны  аралаштырып айтып калышчу эле, ɵзʏңʏздɵн  сурайынчы…

-Рашидовдун “Кудуреттʏʏ толкундар” аттуу китеби чыгып, мен дароо эле бул чыгарманын негизинде театралдык сценарий жаздым. Рашидов ɵз  чыгармаларына ɵңгɵлɵрдʏн ар кандай вариацияларын жактыра бербестигин уксам да, тобокел деп Ташкентке жɵнɵтʏп жибердим. Ана, будуң-чаңды кɵрʏп ал! Кыргызстан КП БКдан телефон чалышыптыр: “Абдугафуровду тезинен таап, Ташкентке ортак Рашидовдун кабыл алуусуна  жɵнɵткʏлɵ!” деп. Анын аудиенциясына ошентип тʏшкɵм. Рашидов мага аз да эмес, кɵп да эмес, бʏтʏндɵй жыйырма беш мʏнɵт бɵлгɵн. Кыскасы, пьеса оболу Ошто, анан Ташкентте, Мукумий атындагы театрда коюлуп, Рашидов ошондо колумду бекем кыскан. Ырым кылып, колумду жуубасам, жуубай койгондурмун же тешик ооз тек турбай, ɵзʏм тамашага чаптырып ушинтип айткандырмын…

-Мындай “пурсаттан” кыйла пайдалангандырсыз?

-Анан эмесемчи! Ошто ɵзбек театрынын жаңы имаратын куруп жатканбыз. Мрамор менен травертин керек болуп калды. Ал кезде Ɵзбекстандын Навоисинен гана чыкчу. Бирок, чыгарылгандын баары Ошондогу Москва олимпиадасынын курулушуна жана андан калганы Ташкенттин метросуна гана жɵнɵтʏлʏп жатыптыр. Ош обкомунун катчысы мени тобокел деп туруп Ташкентке жɵнɵттʏ. Бир айдан соң Ташкенттен тɵрт вагон мрамор менен травертин келип тʏштʏ. Насыяга!

-“Ɵз аялынын алдында эч ким баатыр эмес” деген учкул сɵздʏ уктуңуз беле?

-Ɵзʏм чыгырып алып, анан ɵзʏм укпай калат дейсиңби, муну аялым айтып берген аскиядан улам чыгаргам. Ал мындай: эркектер аш ʏстʏндɵ олтурушса, кимдир бирɵɵ кирип келип эле кыйкырат дейт: “Ким аялынан коркпосо, ордунан турсун!” Жоро палвандан башкасы баары ордунан турушат. “Ээ, Жоро палван, сен неге отурасың?»-деп сурашат. Анда Жоро палвандын айтканы: “Аялың деген сɵздʏ укканда эле такымым тырышып, ордуман тура албай калам!”

 -Кыргызстан калк Ассамблеясы сизди “Ош шаарынын ардактуу атуулу” деген ардактуу наамга кɵрсɵтʏп жатыптыр. Гезитибиздин алгачкы редактору катары жамаатыбыз бул наамды алып калууңузга тилектеш экендигин билдирет.

-Чоң рахмат! Кɵрсɵткɵндɵргɵ рахмат, берип калса, бергендерге андан бешбетер рахмат. Албетте, кеп сыйлык, наамда эле эмес. Негизгиси, мен Кыргызстандай кереметтʏʏ ɵлкɵнʏн Оштой касиеттʏʏ жеринде тɵрɵлʏп, ɵсʏп-ɵнʏп, наристе жыттуу абасынан дем алып, кыргыз менен бир боор болуп жашап жʏргɵнʏм ʏчʏн бактылуумун. Сыйлыгым да, сыймыгым да ушул касиеттʏʏ, ооматтуу Ош шаарым!

Абдираим Мамытов