Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу Мамлекеттик жеке ɵнɵктɵштʏк келишимдеринин алкагында «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетʏʏ станциясын тʏзʏʏ» долбоору ийгиликтʏʏ ишке ашты.

Ишкана менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров да жеринен таанышып кетти. Кайра иштетʏʏ станциясында 80ден ашык жумушчу орун тʏзʏлгɵн. Алдыда жумушчу орунду кɵбɵйтʏʏ каралган.
Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалган.
Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта станцияны куруу, ал эми экинчи этап кайра иштетʏʏчʏ экотехнопаркын тʏзʏʏ, калдыктардын тʏзʏлʏшʏн аныктоого квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.
“Аталган объект «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан кыска мɵɵнɵттɵо курулуп, анын курулушуна инвесторлордун ɵздʏк каражаттарынын эсебинен 97 миллион сом акча каражаты коротулду. Бул болгону буюрса, биринчи этабы. Экинчи этабында таштандыны кайра иштеп чыгуу боюнча иш алып барылат”,-деп билдирди мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы