25 июня, 2024

Эрте бышкан жемиштердеги  ашыкча концентрат зыян

Мурда эл мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды сезону кызыган убакта гана жегендерин, сезону бʏтсɵ ал жемишти кийинки жылга чейин кʏтʏʏгɵ туура келерин айтып калышат. Убакыттын ɵтʏшʏ менен айыл-чарбасында да ɵзгɵрʏʏлɵр болду. Ɵсʏмдʏктɵрдʏ интенсивдʏʏ жол менен ɵстʏрʏʏ, теплицада бышыруу сыяктуу ыкмалар колдонулуп келет. Мисалы, дарбыз эрте жазда базарга келсе “кɵп химикат кошуп, бат эле бышырып алышыптыр” деген божомолдор айтылары баарыбызга белгилʏʏ.  Деген менен калк эч бир нерсени жɵн-жай айтпайт. Анткени эрте бышкан жемиштердин концентрациясы нормадан ашып кетсе жегенге мʏмкʏн болбой калат. Аны кимдер кɵзɵмɵлдɵп, кандай чара колдонот, макала ушул тууралуу болмокчу.

Каныбек Бегиев, Ош шаардык ветеринардык башкармалыктын башчысынын орун басары.

“Дарбыздын максималдуу концентрациясы 60тан ашпоосу керек”

-Кыргыз Республикасынын №175 мыйзамында “Ветеринария жɵнʏндɵ” жалпы жоболор беренелер аркылуу кɵрсɵтʏлгɵн. Ошондой эле “Ветеринарларга караштуу объекттерди кɵзɵмɵлдɵɵ” деген беренеде мал союучу жайлардан сырткары базарлардагы мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды текшерʏʏ да биздин милдетке кирет. Тагыраагы, азык-тʏлʏктɵр базарга келгенден кийин ветеринария кызматы кɵзɵмɵлгɵ алат. Ар бир ɵсʏмдʏктʏ ɵстʏрʏʏдɵ ɵзʏнɵ жараша минералдык азыктарды берʏʏ керек. Азыкты, жер семирткичтерди ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ деле колдонушат, бирок, норманы сактоо зарыл. ПДК деп коет “предельно допустимая концентрация” кыргызча максималдуу колдонулган концентрация. Мисалы, дарбыздын ПДКсы 60тан, коондуку 90дон ашпоосу керек. Ветеринария мекемесинин кызматкерлеринде мɵмɵ-жемиш, жашылчалардын концентрациясынын нормасы жазылган инструкциялары бар. Соэкс деп аталган аппаратты кɵтɵрʏп жʏрʏп концентрациянын ɵлчɵмʏн текшеришет.

“Ошто тамак-аш азыктарын текшерген 4 лаборатория бар”

-Учурда Ош шаарында тамак-аш багытындагы бардык азыктарды текшерген 4 лаборатория иштейт. Ветеринардык-санитардык лабораториялар кɵбʏнчɵ базарларда жайгашкан. Эгер мɵмɵ-жемиштин курамындагы концентрация нормадан ашыкча чыгып калса, алар сатуудан алынып, жок кылынышы керек. Жок кылууну атайы тʏзʏлгɵн комиссия ишке ашырат. Комиссиянын курамын санитардык-эпидемиологиялык кызматтынан, экологиядан, медицина мекемелеринен бирден адистер тʏзɵт.

“Эрте бышкан жемиштер кɵбʏнчɵ Ирандан, Ɵзбекстандан келет”

-Буга чейин минералдык жер семирткичтерди кɵп колдонгон, жемиштерди жакшы кɵзɵмɵлдɵбɵй чыгарган ɵлкɵлɵргɵ Тажикстан кирчʏ. Ошол жактан келген дарбыз, коондордун ПДКсы эки эселеп ашыкча чыккан учурлар кɵп катталган. Шаарга кирип алгандан кийин аны жеке ишкерлер сатып алгандыктан жок кылайын десең кɵйгɵйлɵр жаралат. Анткени ортодо алып саткан ишкерге зыян болуп жатпайбы. Тажикстандын чек арасы жабылганын бир чети ушул тармакта пайда болду. Азыр эрте бышкан жемиштер Ирандан, Ɵзбекстандан келип жатат. Ирандын жемишиндеги концентрация салыштырмалуу нормага ылайык, Ɵзбекстандыкы бир аз жогору болууда. Нормадан азыраак эле ашыкча болгондуктан уруксат берилип жатат.

“Жемиштердин ПДКсын ɵткɵрмɵ посттон текшерʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ зарыл”

-Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, биздин ɵткɵрмɵ постунда ɵлкɵгɵ кирип жаткан жемиштерди посттон текшере турган кылып шарт тʏзʏʏ керек. Бул кɵйгɵйдʏ чечʏʏ тууралуу тийиштʏʏ жактарга сунуштарды жазып келебиз. ПДКсын посттон текшерип, нормада болсо гана ɵлкɵгɵ киргизсек жеке ишкерлерге да, бизге да мынчалык кɵйгɵй жаралбайт болчу. Учурда постто товардын уруксат кагазы гана текшерилет. Азык-тʏлʏгʏн экспорттогон ɵлкɵ нормалдуу деп документ берип кое бериши мʏмкʏн да. Жок кылууга туура келгенде “чек арадан киргизбей койбойт белеңер” деп ишкерлер нааразы болушат. Жегенге такыр мʏмкʏн эместерин жок кылбай коюуга болбойт. Анткени ал адамдын да, малдын да ден соолугуна зыян. Жогоруда айтылган кɵйгɵйлɵргɵ контрабанданын таасири да чоң.

“400дɵй ишкерге ветеринариялык кɵрсɵтмɵ берилди”

-Жеке ишкерлер, сатып алуучуларга маалыматты жеткирʏʏ максатында массалык маалымат каражаттары аркылуу тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп жатат. Такай иштеген ишкерлерге ветеринардык кɵрсɵтмɵлɵрдʏ берип жатабыз. Азыр ɵсʏмдʏк, жумуртка, эт мал чарбачылыгы менен иштеген 400дɵй ишкерге кɵрсɵтмɵ берилди.

Билип алыңыз!

Кандайдыр тамак-ашты бышырып жатканда же жемиштерди чийки жегенге чейин ар дайым андагы нитраттардын концентрациясын азайтууга аракет кылуу керек. Муну жасоо анчалык деле кыйын эмес. Адамдын организмине зыяндуу бул заттар сууда, айрыкча жогорку температурада жакшы эрийт. Демек, жашылчаларды, мɵмɵ-жемиштерди жууп, тазалоо андагы нитраттардын концентрациясын болжол менен 10% га чейин азайтат. Тазаланган жашылчаларды жана мɵмɵ-жемиштерди жɵнɵкɵй сууга бир саатка чылап коюу 30% га чейинки нитраттарды жок кылат.

Ошондой эле капустанын ʏстʏнкʏ жалбырактарын жана сабактарын, кызылчанын, сабиздин тамырларын таза алуу, бадыраңдын учтарын терең кесʏʏ да нитраттардын концентрациясын тɵмɵндɵтʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет.

Жашылчаларды туздоо процессинде нитраттардын 40-45%га чейинкиси туздуу сууга кетет, ошол эле учурда алардагы пайдалуу С витамини сакталып калат.

Адистер жаңы сыгылган ширелерде, ошондой эле кургатылган жашылчаларда жана мɵмɵ-жемиштерде нитраттардын концентрациясы кɵбɵйɵрʏн ɵзгɵчɵ белгилешет. Ошондуктан кайра иштетʏʏдɵ таза жемиштерди тандоо маанилʏʏ.

Организмге кирген ашыкча нитраттар кандагы гемоглобиндин деңгээлин тɵмɵндɵтɵт. Нитрат менен уулануу жʏрɵк айлануу, баш оору, жʏрɵктʏн тез согушу сыяктуу симптомдордун пайда кылат.

Жашылча-жемиштердеги нитраттар балдар ʏчʏн кооптуу

Дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ алдыңкы эксперттер заманбап нитрат эсептегичтерин колдонууну сунушташат. Бул бир нече секунданын ичинде белгилʏʏ бир жемиштеги нитраттардын концентрациясын аныктоого жана анын коопсуздук деңгээлин баалоого мʏмкʏндʏк берʏʏчʏ приборлор. Дʏкɵнгɵ же базарга барганда кол менен кармалуучу нитрат ɵлчɵгʏчтʏ ала жʏрʏʏ же аны ʏйдɵ сактап, тамак бышыруу алдында дароо колдонууга болот. Бул балдар тамак-ашынын сапатын кɵзɵмɵлдɵɵ ʏчʏн ɵзгɵчɵ пайдалуу, анткени, биз жогоруда айткандай нитраттарда балдардын организмин этияттоо керек.

Максималдуу колдонулган концентрация ПДКнын нормасы:

Жемиштин аталышыПДКнын нормасы
Кулпунай100
Банан200
Алма60
Ɵрʏк60
Дарбыз60
Коон90
Эрте бышар капуста900
Кеч бышар капуста500
Картошка250
Жʏзʏм60
Талаадагы помидор150
Кʏнɵсканадагы помидор300
Талаадагы бадыраң150
Кʏнɵсканадагы бадыраң400
Кызылча1400
Шалгам1000

Айжылдыз Тойчиева