25 июня, 2024

БАСМАЧЫЛЫК КЫЙМЫЛ ЖАНА КОКОН АВТОНОМИЯСЫ

Советтик доор Кыргыз мамлекетинин гʏлдɵп ɵсʏп-ɵнʏгʏʏсʏнɵ эбегейсиз чоң салым кошконун эч ким тана албайт.Ошону менен бирге ал доордун да олуттуу, орчундуу айрым мʏчʏлʏштʏктɵрʏ жана кайгы-капа менен коштолгон кезеңдери болгону  тарыхтан белгилʏʏ. Андай оош-кыйыш учурларды алдыдагы мамлекеттик улуу мааракенин алдында эске салбай кетʏʏ бери эле дегенде калпыстык болуп калаарында шек жок.

КОКОН  (ТYРКСТАН)  АВТОНОМИЯСЫ:  «ТƟРТYНЧYЛƟР» ЖАНА “АЛТЫНЧЫЛАР”

Бул тʏшʏнʏктɵр, албетте, эскирген, тактап айтканда, тарыхый тʏшʏнʏктɵрдʏн катарына кирет. Муну  Советтик доордун нанын жеп калган тарыхчылардын деле кээ бир зиректери эле билбесе, кɵпчʏлʏгʏ маани беришпейт. Ал эми Кокон автономиясы дегенди орто эмес, жогорку билимдʏʏлɵрдʏн деле толук биле беришинен шек санаса боло берет. Учкан куштай ɵтʏп жаткан убакыттын жана ар кандай маалыматка уучун улам  толтуруп турган  замандын деми ушундай шарт-кырдаалды талап кылып турса, не дейсиң айла жок. Бирок, тарыхты биле жʏргɵндʏн пайдасынан башка эч бир зыяны деле болбостугу бештен белгилʏʏ. Анда кеттик.

Россиядагы Февраль революциясынан кийин Орто Азияда да аймактын тʏпкʏ калкынын кызыкчылыктарын чагылдырган саясий уюмдар пайда боло баштаган. Андайлардын эң алгачкысы болуп большевиктердин Октябрь революциясына 8 ай калганда, 1917-жылдын март айында негизинен мусулман калкын орустардын  таасиринен алыстатууну максат кылган осмон тʏрктɵрʏнʏн европалашкан интеллигенциясынын ɵкʏлдɵрʏ тарабынан негизделген жана жетекчиликке алынган жадидизм кыймылынын  (жадид –“жаңы усулда окутуу” деген маанини туюнтуп, мектеп-медреселерде дин сабагы менен кошо математика, химия, физика сыяктуу  азыркы замандын предметтери да окутулган) либералдык жана демократиялык чɵйрɵсʏндɵ тʏзʏлгɵн “Шуро и Ислам”  Ислам кеңеши) уюму эсептелет.

Кийинчерээк “Шуро- и- Исламдан” кадимисттер ( Исламдык салтты сактоочулар) кыймылы тарабынан негизделген “Шуро –и- улема”(Динаятчылар Кеңеши) бɵлʏнʏп чыгат.

1917-жылдын мартында Тʏркстанда совет бийлигинин орношуна активдʏʏ салым кошкон уюм -“Мусулман эмгекчилеринин союзу” тʏзʏлгɵн. Белгилей кетʏʏ керек, мусулмандык топтор ошол кездерде меньшевиктер жана эсерлер, кийинчерээк большевиктер жана солчул эсерлер партияларында да бар эле.

1917-жылдын 15-ноябрында Ташкентте Тʏркстан крайындагы мусулмандардын “Шуро и улема” уюмунун башчылыгында ʏчʏнчʏ курултайы ɵтɵт. Ушул эле шаарда параллелдʏʏ тʏрдɵ “Тʏркстан крайыны Советтеринин ʏчʏнчʏ сьезди да ɵткɵрʏлгɵн эле (форумдардын аталыштары ошол маалдарда эле ажырымдап баштаганын байкоого болот ).

Мусулмандардын Бʏткʏл Тʏркстандык курултайына солчул жана социалисттик мусулман уюмдарынын ɵкʏлдɵрʏ да чакырылган. Бирок курултайга “Шуро и Ислам” уюму катышкан эмес. Сыягы, либералдар менен кадимийчилердин саясий кɵз караштарынын ажырымы ошол маалдарда эле башталса керек. Конференцияда  коалициялык ɵкмɵт тʏзʏʏ жɵнʏндɵгʏ сунушту  “Тʏркстан Советтеринин сьездине жɵнɵтʏʏ тууралуу чечим кабыл алуу сунушталган. Бирок, сунуш солчул эсерлер жана “эски коммунисттер” чын-чынына келгенде жергиликтʏʏ элди мурдагыдай эле эзип, талап-тоноону уланта берʏʏнʏ тымызын жактаган орус улутчулдарынын  ɵкʏлдɵрʏ негизинен башчылык кылган большевиктер тарабынан четке кагылган.

Мына ошентип Тʏркстандын Эл комиссарлар Советинин биринчи курамына Тʏркстандын жергиликтʏʏ калкынын бир да ɵкʏлʏ кирбей калган. Бул большевиктер партиясынын Борбордук Комитетинде талкууга алынган жана Тʏркстан Элкомсомунун курамына жергиликтʏʏ элдердин ɵкʏлдɵрʏн киргизʏʏ сунушу берилген.

Канткен менен 1917-жылдын 27-ноябрында Курултайда тарыхта Кокон автономиясы деген аталышы менен калган Россия мамлекетинин курамына кирген Тʏркстан автономиялык рспубликасын тʏзʏʏ жɵнʏндɵ чечим кабыл алган. Автономиялык ɵлкɵнʏн убактылуу  ɵкмɵт башчылыгына теги казак Мухаммеджан Тынышпаев шайланат. Тʏркстан автономиясынын бийлиги 1918-жылдын 20-мартында ɵтɵ турган  шайлоонун жыйынтыгы менен ɵзʏнʏн парламентин тʏзʏʏ максатын жарыялайт. Тʏз жана жашыруун добуш берʏʏ жолу менен ɵтɵ турган бул Парламенттик шайлоого  даярдыктар кɵрʏлɵ баштап, ага катышуучу партиялардын тизмеси даярдалат. Тизмеге большевиктер партиясы  тɵртʏнчʏ номер, мусулманчыл багыттагы партия “алтынчы” номер менен катталышканы белгилʏʏ. “Тɵртʏнчʏлɵр” жана “алтынчылар” деген аталыштар ошондон калган.

ИЧКИ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР ЖАНА САЯСИЙ КРИЗИС

Кокон автономиясындагы (Советтик Тʏркстан АССРи менен чаташтырбоо максатында мындан ар Кокон автономиясы деген аталыш пайдаланылат) негизги кɵйгɵйлɵрдʏн бири болуп башынан эле анда орун алган ар кандай саясий топтордун  ортосундагы пикир келишпестиктер, башкача айтканда, ич ара саясий  тирешʏʏ эсептелет. Чɵлкɵмдɵ  мурда бийлик жʏргʏзгɵн хандык тʏзʏлʏштɵ да бул фактор хандыктын ɵсʏп-ɵнʏгʏʏсʏндɵ тескери  ролду ойногону тарыхтан белгилʏʏ.

Тʏркстан автономиясындагы саясий топтордун  ич ара кʏрɵшʏндɵ  жадиддер менен кадимийчилердин  ортосундагы пикир келишпестиктер олуттуу роль ойногондугу айтылат. Жадиддерди жайын жогоруда айтып ɵттʏк, ал эми Кадимийчилердин  башында Кокон автономиясы курал колдонуу аркылуу  большевиктер тарабынан кыйратылгандан кийин басмачылык кыймылга негиз салгандардын бири кыргыз улутундагы  Кичи Эргеш тургандыгы тарыхтан белгилʏʏ.

Ɵкмɵттɵ Кадимийчилердин ɵсʏп бараткан таасири астында Тынышпаев автономиялык ɵкмɵт башчылыгынан кетип, ордуна Мустафа Чокаев келген.

Кокон автономиялык ɵкмɵтʏнɵ Советтик бийликти таануу маселеси кыйынчылык жаратканы белгилʏʏ. Илимий тилге салып айтканда, Кокон автономиясы негизинен буржуазиялык-дмократиялык мамлекетти куруу планын кɵздɵгɵндʏгʏ кɵрʏнʏп турат. Ал кандай мамлекет болуп чыга келет эле, эми айтуу   кыйын. Бирок, кандай мамлекет болуп кандай жетилгенде да ал кездеги саясий шарт-кырдаал Кокон автономиясына эч кандай жолду ачып бермек эмес, ал эртеби-кечпи, акыр тʏбʏ жок кылынмак деп божомолдоого болот. Эң негизгиси заман, доор дал ошондой тагдырды кɵшɵрɵ талап кылып туруп алганын  моюнга албаска чара жок.

1918-жылдын январында большевиктердин Совет ɵкмɵтʏн таануу жаатындагы кезектеги ультиматумуна Мустафа Чокаев кескин баш тартуу менен жооп берет. Кокон автономиясын  жок кылуу максатында Москвадан  Ташкентке  он бир эшелон аскер бɵлʏктɵрʏ артиллериясы менен, Константин Осиповдун командачылыгы астында  алынып келинет.Советтик  кызыл армиянын курамына армяндардын куралчан дашнактар тобу да кирген.Кыскасы, большевиктер менен дашнактардын колунан тʏзʏлгɵнʏнɵн ʏч ай ɵткɵндɵн кийин Кокон автономиясы жок кылынган. Бийлик Советтик Тʏркстан Автономиялык  республикасына ɵткɵрʏлʏп берилген.

Абдираим МАМЫТОВ