28 сентября, 2024

Кесиптен бакыт тапкан инсан

Касым Тыныстановдун «Жаш муундарга тарбия берʏʏ улуу иш, ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет» деп айтылган нарктуу сɵзʏ Рысбаева Салийма Абыловнанын билим берʏʏ жана илим майданындагы бараандуу эмгегинин туу чокусуна шайкеш келип тургандай. Анткени Салийма Абыловна жарым кылымдан ашуун мезгилден бери терең билими, тунук акылы, мыкты тарбиясы менен келечекти тарбиялоого жол салып келе жаткан нукура педагогдордун бири. Мугалимдик – бʏтʏндɵй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер кесип эмеспи. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оңдогондой болсо, ал эми кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ошондуктан,  мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз. Чындыгында билим берʏʏ тармагынын ишин илгерилетʏʏ мамлекеттин пайдубалын бекемдегенге барабар. Жогорудагы таасирленткен ой-пикирлерди улай билим берʏʏнʏн жаратманы Рысбаева Салийма Абыловнанын кажыбаган кайраты, талыкпаган  эмгегинин артынан  жаралган баяндуу ɵмʏр белестери жɵнʏндɵ кеп кылалы.

Ата-энеси чыныгы иштерман, пакиза ʏй-бʏлɵнʏн катарында болгон. Атасы – Рысбаев Абыл, апасы – Рысбаева Саадаттын сыймыктуу кызы ʏйдʏн ʏчʏнчʏ перзенти. Апасы Саадат элдин нарк нуска, каадасын катыра билген киши болгон. Кошокту ийине жеткире, муун-жʏʏнʏңдʏ бошото жоктоп айта билген ɵнɵрʏ жɵнʏндɵ эжеке узун сабак кеп кылып келет.

Салийма Рысбаева 1954-жылдын 17-февралында жарык дʏйнɵгɵ келген. Туулуп- ɵскɵн кичи мекени алтын кумдуу Ала-Бука районунун Кɵк-Таш айылы. 1961-жылы 1-Май орто мектебине кирип, 1971-жылы орто мектепти аяктаган. Окуучулук мезгилинде эле ошол мезгилдеги эң бедел-барктуу уюмдардан болгон пионер уюмунун дружина советинин председатели, комсомол уюмунун секретары, кыздар советинин председатели милдеттерин аткарган. 1971-жылы мектепти аяктагандан кийин эмгек жолун 1-Май колхозунун балдар бакчасында тарбиячы болуп иштɵɵ менен баштаган. 1972-жылы СССРдин 50 жылдыгына карата Москвада ɵткɵрʏлгɵн кароо-сынакта бʏткʏл союздук ɵздʏк кɵркɵм чыгармачылыгынын лауреаты болгон. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун  филология факультетине кирип, 1979-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон. 1974-жылдан 1997-жылга чейин 1-Май орто мектебинде мугалим, окуу бɵлʏмʏнʏн башчысы, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.

Жалпы билим берʏʏчʏ мектептерде эмгектенген мезгилдеги сыймыктуу да, сыйлыктуу да тепкичтердин башаты ар бир сабагында, ар бир окуучусунун жʏрɵгʏндɵ жакшылыктын ʏрɵнʏн себʏʏ менен жашап калды. Сапаттуу билим жана мыкты тарбия берʏʏнʏ максаттардын туу чокусуна коюп, балдарга жʏрɵгʏн берген Салийма Абыловнанын окуучуларынын 1989-жылдан 1997-жылга чейин жыл сайын мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык турунда кыргыз тили жана адабияты предметинен 1-2-3-орундарды ээлегендиги бул албетте, опол тоодой тʏйшʏктʏн артынан жаралган сыймык. 1989-жылдары чыгармачыл мугалим катары байма-бай республикалык слеттордо активдʏʏ катышып турган. 1992-жылы «Чыгаан мугалим 92» кароо-сынагынын республикалык турунда 3-орунду ээлеп, иш тажрыйбасы облустук, республикалык масштабда жайылтылган. Облустагы чыгармачыл, новатор окутуучу катары 1997-жылы Кыргыз билим берʏʏ институтунун Жалал-Абаддагы филиалына окутуучулукка чакырылган.

2000-2004-2008-2012-жылдары райондук кеңештин депутаты болуп шайланган. 1997-жылдан бери райондук аялдаркеңешинин тɵрайымынын орун басары катары эл арасында социалдык-маданий, аялдар жана балдар менен иштɵɵ сыяктуу маселелерди чечʏʏгɵ, райондун экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнɵ да чыныгы атуул катары салымын кошуп, активдʏʏ катышып келʏʏдɵ.

Илим-билимге болгон умтулуусунун натыйжасында кесипкɵй, сапаттуу, жогорку билимдʏʏ адистерди даярдоо мʏмкʏнчʏлʏгʏн элет жеринде тʏзʏʏ демилгеси 1999-жылдар аралыгында ишке ашкан. Демилгенин натыйжасында И.Арабаеватындагы КМПУнун Ала-Бука филиалын алыскы Ала-Бука районунун борборуна ачып, аны жетектеген.

2002-жылдан 2017-жылдары Кыргыз-Ɵзбек университетинин  Ала-Бука гуманитардык педагогикалык институтунда директор болуп иштеди. Учурда эки башкы кɵз жоосун алган окуу имаратына, бир заманбап жатаканага, 15 миңден ашык китеп фондун тʏзгɵн китепканага, жаркыраган ɵз-ɵзʏнчɵ мазмунга ээ кааналуу окуу жай тʏмɵн-тʏйшʏк менен жаралгандыгы талашсыз. Окуу жайдын жогорку сапатта ɵсʏʏсʏʏ чʏн  2004-2006-жылдары чет элдик донорлор менен да иштер алынып барылган.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Салийма Абыловна негиздеген бул окуу жайдын бардык тармагы, эмгек жамааты, студент жаштары менен жакындан таанышып чыккан ар бир жаран сапаттуу билимдин жеткиликтʏʏлʏгʏн, ʏзгʏлтʏксʏздʏгʏн, билим берʏʏ тепкичтеринин иреттʏʏлʏгʏн байкай алат. Эжекеден билим алган ар бир муун адистик билим алуу менен гана чектелбестен, интеллектуалдык кɵрɵңгɵлʏʏ атуул, мыкты инсан катары тарбияланаарына чындилден ынанасың.

Улуттук дɵɵлɵт уюган кɵркɵм адабият дʏйнɵсʏ Салийма Абыловнанын авторлоштор менен бирге 10-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебин, ЖОЖдор ʏчʏн «Манас таануу» окуу программасын иштеп чыгууга тʏрткɵн. Учурда 4 илимий-усулдук китепченин, 30дан ашуун макаланын автору.  2008-жылы филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын 10.02.01 – «кыргыз тили” шифри менен «Кыргыз тилиндеги сʏйлɵмдɵрдʏн айтылыш максатынын коммуникативдик-функционалдык тʏрлɵрʏ» аттуу темада ийгиликтʏʏ коргогон.

Ак эмгектен тапкан мамлекеттик даражадагы, эл аралык деңгээлдеги сыйлыктары арбын. 1986-жылы «СССРдин эл агартуусунун мыктысы» тɵш белгиси, 1987-жылы СССР Жогорку Совет Президиумунун «Ветеран  труда» медалы, КРнын Билим берʏʏсʏнɵ эмгек сиңирген ишмер, билим берʏʏнʏн мыктысы тɵш белгиси, КРнын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы, айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» ж.б. сыйлыктардын ээси болгондугу.

Жолдошу Кожобеков Мурат ɵзʏнɵ кесиптеш дене тарбия мугалими болгон. Анын инсандык бийик сапаты жɵнʏндɵ, элдик-педагог агай, кɵсɵм тарбиячы болгондугун окуучулары ар дайым эскеришет. Кɵрсɵ, келечекке жол салгана та-эне турбайбы?! Бʏгʏнкʏ кʏндɵ   уул-кыздары, келини, неберелери ата-эне кесибин улантып, саябандуу бакка айланып бараткан мезгили. Салийма Абыловнанын таасын таасиринен улам кыздары билим берʏʏ тармагынын ишкерлери, илимий даражага ээ илимдин кандидаттары.

Жетимиш жаш куракты аркалап отурган Салийма Абыловна ʏчʏн бул алкоолор, кубанычтар нечендеген ысык-суукту ашкан ɵйдɵ-ылдыйдан жаралган жемиш. Сан кылымга ɵмʏрʏңʏздʏн ɵзɵктʏʏ жашоосу адамзаттын бардык мууну ʏчʏн ɵрнɵк болуп, билим, илим жолундагы ийгиликтериңиздин сапары такыр бʏтпɵсʏн.

ОшМУнун окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Динара Ызабекова

Салийма эже тʏпкʏ теги моңол уруусунун кызы. Кыргызда “Моңолдор журттун уюткусу” деген сɵз бар. Тектʏʏ жердин кызы.

Салийма эже Айры-Тамга атайын гимназия мектебин ачып, ага алгач ɵзʏ мектептин директору болуп, гимназия мектептин ɵнʏгʏшʏнɵ кошкон эмгегин айтууга болот. Аны менен чектелбей, Ала-Бука айылында И.Арабаев атындагы университеттин филиалын ачып, аны кылымдарды карыткан тарыхы бар окуу жайлардын катарына кошуусу, окуу процессин айылда болсо да академиялык деңгээлге кɵтɵрʏʏсʏ иш билгилигинин эң чоң ʏлгʏсʏ.  Элге кызмат кылуу, элдин тиричилигин, тʏйшʏгʏн жеңилдетʏʏ, элдин кɵкʏрɵгʏндɵгʏ мʏдɵɵсʏн аткаруу ошол ачылган окуу жай аркылуу аткарылды. Кыргыздар гана эмес, коңшулаш Наманган облусунан келген канчалаган жаштарга татыктуу  билим берип, ɵзʏн гана эмес, КРнын билим берʏʏ системасын чет ɵлкɵгɵ таанытты. Билимди экспорттоо деген тʏшʏнʏк жок мезгилде биринчилерден болуп кыргыз билимин чет элге экспорттогон инсан.

Кутман курак 70 жаш, инсан акылына толуп, элге берээри арбын болуп, акылмандыгы бышып, ак-караны ажыратып, пайдасыз иштерге кɵңʏл бурбай, элине, журтуна кызмат кылаар мезгили. Уулдун урматын, кыздын сыйын кɵрʏп, тɵрдʏн кɵркʏ болуп, “алдыда жʏрсɵ ак жолтой” болуп, ак батасын берип, акылы менен эл-журт башкараар мезгили келди. Салийма эже кутман курагыңыз кут болсун! Сиздин ɵмʏрʏңʏз кубаныч жана жакын адамдардын жылуулугу менен толсун.

ОшМУнун кафедра башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Маралбек Ɵскɵнбаев.

Салийма эженин зээндʏʏлʏгʏн, жаңыга жакын жетекчи катары баалап, мага да экология тармагында кызматташуу насип кылды. Мындан беш-алты жыл мурун экологияга маани берген адамдар аз болчу, айрымдарга курчап турган чɵйрɵгɵ болгон мамиле жɵнʏндɵ сɵз козгосоң ал эмне берет, эмне пайдасы бар деп сыртын салчу. Салийма эжеге кайрылсам бат эле кабыл алып  курчап турган чɵйрɵнʏ коргоо темасында эженин окуу жайы менен кызматташып калдым. Долбоорду Германия каржылап, эки-ʏч жолу студенттерге ошол жактан келген профессор сабак окуду. Бишкек шаарынан мыкты экологдор студенттер менен баарлашты. Кʏн энергиясы менен мɵмɵ-жемиштерди кургатуучу жабдуу кол менен жасалып, студенттерге кɵргɵзмɵ катары кɵрсɵтʏлдʏ. Окуу жайдын аймагында таштанды полиэтилендерди ɵрттɵп же кɵмʏп таштабай, суу тʏтʏктɵрʏн жасап чыгаруучу цехтин орнотулушуна эженин тʏздɵн-тʏз эмгеги болгон. Учурда окуу жайга “экологиялык сертификат ” алуу боюнча иштер башталып жатат.

Эженин юбилейлик майрамы кут болсун!

Адылбек Алымов, Ала-Бука райондук агрардык ɵнʏктʏрʏʏ башкармалыгынын адиси