28 сентября, 2024

Ош шаарында алгачкы жолу оркестр тʏзʏлдʏ

Оркестр – чыгарманы тʏрдʏʏ аспаптарда кошулуп аткаруучу музыканттар жамааты. Оркестрде улуттук аспаптар, симфониялык, кыл аспаптар, ʏйлɵмɵ аспаптар, эл аспаптар, эстрадалык аспаптар ж.б ойнолот. Ош шаарында алгачкы жолу оркестр Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан тʏзʏлдʏ.

Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов:

 -Элдияр мырза, оркестр тобун тʏзʏп, концерт да койдуңуздар. Тʏзʏʏ идеясы эмнеден келип чыкты?

-Оркестрди тʏзʏʏгɵ кɵп жылдан бери аракет кылып жʏргɵн элек. Болуш Мадазимов атындагы филармониянын алдындагы тʏзʏлгɵн облустук оркестр бар. Ал эми Ош шаарыбыздын ɵзʏнʏн оркестри жок болчу. Анан биз ачууну туура кɵрдʏк. Маданиятыбызды бир аз болсо да алдыга жылдырып, жаңы оркестр топ тʏзʏп, анын техникаларын жаңыладык. 2024-жылдын февраль айында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана шаардык Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу маданият башкармалыгынын астында  “Кыргыз эл аспаптарынын оркестри” тʏзʏлдʏ. Ал топтун жетекчиси Зарылбек уулу Талгат болду. Ачуунун негизги максаты – баарыбызга белгилʏʏ болгондой кыргыздын улуттук каада салтын, кыргыздын кол ɵнɵрчʏлɵрʏн, улуттук аспаптарын сактап калуу жана ɵсʏп келе жаткан жаштарга, деги эле искусствону тʏшʏнгɵн, баалаган адамдарга жайылтууну арттыруу. Кɵбʏрɵɵк таанытып, кɵбʏрɵɵк ɵрчʏтʏʏ. Бир эле аспаптарды унутта калтырбай, каада салтыбызды сактайбыз дегенден алыспыз. Биз бул менен жаңыланууну, ɵсʏʏнʏ киргизсек дейбиз. Кɵптɵгɵн жаңы кʏʏлɵрдʏ, жаңы ритмдерди чыгарып, дʏйнɵлʏк хит болуп жаткан кʏʏлɵрдʏ жаңыртуу. Бул иш аракеттер менен биргеликте алгачкы бет ачар, отчеттук концертибизди бердик. Оркестрдин жеке ɵзʏнʏн концертин берʏʏ буюрса, шаар кʏнʏнɵ карата даярдалат.

“Жаштардан ʏмʏтʏбʏз чоң”

-Оркестрдин курамы кандай болду?

-Биздин оркестрибиз жалаң жаштардан тʏзʏлдʏ. Мен ойлойм, келечекте жаштардан дагы жаңы идеялар чыгат. Талгат дагы ишенген жоопкерчиликтʏʏ жигитибиз. Ɵзʏ келип чоң жоопкерчиликтин баарын мойнуна алды. Ал эми команданын ичинде канчалаган кɵп эмгек бар. Формаларды караган костюмерлер, ʏндʏ караган, аспапты караган адамдар. Кыскасы, баары чогулуп чоң команда болду. Буюрса, бул оркестрибиздин келечеги кең болот деп ойлойм.

“Бизге жакшы ой-пикирлер айтылды”

Зарылбек уулу Талгат,  Ош шаарынын “Кыргыз эл аспаптары” оркестринин жетекчиси:

-Топту жетекчибиз ɵзʏ чуркап жʏрʏп тʏзʏп берди. Штат ачып, андан аркысын мага тапшырды.  Мен музыканттарды чогулттум, жалпы 40 тай киши болду. Тиешелʏʏ  дээрлик бардык аспаптарды ойношот. Негизи оркестрге атайы ат коюш керек болчу. Бирок биз ойлонуп ылайыктуу ат таба албадык. Анан маданият башкармалыгынын алдында тʏзʏлгɵн Ош мэриясынын “Кыргыз эл аспаптары” деп атап койдук. Алгач тушообузду кестик, эл аябай жакшы кабыл алды. Элге жакты деген ишеничтебиз. Анткени аябай жакшы ой-пикирлер айтылды. Ал эми топ жɵнʏндɵ айта кетсек, топтогу мʏчɵлɵр кɵбʏнчɵ жаштардан тʏзʏлдʏ. Буюрса, алдыда гастролдорду облустарга уюштуруп беребиз деп жатышат. Чыгармаларда  азыркы заманбап музыкаларды ойногула деген сунуштар айтылып жатат, аракет кылабыз.

“Ошко атайы чакыруу менен келгенмин”

-Мен Бишкек шаарында консерваторияда 7 жыл окудум. Ошол эле учурда ансамблде иштеп жʏрʏп, ɵзʏм дагы ансамбль ачтым. Анан конкурстарга катышып, бир топ ɵлкɵлɵргɵ чыгып келдик. “Ордо сахна” деген ансамблде иштеп жʏрдʏм. Анан бир жылдан кийин бул жакка чакыруу келди. 2-3 жыл чакыруу келип жʏрдʏ. Ал учурда мугалимдерден “Улуу мурас” ансамблин тʏздʏм. Аны тʏптɵп жумушка киргиздим. Ал ансамбль менен дагы бир топ жакка чыгып келдик. Фестивалдарга, конкурстарга чыгып жʏрдʏк. Элдияр байке бизди колдоп, бир топ нерселерди кылып берди. Ошол эле мезгилде мен Ниязалы атындагы окуу жайда иштечʏмʏн.

“Нотаны эле билʏʏ менен чектелип калбаш керек”

-Бир кʏʏнʏ иштеп чыгуу ʏчʏн ар кандай убакыт кетет. Ал кʏʏгɵ да жараша болот. Эгерде кʏʏ жеңил болсо, даярданууга 1-2 эле саат убакыт кетет. Ал эми оор  болсо 1 жумадай убакытты алат. Алдыда жакшы ниет кылып, дагы кɵптɵгɵн ийгиликтерди багындырабыз деген ойлорубуз бар. Ар бир окуучу ɵз деңгээлине жараша аспаптарды ойноп, алып кетишет. Кээ биринин кабыл алуусу кеч болушу мʏмкʏн. Кээ бириники тез.

Оркестр деп айтылышы, элге жеңил кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. А бирок мунун аркасында чоң мээнет жатат. Ар бир аспаптын ʏстʏнɵн иштеш керек. Ар бир аспаптын нотасын жазып чыгуу зарыл. Бизге жеңил жери топтун бардык мʏчɵлɵрʏ нота менен ойногонду билишет. А бирок нота менен гана чектелбестен угуу сезимин да калыптандыруусу кажет. Анткени нотасын табуу кыйын болгон аспаптар дагы бар. Алардын ʏнʏн угуу менен так нотасын табыш керек. Жан дʏйнɵсʏ менен уга билʏʏ шарт. Жан дʏйнɵ десе эле баарын унутуп калган болбойт. Эки жактан тең шыгы болгон  адам гана музыканы эргʏʏ менен ойной алат деп айта алам.

“Дирижер – кол менен сабак берип ойнотот”

-Оркестрде дирижер ар бир аспапты уга билʏʏсʏ жана башкара билʏʏсʏ керек. Дирижер ɵзʏ колу менен сабак берип ойнотот. Чон сахнага чыгууга чейин даярдык катуу болот. Кыйынчылык менен жеңилдик бирдей кетиши керек. Баарын бирдей ойнотуу дагы оңойго турбайт. Биринчиси алдыда, экинчиси арткада калып кеткендери болбойт.

“Формаларыбыз тигилип бʏтɵ элек”

-Форма маселеси чечилген. Азыркы учурда ɵзʏбʏздʏн формалар тигилип жатат. Бирок коюлган концертибизге ʏлгʏрʏп тигилип бʏтпɵй калгандыктан ак кɵйнɵк, кара шым менен эле чыгышты. Кийинки концерттерде формабыз даяр, атайын форма менен чыгабыз.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы