25 июня, 2024

ХХVIII сессияда жыйырма маселе каралды

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги 28-сессиясы ɵттʏ. Сессияга шаарга кошулган айылдардын депутаттарын кошкондо жалпы 117 депутаттан 73 депутат катышты. Ош шаарынын мэринин орун басары жана тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Алгач шаардык Кеңештин курамындагы ɵзгɵрʏʏлɵр менен тɵрага тааныштырды.  “Улуттар биримдиги” партиясынан Жоошбаева Роза Каныбековна жана “Ата-журт” фракциясынын депутаттары Атабекова Айгʏл Гуламидиновна, Мырзабеков Медербек Мамасабирович берген арыздарына ылайык, депутаттык ыйгарым укуктары мɵɵнɵтʏнɵн мурда токтотулуп, алардын ордуна Карабаева Малахатхан Садировна, Бекташева Гʏлмира Рашитовна, Тɵлɵнɵв Азамат Полотбекович мандат алышты. 

2023-жылдын 27-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнʏндɵ №195 токтомуна ылайык Абдуллаев Данияр Амановичке, Шарипова Салима Канатбековнага, Ражапов Ильяс Зундуевичке жана Акматалиев Абдылдажан Амантуровичке «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» тɵш белгилери жана кʏбɵлʏктɵрʏ салтанаттуу тʏрдɵ тапшырылды.

Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков, тɵраганын орун басарлары, фракция лидерлери жана депутаттар, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, куттуктоолорун жана каалоо-тилектерин билдиришти.

Кʏн тартибине 16 маселе киргизилсе, кошумча алты маселе кошулуп, бир маселе алынып салынды. Ошентип жалпы жыйырма маселе каралды. Кʏн тартибине ыйлайык каралган маселелер боюнча тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштери жɵнʏндɵ маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, талкууланып тиешелʏʏ токтомдор кабыл алынды.

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана “Тɵлɵйкɵн айылдык Кеңеши” мекемесин “Ош шаардык Кеңеши” мекемесине кошуу жɵнʏндɵ жана башка тʏрдʏʏ маселелер боюнча токтомдор кабыл алынып, протоколдук тапшырмалар берилди.