25 июня, 2024

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик взводу-Туристтик сезонго даяр

2024-жылдын жайкы туристтик мезгилин даярдык көрүү жана өткөрүүдө  коомдук тартипти  камсыздоо максатында 10-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын саптык аянтында  Туристтик взводдун кызматкерлерине  саптык кароо өткөрүлдү.

 Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов 2024-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо зарылдыгын  белгиледи.

 Ал өз сөзүндө: «Урматтуу кесиптештер! Жыл сайын ушул мезгилде жакшы үмүт, аруу тилек менен жайкы туристтик сезонду ачып, коопсуздук шарттарын коомчулукка кеңири жеткирүүнү салтка айлантканбыз. Бүгүн да  бул саамалыкты улай жарандардын, чет элден келген коноктордун коопсуздугун камсыздоого бел байлап турабыз.

Ошондуктан жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, унаа тыгындарын, ар түрдүү одоно тартип, укук бузууларга жол бербөөнү колго алыңыздар.

Пансионат, эс алуу борборлорунда, лагерлерде, ден- соолукту чыңдоо жайларында жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартип сакталсын.

Чет элден келген коноктордун коопсуздугу белгиленген тартипте сакталып, адамдардын, жаш балдардын дайынсыз жоголуп, же сууга чөгүп кетүүсүнө бөгөт коюу жумуштары жүргүзүлсүн.

Элдин арыз-даттануулары боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын. — деди.

Иш чарадан соң,  Туристтик взводунун кызматкерлери Ош облусунун аймагына келишкен туристтерге коопсуздук чаралары тууралуу  жарандар үчүн атайын даярдалган буклеттерди таркатышты.

Эске салсак, Ош облусунда жайкы мезгилде эс алууга ыңгайлуу, туристтердин көңүлүн бурган  бир катар тоолуу аймактар бар. Учурда Ош облус аймагында коомдук жайларга орнотулган видео-камералар күнү-түнү иштеп жатат. Аны менен катар аймактык тескөөчүлөр дагы боди-камералар менен камсыздалып баштады.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы