28 сентября, 2024

“Англияда айына 120-210 миң сом тапса болот”

Азыр кыргыз барбаган жер калбады. Тээ Африкага да буту жетип, тиргилик кылууда. Араван районунун Тɵɵ-Моюн айылынын тургуну 24 жаштагы Азамат Имарбек уулу бир топ ɵлкɵлɵрдɵ иштеп келген.Европага агылып бараткан жаштарга социалдык баракчалары аркылуу кайсы ɵлкɵгɵ барып, кандай жумуш жасаса болот, билгендери менен бɵлʏшʏп келет.  

“Жумуштун шылтоосу менен кɵп жерди кɵрдʏм”

-Мектепти аяктаган соң 65-кесиптик лицейге тапшырып, лицейди кызыл диплом менен бʏттʏм. Беш кесиптин ээси болдум. Окууну бʏтʏрʏп Москва шаарына барып ашканада, жеткирʏʏ кызматында, курулуш тармагында иштеп калдым. ʏч жарым жылым Москвада иштеп жʏрʏп ɵтʏп кетти. Андан кийин 2022-жылы декабрь айынан баштап Венгрияда, кийин Англияда болдум. Бул аралыктарда Кыргызстанга келип жаттым. Блогермин. Соцтармактарда каналдарым бар. Элге чет жакка чыгып иштеп келʏʏгɵ жол кɵрсɵтʏп, жардам берем. Себеби менин бирден-бир максатым бɵтɵн жердин, элдин маданиятын, жакшы жактарын ʏйрɵнʏп, ошол нерсени мекенге жайылтуу. Менимче чет жакта мʏмкʏнчʏлʏктɵр кɵп болот, бирок аны пайдалана билʏʏ керек. Башында Европага барып иштеп келсем деген ой пайда болду. Борборубуз Бишкектен бир компания аркылуу виза алып, Европанын Венгрия ɵлкɵсʏнɵ бардым. Жумушту заводдо болот дешкен. Айткандай машина заводдо иштедик. Шарттары аябай жакшы болчу. Адамдары да жɵнɵкɵй, кең пейил, жакшы мамиле жасашат. Жаткан жерибиз бекер эле, жада калса жумушка да машина менен алып барып келишчʏ. Ал жакка барганым саякаттаганга дагы жакшы мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берди. Негизи мен саякаттаганды жакшы кɵрɵм. Мага маанилʏʏсʏ эл, жер, маданиятты кɵрʏʏ. Иштин шылтоосу менен Австрия, Словакия, Хорватия  ɵлкɵлɵрʏн кɵрдʏм. Ошентип ал жакта иштеп жʏргɵнʏмдɵ тааныштарым Англияны сунуштап калышты. Кызыгып ал жакка дагы баргым келе баштады. Анан AGRI-HR сайтынан Англияга баруу ʏчʏн анкета толтурдум. Андан соң Кыргызстанга кайра баруу керек болду. Адегенде  Стамбулга учуп, бул шаарды да кɵрɵ кеттим.

“Венгрияда жумуш жеңил болгондуктан, уйкубуз келчʏ”

-Венгриянын Веспрем деген шаарында болдум. Мен ʏчʏн бул жакта иштɵɵ жеңил болду. Жумуш 5/2 график менен 8 саат. Жеңил болгондуктан зеригип уйкубуз да келип кетет. Айтор, ар бир ɵлкɵнʏн жакшы жана жаман, жеңил жана оор жактары болот экен. Иштейм деген жаштардын эң негизгиси аракети болушу керек. Кайсыл жерге барба аркет кылсаң, сɵзсʏз ʏзʏрʏн кɵрɵсʏң. Алгач Венгрияга барганда кызык окуялар кɵп болду. Алар  ишемби, жекшемби кʏндɵрʏ такыр кɵчɵгɵ чыгып азык-тʏлʏк алышпайт экен. Магазиндери да жабык болот. Мага бир чети таң калычтуу болсо, бир чети кызык болду. 

“Англияда кулпунай ɵстʏрдʏк…”

-Англияга бардым. Ал жактагы жумушум фермада болчу. Кʏзгʏ жана кышкы сезонго иштеп келдим. Биз иштеген фермада кыргыздар кɵп болчу. Жумушубуз теплицада жылуу жерде, баарыбыз кулпунай ɵстʏрʏп, терип иштечʏбʏз. Албетте, акчасы дагы жаман эмес. Айына 120-210 миң сомго чейин табабыз. Бош кʏндɵрʏ кыргыз жердештер менен оюн ойноп, шаар кыдырабыз. Англияда келишимде кɵсɵтʏлгɵндɵй жумасына 32 саат эң аз иш. Болбосо 47, 60 саат иштедик. Жаткан жерибизге 2 жумага 13900 сом тɵлɵп, ал эми тамак- аш ɵзʏбʏздɵн болот. Ага деле айына 10-15 миң сом кетип калат. Англияда Чичестер деген шаарда иштедим. Лондондон  бир жарым саат алыстыкта. Андан сырткары Портсмут, Богнор Реджис, Литлхэмптон деген чакан шаарларына барып келдим. Ал жакта сезондук жумуш 6 айга гана уруксат. Азыр кайра Англияга даярданып жатам. Англиянын мага жаккан жери маданияты жана эли болду. Анткени калкы абдан жɵнɵкɵй жана эч качан ачууга алдырышпайт. Ал эми абасы, климаты жактан бизден айырмаланып жамгыр кɵп жаайт. Бирок Кыргызстанга караганда абасы тазадай сезилди. Тамак-аштарынан жашылча жер-жемиштери абдан даамдуу. Бирок эттин даамы анча эмес. Менин сунушум —  жаштарга Англияга барып иштегиле демекмин. Себеби ал жакта маяна ɵтɵ жакшы тɵлɵнɵт. Мисалы, ферма мага 1000 000 ашык акча тɵлɵдʏ. Чыгымдардан сырткары 700-800 миң таза киреше таптым десем болот. Дагы бир Англиянын артыкчылыгы жашай турган жерди фермалар ɵздɵрʏ таап беришет. Жадакалса жайгаштырышып коюшат. Атайы кɵчмɵ ʏйлɵр дагы болот. Аны “Караван” деп аташат. Ар фермалар ар башкача. Кээ биринде кɵчмɵ ʏйлɵрдɵ жашасаң, кээ бир фермаларда жер ʏйдɵ жашайсың. Кызык жери жекшемби иш кʏнʏ деп эсептелинет.

“Алданып калбоо керек”

-Кетʏʏ жолдору боюнча  маалыматтарды ɵзʏмдʏн каналдарымда кɵп айтам. Мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ соцтармактардан ютуб, телеграм, инстаграм аркылуу катталуучуларыма жеткирип турам. Ютубта да катталуучулар бар. Эмне жумуш кылса болот, кантип иштейт, кантип барат, баарын кɵргɵзʏп турамын. Атайын Телеграм канал дагы тʏптɵгɵнмʏн. Англияда иштеп жʏргɵн мекендештерим кɵп болгондуктан бири-бирибиз менен маалымат бɵлʏшʏп турабыз. Группамда алдамчыларга алданып калбоо ʏчʏн сурашып турабыз. Англияга кетʏʏ ʏчʏн AGRI-HR. Pro Force деген сайттардан анкета толтуруу керек. Виза жана билеттен сырткары эч кандай чыгым болбойт. Ал эми бул сайттардан анкета толтуруу бекер.  Негизи анкета толтуруу онлайн болуп, андагы маек орус тилинде ɵтʏлɵт. Тил билбей тʏшʏнбɵгɵн инсандар ошол жерден эле ɵтɵ албай калып кетишет. Чет жакта орус тилин билʏʏ зарыл! Англис тилин билсе андан жакшы болот. Тил билбеген инсан менен билген инсандын айырмасы аябай эле чоң. Кʏтʏлбɵгɵн жерден мʏмкʏнчʏлʏк чыгып калса, тил билген адам ошол нерсени пайдалана билет. Ал эми билбеген адам кантип иштейм же кантип сʏйлɵйм деп коркот. Негизинен кɵп адамдарга жол кɵрсɵттʏм, так санын деле билбейм. Кɵчɵдɵ кээ бир адамдар таанып рахмат айтып калса абдан сʏйʏнɵм. Мен сɵз бере алам, ар бир кыргыз арекет кылса, барып иштеп келсе болоруна 100% кепилдик берем. Муктаж болгон нерсесине ɵзʏ иштеп жетсе ошол чоң ийгилик болот. 

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы