8 сентября, 2024

ШВЕЙЦАРИЯДАГЫ САММИТ

15-16-июнь кʏндɵрʏ Швейцариянын Бюргеншток шаарында дʏйнɵлʏк деп аталган, кɵптɵгɵн мамлекеттердин башчылары же ɵкмɵт жетекчилери чакырылган саммит ɵттʏ. Саммиттин максатын Швейцария “Украинда адилеттʏʏ жана бекем тынчтыкты орнотуунун жолун жалпы тʏшʏнʏʏ жана иштеп чыгуу” деп атаган. Бул тезис тынчтык процессинин негизи болуп калуусу ʏчʏн керек болгон экен.

АТЫ УЛУК, СУПАРАСЫ КУРУК

Украина тарап “дʏйнɵлʏк” деп жар салган бул саммит ага даярдык кɵрɵ баштаган маалда эле бошко кеткен иш- чаралардын бири болорун байкоочулар болжошкон.

Украин лидери Владимир Зеленский демилгелеген саммиттин кыйыр максатын “бʏт дʏйнɵ Россияга каршы бириккенин демонстрациялоо” катары да тʏшʏнʏʏгɵ мʏмкʏн.

Саммитке дʏйнɵнʏн 160 ɵлкɵсʏнɵ чакыруу кеткен. Арийне,  чакырууну  бул тизмедегилердин жарымынан бир аз кɵбʏрɵɵгʏ гана (90) кабыл алганы аз келгенсип, айрым ɵлкɵлɵрдɵ ага тек гана мыйыгынан жылмая мамиле жасап коюшканы белгилʏʏ болду. Кытай катышуудан таптакыр баш тартса, Бразилия саммиттен эки кʏн мурда эле анын президенти Швейцарияда болгонуна карабастан, байкоочусун гана жɵнɵтʏп тим болду. Индия ɵзʏнʏн Россиядагы эски элчисин жɵнɵттʏ. АКШ президенти Жо Байден да катышканга мʏмкʏнчʏлʏк тапкан жок. Блуумберг агенттигинин билдирʏʏсʏнɵ караганда,  Байден ал кʏндɵрʏ Калифорнияда  ɵзʏнʏн шайлоо алдындагы донорлору менен жолугушууларды ɵткɵрʏптʏр. АКШ президентинин айтар бир маанилʏʏ кеп-сɵзʏ болсо, жыгылып калса да келмек дегендер бар. Саммитке ошентип жогорку деңгээлдеги дегидей ɵлкɵлɵрдʏн кээ биринин гана ɵкʏлдɵрʏ  катышты. Алардын арасында –Германия (канцлер Олаф Шольц), Австрия (канцлер Карл Нехаммер), Франция (президент Эммануэль Макрон) бар. Лидерлерин Япония (премьер-министр Фумио Кисида), Улуу Британия (премьер-министр Риши Сунак), Италия  (ɵкмɵт башчысы Жордж Мелони) жана Брибалтика ɵлкɵлɵрʏ да жиберген.АКШ вице-президенти Камала Харис жана Фумио Кисида саммиттин биринчи эле кʏнʏндɵ бир нече саат гана болгондон кийин Швейцариядан  чыгып кетишкен. Олаф Шольц кийинки кʏндʏн таңында кайтты. Булар жыйынга кɵз кɵрсɵтʏп коюу максатында гана келишкендей таасир калат. Зеленскийдин конференциясында  олуттуу дегидей чечим кабыл алынар маселе деле жок экендигин сыягы батыш ɵлкɵлɵрʏ да моюнга алып турушканынын эксперттер бирдей белгилешкенин айта кетʏʏ керек.

Дʏйнɵлʏк экинчи саммитти  ɵзʏндɵ ɵткɵрʏʏʏнʏ ниеттеп жаткан Сауд Арабиясы да саммитке катышуу-катышпоону акыркы моментке чейин  чече албай жатканда, Эр-Риядка Зеленский ɵзʏ барып, сыягы принцти ɵз ɵкʏлʏн-ТИМдин жетекчисин саммитке жɵнɵтʏʏ жагына кɵндʏргɵн шекил.Бирок, Швейцариядагы саммиттин жыйынтык коммюникесине Сауд Арабиясы баары бир кол койгон жок.

Орус саясат таануучулардын жана батыштык маалымат каражаттарынын пикири Бюргенштейндеги жолугушуунун башкы максаттарынын бири болуп глобалдык Тʏштʏктʏ  ага тартуу  саналса керек дегенде бир чыгарын эксперттер танбайт. Баары ошону кʏтʏшкɵнʏн байкабай коюуга болбойт. Бирок, бул миссия толук кыйрады. Бразилия, ТАР, Индия, Сауд  Арабиясы, Таиланд, Мексика, Ватикан БУУ жана Армения, Бириккен Араб  Эмираттары жыйынтык коммюникеге кол коюшкан жок, ал эми ʏч мамлекет-Тʏркия, Сауд Арабисы жана Кения мындай конференцияга Россиянын да чакырылуусу зарыл деп билдиришти.

ОЗУНГАН ОРУСИЯ

Швейцариядагы жоугушуунун дагы бир милдети болуп дʏйнɵлʏк экинчи саммитти чакыруу жана ага Россиянын катышуусун камсыз кылуу жагы эсептелээрин саммитке чейин  эле ачык айтып келишкени белгилʏʏ. Бирок, Россия президенти  Владимир Путин самиттин алдынан эле Москванын Украинадагы тынчтык боюнча сʏйлɵшʏʏдɵгʏ шарттарын шардана кылып таштады. Анын билдиришинче, Россия дайыма тынчтыкка умтулуп келген жана сʏйлɵшʏʏгɵ даяр, бирок ал ʏчʏн Украина аскерлерин Россия Федерациясынын тɵрт аймагынан чыгарып кетʏʏсʏ, НАТОго кирʏʏдɵн расмий баш тартуусу жана Россияга салынган санкциялардан толук жокко чыгарылуусу керек.

Россия Федерациясынын президентинин билдирʏʏсʏн бʏт дʏйнɵ укту жана Швейцариядагы конференциянын катышуучулары тарабынан бир нече ирет оозго алынды, бирок кʏтʏлгɵндɵй эле сɵз бойдон кала берди.

Жыйынтык коммюникеде  согуш туткундарын алмаштыруу зарылдыгы, Азов жана Кара Деңизде кемелердин эркин жʏрʏшʏ, аймактык бʏтʏндʏккɵ карата  кʏч колдонуудан жана кʏч колдонуу менен коркутуудан кармануу,  айыл чарба ɵнʏмдɵрʏн ташып-жеткирʏʏнʏн коопсуздугу камтылды. Арийне, бул маселелер боюнча деле толук консенсуска келишʏʏ болгон жок.

Эксперттик анализге караганда, саммитке карата кɵрʏлгɵн  жарым жылдык даярдыктар эч кандай жыйынтык берген жок. Зеленский анча-мынча мааниси бар делген бир да мамлекетти ɵз пайдасына ынандыра албады. Кɵптɵгɵн бай араб мамлекеттеринин келбей калуусу, бир катар аттуу-баштуулардын Швейцариядан куугандай ылдамдыкта кетип калуусу россиялык армиянын баарына белгилʏʏ болуп жаткан ийгиликтеринин фонунда ɵткɵрʏлгɵн бул саммит батыштык ири маалымат каражаттары тарабынан да, россиялык саясат талдоочулар тарабынан да жараксыз деп табылды.

ОРУС КАТЫШПАГАН ОЮН ОЙРОН  БОЛОТ

Конфликттин эки тарапташы тең катышпаган ар кандай эле тынчтык саммити маанисиз экендигин Россия башынан эле эскертип келе жатат. Владимир Путин  Украинадагы, Европадагы,бʏтʏндɵй глобалдык тынчтык жɵнʏндɵгʏ сʏйлɵшʏʏлɵр Россиянын катышуусусуз эч мʏмкʏн эместигин баса белгилеп келе жатканына кʏбɵ ɵтпɵгɵн киши жок. Россияны саммитке чакырышпаганын, бирок аны  тынчтыкты каалабайт деп айыптап келишерин Путин качантан  бери эле эскертʏʏдɵ. Бирок, жогорудагы саммитке  Москва чакыруу болгондо деле катышмак эместигин, анткени аталган саммит башынан эле украиначыл ɵң-тʏскɵ боелуп, РФ дарегине айтыла жʏргɵн жаңы айыптоолорго жык толгон демагогиялык мʏнɵздɵгʏ  кеп-сɵздɵргɵ кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруларын белгилеген. Азыр Россия 90-жылдардагы Россия эмес. Ушул тапта ал тарабынан жʏргʏзʏлʏп жаткан Украинадагы атайын  аскердик операция россиялыктарды тыгызыраак бириктирʏʏ процессине ɵтʏʏгɵ олуттуу таасир тийгизип жатканын байкабай коюу мʏмкʏн эмес.

Ошентип, Украинадагы тынчтык маселесин чечʏʏгɵ тийиш болгон Швейцариядагы саммит кʏтʏлгɵндɵй эле ойрон болду. Андай болорун Россия жана анын БРИКС боюнча ɵнɵктɵштɵрʏ эле эмес, Украина ʏчʏн маанилʏʏ лидерлер да болжошконун аңдабай коюуга мʏмкʏн  эмес. Саммитте эч кандай маанилʏʏ маселе чечилген жок. Ал эми маалыматтык кʏн тартипти  тынчтык сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ баштоо ʏчʏн Москва тараптан коюлган шарттарды билдирʏʏ аркылуу  Владимир  Путин тартып алганын белгилей кетʏʏ ашыкчалык кылбайт.

Абдираим Мамытов