21 августа, 2025

Гепатиттин Б жана С тʏрʏ оор ɵнɵкɵт боор ооруларына себеп болууда

Жыл сайын гепатиттин Б жана С тʏрʏ оор ɵнɵкɵт боор ооруларына себеп болууда. Анын ичинде цирроз, карцинома, рак оорулары орун алып, дʏйнɵдɵ жылына аталган оорулардан 1,4 миллион адамдын ɵлʏмʏ катталууда. Илимий маалыматтарга караганда, бул оорулардан ɵлʏмгɵ дуушар болгондордун арасында Гепатит Свирусу 34 500 жана гепатит Б вирусу 30 000 адам спирт ичимдиктерин колдонгону аныкталган . Айрыкча вирустук гепатиттер ийне аркылуу бангизаттарды колдонгондордо, эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер арасында, ВИЧ оорусуна кабылгандардын, жергиликтʏʏ жашоочулардын жана мигранттардын арасында кездешет. Негизинен гепатит Б жана С вирустары жуккан адамдардын кɵпчʏлʏгʏ ооруга чалдыкканынан бейкабар жашашат. Статистика боюнча, 5% дан кеми ɵзʏнʏнʏн диагнозу жɵнʏндɵ билишет. Ɵнɵкɵт инфекциясы бар адамдарды эрте аныктоо- аларга боор ооруларынын коркунучтуу кесепеттерин алдын алуу же токтоттуруу ʏчʏн зарыл болгон дарыларды колдонууга мʏмкʏнчʏлʏк берет. Ал эми ооруга чалдыккандардын ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏндɵ жана жыныстык катнашта болгон жакындарында эгерде вируска каршы иммунитети жок болсо жана вирус жуга элек болсо, аталган вирустарга каршы эмдɵɵ гепатит Б вирусун жуктуруп алуусун алдын алат.

В, С жана D гепатитинин вирусунун негизги булагы бул – оорулуу адамдын каны

Андан сырткары, вирустар оорулуу адамдын ар кандай биологиялык суюктуктарынын, мисалы, шилекей жана уруктук суюктугунун, ошондой эле этек кир жана кындын секрецияларынын, ооруга чалдыга элек адамдын терисине же былжыр чел кабыгына тийип калуусунан жугат. Ал эми медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ учурунда кɵбʏнчɵ гемодиализ, хирургия, стоматологиялык процедуралар жана инфекция жуккан донордун канын куюу сыяктуу кооптуу ийне саюучу иштер менен байланышкан. Инфекцияны контролдоо талаптарына ылайык иш-чаралар аткарылбаган учурда бейтаптар ʏчʏн да,медициналык кызматкерлер ʏчʏн да вирусту жуктуруп алуу коркунучу жаралат. Ал эми коомдук тейлɵɵ кызматтарында тери аркылуу жасалган косметикалык процедуралар, мисалы, татуировка жана пирсинг, маникюр жасоо убагында, устара же ушул сыяктуу курч буюмдар аркылуу жуктуруп алган учурлар да кездешет.

Тилекке каршы, учурда жаўы тɵрɵлгɵн ымыркайлардында гепатит В жана С вирустарын жугузуп алганы катталууда. Эгерде эне боюна бʏткɵнгɵ чейин вирусту жуктуруп алган болсо, оорунун ашкере белгилери байкалбаса да, вирусту болочок эне канында жылдар бою алып жʏргɵн болот. Эне баласына инфекцияны тɵрɵт учурунда  же тɵрɵттɵн кийин бир аздан кийин ымыркайына ɵткɵрʏп берет. Кошумчалай кетсек, эгерде эне кош бойлуулуктун экинчи же ʏчʏнчʏ чейрегинде же тɵрɵлгɵндɵн кийин эки айдын ичинде курч В  же С гепатити менен ооруп калса, перинаталдык инфекциянын коркунучу жогорулайт. Кош бойлуулук учурунда Гепатит С вирусун жуктуруп алганда ымыркайларда эрте тɵрɵлʏʏ, аз салмактуулук жана тубаса аномалиялар коркунучу кɵбɵйгɵнʏдʏгʏ аныкталган. Ошол эле учурда эмчек эмизʏʏ энеден балага С гепатитинин вирусун жугузуу коркунучун туудурбайт. Бирок, аталган вирусту балага жугузбаш ʏчʏн эмчек учтарынын терисинде жара болсо, же кесилгенден, оюлгандан кан чыгып жаткан болсо, аялдарга балдарын эмчек менен эмизбɵɵ сунушталат.

Жыйынтыктап кетсек, вирустук гепатит – бул ɵтɵ оор жана катуу кɵзɵмɵлдʏ талап кылган оору, андыктан аны алдын-алууга жана дарылоого ɵз убагында кɵўʏл буруу абдан маанилʏʏ.

У.Т.Моторов

About The Author