Билим алуу – адам турмушундагы эң маанилʏʏ жана кызыктуу этаптардын бири. Ал адамдын жеке ɵнʏгʏʏсʏнɵ, дʏйнɵгɵ болгон кɵз карашын кеңейтʏʏгɵ жана келечекке жол ачууга чоң ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Бул жолдо максатты туура тандап, ага жетʏʏ ʏчʏн чыдамкайлык жана эрк талап кылынат. Билим аркылуу жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ издеп, кесипкɵй адис болуу ар бир студенттин кыялы. Мына ушундай максаттуу жаштардын катарын толуктаган Бурулкан Чоң-Алайдын аракетчил дилгир кызы. Ал Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай институтунда билим алып, учурда Кытайда окуусун улантып жатат.

Кытайдагы Далянь эл аралык изилдɵɵ жана чет тилдер университетинин студенти Камалидин кызы Бурулкан:
“Кытайга окуу ʏчʏн 6 этаптан ɵттʏм”
-Бурулкан, Кытай мамлекетине окууга ɵтʏʏ жол-жобосу тууралуу айтып берсең?
— Кытайга келип билим алуу оңой эмес. Бирок кɵп мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ача турган фундамент. Кытайга келип окуу ʏчʏн биринчи этап — HSK экзаменинен ɵтʏʏ. Бул экзамен кытай тилин билʏʏ деңгээлиңди аныктайт. Экзаменде алты деңгээл бар, андан ɵткɵндɵн кийин гана Кытайга окууга тапшырууга мʏмкʏнчʏлʏк болот. Кытай университеттери тандап алган факультети текшерет жана онлайн баарлашуу ɵткɵрʏлɵт. Эгер бул процесстен ийгиликтʏʏ ɵтсɵң, Пекинге жɵнɵтʏлʏп, мамлекеттин текшерʏʏсʏнɵн ɵткɵндɵн кийин гана окууга кабыл алынасың. Окууга ɵтʏʏ процесси жеңил болбогону менен кɵптɵгɵн мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачып берʏʏчʏ жол десек жаңылышпайбыз.
“Сабактан калуу – ɵтɵ олуттуу маселе катары каралат”


-Биздеги билим берʏʏ менен ал жактагы айырмачылык тууралуу айтып берсең?
-Кытайда билим берʏʏ системасы аябай ɵнʏккɵн. Себеби замандын талабына ылайык жаңы методикаларды колдонушат. Мугалимдер студенттердин жакшы тʏшʏнʏʏсʏ ʏчʏн бардык керектʏʏ билимдерди берет жана ар бир мугалим ɵз ишине бʏт жʏрɵгʏ менен киришип, сабакты ɵтʏʏнʏн эң эффективдʏʏ жолдорун колдонушат. Музейлерде жана университеттерде, ошондой эле жалпы сабактарда кыймылдуу жана интерактивдʏʏ окутуу ыкмалары колдонулат. Окутуучулар сабак учурунда олтурбайт. 90 мʏнɵт сабак болсо, 90 мʏнɵт бою кыймылда болуп сабагын ɵтʏшɵт. Бул жакта мугалимдер билим берʏʏ процессине толук кɵңʏл бурууну камсыз кылуу ʏчʏн мобилдик телефондорун дагы сабак учурунда карашпайт. Кытайда сабакка келʏʏ жана сабактан калуу — бул ɵтɵ олуттуу маселе. Студенттер сабактан калуудан абдан тартынып, кечигʏʏнʏ кемчилик катары кɵрʏшɵт. Эгерде студент сабакка кечиксе, анда студенттин баллынан кемитишет. Мугалимдер ɵздɵрʏ дагы сабакка кечигип келʏʏгɵ жол беришпейт. Эгерде окутуучу кечигип калса, айлыгынан кыскартып же айып пул салуу чараларын колдонушат. Бул тартипти сактоо жана сабактын убагында ɵтʏшʏ ʏчʏн гана эмес, жалпы билим берʏʏ процессинин сапатын камсыз кылуу ʏчʏн да маанилʏʏ. Мындан сырткары Кытайда билим берʏʏдɵ коррупциянын жоктугу да абдан маанилʏʏ. Эгерде кандайдыр бир коррупциялык аракеттер болгону аныкталса, мугалим дароо иштен алынат жана анын келечектеги карьерасы аяктап калат. Студенттер да мыйзамды бузса окуудан дароо четтетилет. Мындай катуу чаралар билим берʏʏ системасын адилеттʏʏ жана ачык кылат.
“Чет элдик студенттер ʏчʏн ыңгайлуу шарттар тʏзʏлгɵн”
-Чет элдик студенттерге болгон камкордугу менен шарттары кандай экен?
-Мен жашап жаткан жатакана ʏйгɵ окшош. Бир бɵлмɵдɵ эки адам жашай турган болсок, эки душ, эки ажатканабыз, бир ашканабыз жана бир конок бɵлмɵбʏз бар. Жатаканабызда мусулмандар ʏчʏн адал ашканалар да каралган. Стипендиаттар ʏчʏн жатакананын шарттары акысыз, ал эми стипендиат болбогон студенттер акысын тɵлɵп турушат. Стипендиаттар айына эки жарым миң юань алышат. Кытайдагы мындай шарттар чет элдик студенттер ʏчʏн жакшы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏзɵт.
Кытайдагы жашоо мен ʏчʏн кɵп жаңы тажрыйбаларды алып келди. Кытайда чет элдик студенттерге аябай жакшы шарттар тʏзʏлгɵн. Стипендиаттар ʏчʏн ар кандай иш-чараларга катышуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ бар. Кошумча Кытай тилин жакшы билгендерди, башка тилде сʏйлɵй алгандарды котормочулукка жɵнɵтʏшɵт.


-Окуу менен катар кошумча жумуш иштеп, каражат тапканга убакыт болобу?
-Ооба. Мен бул жакта ɵзʏм гид котормочу болуп иштейм. Туристтерге жардам берип, шаардагы тарыхый жерлерге алып барып кɵрсɵтʏп келем. Бош убактымда товар алып, салып алектенем. Бул иштер мага жакшы киреше алып келʏʏ менен бирге жаңы адамдар менен таанышып, жаңы тажрыйбаларды да берет. Товарларды сатуу жана аларды ар кайсы ɵлкɵлɵргɵ жɵнɵтʏʏ мен ʏчʏн кызыктуу жана пайдалуу жумуш.
“Университетимде мыкты студенттердин катарын толуктайм”
-Окуп да, иштеп да атсаң, эс алууга кол тийбесе керек?
-Мен кɵбʏнчɵ бош убактымда сʏрɵт тартуу менен алектенем. Айланып-сейилдеп, жаңы жерлерди кɵрʏʏгɵ да кызыгам. Анткени бул нерсе кыялымдагы жерлерди жана табиятты сʏрɵткɵ тартуу ʏчʏн чоң жардам берет. Сʏрɵт тартуу мен ʏчʏн ɵзʏмдʏ жаңыча ачуу, чɵйрɵнʏ жана адамдарды башка кɵз караштан карап кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ катары сезилет. Жакында эле окуу жайда сʏрɵт тартуу боюнча ɵткɵрʏлгɵн конкурска катышып, биринчи орунду алдым. Бул жеңиш мен ʏчʏн чоң сыймык жана жакшы тажрыйба болду. Мындан тышкары, ɵткɵн жумада Далянь телеканалына тартылдым. Алар университетимдин чет ɵлкɵдɵн келген мыкты студенттерин кɵрсɵтʏʏ максатында программага тартышты. Булардын бардыгы менин ɵзʏмɵ болгон ишеничимди кʏчɵттʏ. Буюрса, дагы да кɵптɵгɵн ийгиликтерди багынтууга аракетимди жумшайм.
“Кытайда коопсуздук катуу каралган”
-Кытайда коопсуздук системасы абдан катуу каралат. Ар бир жерде полиция кызматкерлери бар. Эгер бир нерсе жоголуп калса, 6 сааттын ичинде таап беришет. Эгер таба албаса, кызматкер иштен алынат. Кытайда жашоонун коопсуздугу жана жарандардын укуктары катуу кɵзɵмɵлдɵнʏп, укук бузууларга аябай катуу кɵңʏл бɵлʏнɵт.

“Мекенимди сагындым”
-Мен келечекте дагы да билим алып, жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ изилдеп, жаңы билимдерге ээ болсом дейм. Кыргызстанга кайтып барган соң ɵзʏмдʏн билимимди колдонуп, ɵлкɵмдʏн ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууну каалайм. Ошондой эле бул жакта магистратурага тапшырып, дагы кɵп нерселерди ʏйрɵнʏʏнʏ пландап жатам. Мекенимди абдан сагындым. Буюрса, ɵлкɵмɵ барам.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы