2025-жылдын 7-январь күнү Кара-Суу районунда жайгашкан Чыйырчык эс алуу жайында муз тээп аткан чет элдик жаран катуу жаракат алып, эс учун жоготкон.
Коопсуздукту көзөмөлгө алып турган Ош ОИИБдин туристтик взводунун кызматкерлери жаракат алган чет элдик жаранга дароо алгачкы жардам көрсөтүшүп, коопсуз аймакка көтөрүп чыгышып, дарыгерге көрсөтүү үчүн аны жакындарына кошуп беришти.
Белгилей кетсек кышкы мезгилде эс алууну каалаган жогорку окуу жайда окуган чет элдик студенттер жана коңшу Өзбекстан, Казахстан өлкөлөрүнүн жарандары Кара-Суу районунун “Чыйырчык” жана “Катта-Талдык” лыжа базасына көп келишет. Дем алыш күндөрү жана кышкы каникул мезгилинде эс алууга келгендердин саны күнүнө бир жарым миң, эки миңге чукул болот.
Бул аймакта Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Ал эми туристтик взоддун кызматкерлери туристтерге котормочу кызматын аткарышып, зарыл болгон учурларда юридикалык кеңештерди берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Өз кезегинде жабыр тарткан чет элдик жаран коопсуздукту көзөмөлгө алып турган тартип сакчыларына ыраазычылык билдирди.




Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат