Урматтуу шаардыктар!
Ордолуу Оштун эли!
Кымбаттуу шаарыбыздын меймандары!
Жаңы жыл – бул артка кылчайып өткөн жылга сереп салып, келе жаткан жаңы жылга утурлай алдыбызга жаңы максаттарды койгон аруу-тилектердин жана жаркын күтүүлөрдүн майрамы. Ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөт эмеспи. Баарыңыздарды Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан 2025-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм.
2025-жыл мекенибизге тынчтык, элибизге береке алып келген бакубат жыл болуп, өлкөбүз өнүгүп, ар бир үй-бүлөнүн маанайы жарык, ден соолугу бекем болсун. Элибиз эмгегинин үзүрүн көрүп, ийгилигибиз арта берсин. Узап бараткан жыл биздин мамлекетибиз үчүн өнүгүүгө бет алган окуяларга бай болду. Дүйнө жүзүндөгү ар кандай олку-солку окуяларга карабай социалдык-экономикалык өсүү, мектеп, балдар бакчаларынын салынышы, жолдордун абалы жана башка инфратүзүмдүк обьектилердин курулуштары, өнөр-жай, завод-фабрикалардын иштеши, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана чет мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүлөрдүн негизинде тышкы саясаттын жогорку деңгээлге жетишип жаткандыгына баарыбыз күбө болуп жатабыз.
Соңку 30 жылдан ашуун тарыхыбызда саясий окуяларга басым жасалып жүрүп, элибиз саясатташып кеткендигинен алдыга жылуу, умтулуу бир тараптуу болуп калгандай сезилээр эле. Азыркы учурда мамлекет жетекчилигинин бир багыттуу ишинин жыйынтыгында көп нерселер өзгөрүп жатат.
Ордолуу Ош шаарыбызда да алгылыктуу иштер арбын болду. Шаарыбызда 2024-жыл курулуш, көрктөндүрүү-жашылдандыруу жана башка тармактарда жакшы жөрөлгөлөр жүз берди. Жаңы жыл жаңы ийгиликтерге себеп болсун, көп улуттуу элибиздин достугу бекемделип, ынтымак-ырашкерликте алдыга туура кадам таштап, сүйүктүү өлкөбүздү анын ичинде гүлдөп-өсүп келе жаткан ордендүү шаарыбыздын келечеги кең болсун деп айтмакчымын.
Келе жаткан жыл кандай болору өзүбүздөн да көз каранды. Андыктан өзүбүзгө болгон ишеним бек болуп, ушул жыл чечкиндүү чечимдерди ишке ашыруунун, жаңы горизонтторду ачуунун жана жаңы бийиктиктерге жетишүүнүн жылы болсун.
Жаңы 2025-жыл ар бириңиздерге жаркын ийгиликтердин, жаратман жигердүү иштердин, бейпил тынчтыктын жана бакубатчылыктын жылы болуп, өлкөбүз адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун негизинде гүлдөп өсө берсин.
Жараткан элибизди ар түрдүү апааттардан сактасын. Ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө бекем ден соолук, байгер жашоо, ал эми өлкөбүздүн алдыга карай жолу ак болуп, күтүлбөгөн ийгиликтер менен коштолсун. Шаарыбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, жарандарыбыздын достугу, ынтымагы бекемделе берсин. Элибиздин коломтосунан от, дасторконунан нан, үйүнөн кут кетпесин.
Жаңы жылыңыздар менен!
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы