Ош шаарында 2024-жылы сарык оорусунун «А» тʏрʏ менен ооруп кайрылгандардын 80% 14 жашка чейинки балдарды тʏзʏп, 15 жаштан ɵйдɵ ооругандардын саны – 22%ды тʏздʏ.
Сарык оорусунун «А» тʏрʏ бул курч кармаган жугуштуу оору, ооруну козгоочу боордун — «А» тʏрʏндɵгʏ вирус. Организмге кирген вирустун оору козгоо процессинде пайда болгон уулуу заттар боордун сезгенʏʏсʏнɵ алып келет. Боор оорусунун бул тʏрʏ ооз кɵңдɵй аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар тʏрʏнɵ кирет жана бул оору менен ар бир адам ооруп калуусу 100%ды тʏзɵт. Оорунун вирусу адамга тамак-аш жана суу аркылуу жугушу мʏмкʏн. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.
Оорунун белгилери: оорунун инкубациялык убагы(башка адамга жугуп калуу коркунучу)14-35 кʏнгɵ созулат. Оору жуккандан кийин адамдын дене табы кɵтɵрʏлʏп, шалдырай баштайт, баш ооруп, мурун бʏтɵт,тамакка табити жоголуп кɵңʏлʏ айланат жана кусат,ичи ɵтɵт. Боор менен кɵк боор чоңоёт, зааранын ɵңʏ кочкул кʏрɵң тартып, заң агарат, дене саргаят. Дененин саргайышы оору белгилери билингенден кийин 4-7 кʏн ичинде башталат.Тилдин асты, таңдай, кɵздʏн агы, тери саргайып, 1-2 апта ɵткɵндɵн кийин жоголот. Чоңоюп кеткен боор, кɵк боор калыпка келип, ооруган адам жеңилдей баштайт.
Ооруу 3 тʏрдɵ ɵтʏшʏ да мʏмкʏн: гепатиттин белгилери билинген тʏрʏ, саргаюу кʏтʏлбɵгɵн тʏрʏ, белгиси жок (саргаюу да жок) тʏрʏ.
Жугуу жолдору: гепатиттин вирусу тʏшʏп булганган суу, тамак-аш, ооруган адамдын заңы,колдонгон буюмдарынан (идиш, сʏлгʏ, жууркан-тɵшɵнчʏлɵр), бирɵɵнʏн сагызын чайнап, чупа-чупсун, момпосуюн соруудан (жаш балдар арасында) жугат.
Тазалыкты ар дайым сактаңыз!
Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой.
Алдын алуу:
• Сууну, тамакты кайнатып ичʏʏ.
• Кɵчɵдɵн келгенде жана тамак-аш ичер алдында колду самындап жуу.
• Жашылча-жемиштерди жууп колдонуу.
• Кɵчɵдɵн (колдон) тамак-аш сатып албоо.
• Жеке гигиенаны сактап, буюмдарыңызды башкаларга бербей,ɵзʏңʏз гана колдонушуңуз керек.
• Жаш балдарды эшиктен ойноп келгенде жана дааратканадан чыккандан кийин сɵзсʏз тʏрдɵ колун самындап жуудурууга кɵндʏрʏʏ.
Эгерде сарык оорусунун кандайдыр бир жогоруда айтылгандай белгилери билине баштаса, оорунун алдын алуу ʏчʏн сɵзсʏз медициналык жардамга (ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна) кайрылуу керек, канчалык эрте кайрылсаңыз сарык оорусун дарылоо оңойго турат.
Даярдаган : Кадырова А.О.
Умарова Э.А
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы