Эл аралык турмушка сергек баам таштаган бир катар олуттуу эксперттер ɵткɵн 2024-жылга болжолдуу алганда, дал ушундай мʏнɵздɵмɵ беришет. Эки бир тууган элди ɵз ара кырды-бычакка салып коюп, эч нерсе болбогондой таризде четтен байкоо сала карап турган глобалисттер азыр деле калайман согуштан толук баш тартыша электигине батыштын отко бензин чачкандай айрым аракеттери кʏбɵ ɵтʏп жатат.
Ал гана эмес, батыштын айрым мамлекеттеринин борборлорунда орустар менен согушууга даярдыктар кɵрʏлɵ баштагансыган далбасалар болуп жатканы деле жашыруун болбой калды. Жакынкы Чыгышта Сирия кургуйга кулап, эреңкиси бʏдɵмʏк калууда. Бул аймакта да чоң кагылышуу-каршылашуулардын караандары кɵрʏнʏп турганын аңдоого мʏмкʏн.

Мындан улам 2025-жыл жɵн гана оор болбостон, мээни шакый кыла турган жылдардан болорун болжошууда.
“Эл аралык турмушта кɵп факторлор АКШнын такка жаңы олтуруп жаткан президенти Трамптын кандай линияны карманышына байланыштуу болору башынан бери эле белгилʏʏ” -дейт Америка таануучу Дмитрий Дробницкий. “Трамп Путин менен сʏйлɵшʏʏгɵ чын жʏрɵктɵн ниеттенип турганына ишенсе болот. Бирок, бийликти жеңип алганы менен ал азырынча бул, орустар “глубинное” деп атап жʏрʏшкɵн мамлекет тандаган жолдон чыгууга дароо эле келе калаары кʏмɵндʏʏ болууда. Андайга ага анын биринчи мɵɵнɵтʏ да жол бербегени маалым. Трамптын мисалы, “Украинада 214 сааттын ичинде тынчтык орнотом” деген сындуу эпатаждык демилгелери дароо эле федералдык мамаппарат тарабынан саботажга учурап, президент алгач ишти чечʏʏчʏ ведомстволордогу ага лоялдуу эмес деп эсептелген адамдарды аеосуз тазалоодон баштоого аргасыз болууда. Арийне, система кɵшɵрɵт каршылык кɵрсɵтʏп, катуураак каап алуусу да ыктымал. Андыктан, 25- жылда АКШ жарандык согушка дейре жетеленип калуусу мʏмкʏн. Канткен менен бул тʏбʏ барып тʏздɵн тʏз кыйноого алып келʏʏчʏлʏккɵ чейинкини ичине камтыган тʏрдʏʏ формалары менен каршылашуунун мезгили болуп калышы ыктымал.
Трамп ʏчʏн эң жогорку милдет — “Американы кайрадан улуу кылган” адам катары, болгондо да эртерээк ɵзʏнɵ алтындан айкел тургузуу. Андыктан, АКШнын Европа, Россия, Кытай менен болгон мамилелеринде жɵнɵкɵй чечимдерге баруу аракеттери болот. Бул Трампка жагат. Украина менен болуучу сʏйлɵшʏʏлɵр прроцессинин алгачкы эле тоскоолдуктарында Трамп киевдик режимди колдоону европалыктарга арта салышы мʏмкʏн: Украинаны жактап жатасыңарбы, мына эми жактап жатып калгыла! Эгерде эски дʏйнɵ ээ-паа деп кɵрсɵ, аларга карата эмиссия ɵчʏрʏлɵт да, евро куну моментте кургуйга кулап, иш бʏтɵт да калат. Кийинки кадам Киевдеги башкаруучу тɵбɵлдʏ мʏмкʏн болушунча протрамптык кылуу аракетине ташталат. Бирок, бул “шибегени самынга алмаштыргандай” эле болуп калганы тез эле билинип калат.
КЫТАЙ ƟЗY МЕНЕН ƟЗY

Кытай менен болуучу саясатка келсек, Трамптын Россия менен мамилени дурустагың келсе, демек кас Кытай менен да жолдоштук мамиле тʏзʏʏ лаазым деген логикасы боюнча, Кытайды болжолдуу чоң ʏчтʏккɵ тартуудан башка арга жок.
“Кытай календары боюнча жаңы жыл 29-январда, америкалыктардыкы боюнча Трамптын инаугурациясы ɵтɵɵр 20-январга туш келет”,- дейт кытай таануучу, жазуучу Юрий Тавровский. Жылан жылы хироманттардын эле эмес, олуттуу эле адамдардынн эсебинде да Кытайга этияттык-назиктик, акылмандуулук жана сабырдуулук менен акыл калчоону алып келет. Ɵлкɵ ковидден кийинки абалга келʏʏсʏн улантып, учурда экономикалык ɵнʏгʏʏ жагына оор эле мезгилди баштан ɵткɵрʏп жатат. 2025-жылы 5 пайыздык ɵсʏʏнʏ камсыз кылуу ʏчʏн бир топ эле тʏйшʏктɵнʏʏгɵ туура келет.
Yстʏбʏздɵгʏ жыл Россия менен карым-катышты бекемдɵɵнʏн жылы болуп калууга тийиш. Жеңиштин 80 жылдыгы Россия менен бирге тосулат. Экинчи дʏйнɵлʏк согушта СССР 27 миллион адамынан айрылган болсо, Кытай япондук агрессорлор менен кагылышууларда 35 миллион адамынан ажыраган.
Жаңы жылда Тайванга байланышкан сюрприздерди кʏтʏʏгɵ болбойт. Кеткен жылда тайвандык сепаратисттер парламенттик жарышта жеңилип калышканын да эстен чыгарууга болбойт.
ЕВРОПАДА ОЛУТТУУ ƟЗГƟРYY ДЕЛЕ БОЛБОЙТ

“Европа биримдиктен кандайдыр бир олутуу ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ кʏтʏʏгɵ болбойт”-дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Николай Топорнин. Германияда февралдагы парламенттик шайлоодон кийин жаңы ɵкмɵт жана жаңы канцлер келиши кʏтʏлɵт. Эсеп-болжолдорго караганда, жаңы канцлер болуп христиан-демократ Фридрих Мерц шайланат. Ал Россияга карата Шольцко караганда да катуу мамиледе экендиги айтылат. Украинага тоталдык колдоо кɵрсɵтʏʏ линиясы улантылып, бул жагынан ага Венгрия менен Словакия гана оппоненттик турумда болушу ыктымал. Россияга санкция салуу саясаты улантылып, жай айларында датанын узартылышы кʏтʏлɵт.
Брюсселде кулактардын баары Ак Yйгɵ тʏрʏлʏп, анда кандай кʏбʏң-шыбыңдар болуп жатканынан жапырт кабар алынары турулуу иш. Эгерде Трамптын колу титиребей, айткан-неткендерин ишке ашырып баштаса, Евробиримдикке ɵзʏнʏн концептуалдык айрым парпинциптерин, анын ичинде Россияга байланышкандарын да кайра карап чыгууга туура келип калуусу мʏмкʏн. АКШ болбосо, Европа да жок дегендей маанай кʏтʏлɵɵрʏ жалпыга маалым. Киев кɵптɵн бери ʏмʏт байлап, астейдил кʏтʏп жаткан германиялык Таурусту балким, немецтик жаңы канцлер аны Россиянын мейкиндиктерине карата колдонуу уруксаты менен кошо берип калаттыр деген да божомол да жок эмес , бирок кɵптɵгɵн аналитиктердин эсебинде орус-украин фронтунун кагылышуу тилкесине европалык эч бир ɵлкɵ, ал турсун Польша да аскерлерин жɵнɵтʏʏгɵ батынбайт.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы