Кургак учук деген эмне? Туберкулез — кургак учуктун микобактериясы (кох таякчасы) аркылуу пайда болот. Бардык органдарды жана ткандарды, бирок кɵп учурда ɵпкɵнʏ жабырлантуучу жугуштуу оору. Микобактериялар ачык абада бир канча кʏн жашай берет. Кʏндʏн нурунда жай мезгилинде жарым саатка чейин, ультракызгылт кɵк нурларда 5-15 мʏнɵттɵ ɵлɵт. Сыз, караңгы, суук жерлерде кɵп жылдарга чейин сакталышы мʏмкʏн.
Кургак учук ачык жана жабык тʏргɵ бɵлʏнɵт. Ачык тʏрʏ адам жɵтɵлгɵндɵ, чʏчкʏргɵндɵ же шилекей чыгарганда аба аркылуу жугат. Жабык тʏрʏнɵ кабылган киши узак убакытка чейин ооруну сезбей жʏрɵ бериши мʏмкʏн. Бирок адамдын иммунитетти тɵмɵндɵп же дарыланбай койсо, ал тез эле ачык тʏрʏнɵ ɵтʏп кетиши ыктымал.
Кургак учук кантип жугат? Кургак учукту жаш курагына карабай бардык адамдар жугузуп алуусу мʏмкʏн. Инфекция ɵпкɵнʏн кургак учугу менен ооруган адам жɵтɵлʏп, чʏчкʏрʏп жана сʏйлɵп жаткан учурда абага микобактерияларды бɵлʏп чыгаруусу аркылуу жугат. Оорулуу адам чʏчкʏргɵндɵ же жɵтɵлгɵндɵ кургак учуктун бактериясын камтыган аба бɵлʏкчɵлɵрʏ оңой жайылып, ар бир оорулуу адам жыл сайын дагы 10 адамга чейин жугузушу мʏмкʏн. Ал аба аркылуу тарагандыктан бул инфекция кɵптɵгɵн адамдарда кездешет. Бирок кɵпчʏлʏк адамдарда ал жашыруун болуп саналат жана бул инфекциялардын 10 пайызы гана активдʏʏ ооруга айланат.
Кургак учуктун белгилери: 2 жумадан ашык жɵтɵлʏʏ, бул ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу керек болгон белги, дене табынын жогорулашы, ɵзгɵчɵ тʏнкʏсʏн тердɵɵ, алсыздык, чарчоо, табиттин начарлашы, салмактын азайышы. Кеч баскычтарында демкыстыгуу, кɵкʏрɵктʏн ооруганы, кан тʏкʏрʏʏ пайда болушу мʏмкʏн. Дене табы адатта кечинде жогорулайт жана кɵп учурда 37-37,5°С чейин жетет.
Ɵзʏңʏз же сиздин жакындарынызда ушул белгилер табылган учурда эмне кылуу керек? Ар бир адам кургак учуктун белгилерин билʏʏгɵ жана алар пайда болгон учурда ɵпкɵнʏн кургак учугун жокко чыгаруу ʏчʏн ошол замат жашаган жери боюнча ʏМБ/ʏДТ/ФАПтагы медициналык кызматкерге кайрылуу зарыл. Ар бир адам жɵтɵлʏʏ жана чʏчкʏрʏʏ этикетин сактоосу зарыл. Ошол себептен ооруп жаткан учурда башкаларга жуктурбоо макстатында бет кап кийип, ɵздʏк гигиенаны сактоо керек. Ɵпкɵ туберкулёзун аныктоодо рентгендик диагностиканын мааниси чоң.
Оорудан толук сакайып кетсе болот эгерде:
-дарыланууну мʏмкʏн болушунча эрте баштаса,
-дарыларды дарыгердин бардык сунуштарын так сактоо менен ичсе,
-дарылануунун толук курсун аяктаса, бейтап ɵзʏн жакшы сезип калган учурда да дарыларын калтырбай ичсе. Дарылоо кеминде алты айдан бир же эки жылга чейин созулушу мʏмкʏн.
Кургак учукка каршы вакцина. Кургак учукка каршы эмдɵɵ (БЦЖ) эмделген балдардын 85 пайызы ʏчʏн кургак учук менингитинен жана жайылган формасынан коргоого мʏмкʏндʏк берет. Инфекцияны жуктуруп алган учурда да кесепеттери оор болбой, кɵп кыйналбай айыгып кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Кыргызстанда профилактикалык эмдɵɵ календарынын алкагында БЦЖ вакцинасы бардык дени сак тɵрɵлгɵн балдарга тɵрɵт ʏйʏндɵ жаткан учурда сайылат.
Кургак учуктан кантип сактануу керек? Негизги коргонуу – бул ɵзʏңʏздʏн иммунитетиңиз. Ошондуктан сергек жашоо мʏнɵзʏн калыптандыруу, жаман адаттардан баш тартуу, ɵз убагында эс алып уктоо, стресстен алыс болуу, физикалык активдʏʏлʏк жана туура тамактануу абдан маанилʏʏ.
Ошондой эле оорунун алдын алуу жана эрте диагностикалоо ʏчʏн жылына бир жолу флюорографиядан же кɵкʏрɵк рентгенинен ɵтʏʏ сунушталат.
Эпидемиолог дарыгер Б.А.Осмоналиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы