20 августа, 2025

“Коргошундун  ден соолукка  тийгизген зыяны” аттуу сынактын жеңʏʏчʏлɵр аныкталды

2025-жылдын 19- март кʏнʏ Республикалык ден соолукту чыңдоо жана  массалык коммуникация борбору жана ЭКОИС менен биргеликте, Ош шаарында “Коргошундун  ден соолукка  тийгизген зыяны” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Ош шаардык №17 “Ак Ниет” балдар бакчасында болуп ɵттʏ. Ош  шаарында мектепке чейинки даярдоо топторунун балдар арасындагы сʏрɵт сынакка  3 бала бакча (№13, №17, №25)  катышып, 1 жума аралыгында сʏрɵт тартышкан. Сынакка жалпысынан 245 сʏрɵт тартылып, анын 30у сынактын жюрилери:   Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ɵкʏлдɵрʏ тарабынан бааланды. Иш чарада жеңʏʏчʏ балдарга номинациялар жана 3 орун громаталары менен ыйгарылды. Ошондой эле 3 бала бакчанын тарбиячыларына балуу сыйлыктар берилди. Сʏрɵт аземине катышуучулар: Ош шаардык мэриясынын Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ɵкʏлдɵрʏ, мектепке чейинки даярдоо тайпасынын ата-энелери, тарбиячылар, балдар жана сынакка катышкан бала бакчанын жетекчилери.

About The Author