Тоо-кен тармагы ɵлкɵбʏздʏн приоритеттʏʏ багыттарынын бири болуп саналат. Аны максаттуу пайдалануу экономикага чоң пайда келтирери талашсыз. Кыргызстандын аймагында алтын кенинен сырткары башка баалуу таштар да кездешет. Айрымдары союз кулагандан кийин кароосуз калган. Асыл таштар кайсы тармактарда тынымсыз колдонулат, ошондой эле божомолдонуп бирок ачылбай жаткан кендер боюнча геологдор кандай иштерди жʏргʏзʏшʏʏдɵ? Геология-минерология илимдеринин доктору, профессор, РУДН(Москвадагы) ардактуу профессору Орунбай Шамшиев агай ой бɵлʏшкɵн.

“Кыргызстанда баалуу таштардын бардык тʏрʏ кездешет”
Кыргызстанда рудалуу кендерден (металл чыгаруучу) башка да тʏрдʏʏ жаратылыш ресурстары кɵп. Алардын катарында асыл таштар жана кооз таштар тобуна кирʏʏчʏ кымбат баалуу минералдар жана тоо тектери бар. Баалуу таштар жаратылышта сейрек кездешип, аз ɵлчɵмдɵ учурайт. Бул топко кирген минералдар байыртадан эле элде кенен колдонулуп, шакек, билерик, сырга, чынжыр жана башка зер буюмдар жасалып келген. Таштар табигый мʏнɵзʏнɵ, сырткы кɵрʏнʏшʏнɵ карата ар тʏрдʏʏ аталышкан, мисалы алтын, кʏмʏш, каухар деген сыяктуу. Аларды казып алууда кылдаттык менен формасын, структурасын бузбай, кээде кол менен казып алууга туура келет. Ар бири уникалдуу физикалык, химиялык касиеттерге ээ, кристаллдары, жарык ɵткɵрʏʏсʏ, катуулугу, кооздугу, тунуктугу менен айырмаланат. Асыл таштарды касиеттери, ɵзгɵчɵлʏгʏ жана баалуулугу, ɵңʏ-тʏсʏ, жакшы сакталган кристаллдары, формаларына карата ʏч класска бɵлɵбʏз:
1-класс: алмаз (бриллиант), сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, шпемель жана башкалар.
2-класс: бирюза, жашыл турмалин, аметист, тоо хрусталы, раухтопаз, опал, сердолик.
3-класс: чала асыл таштар андалузит, гранат, диопсид, сподумен, рутил.
Кыргызстанда жогоруда айтылган асыл таштардын баары кездешет. Алмаздын дандай болгон бɵлʏктɵрʏ Чоң-Кемин менен Чʏй дарыяларынын кошулган жеринен жана Баткен облусунун Раджауп деген жеринен табылган (1942-1980-жж). Ошол мезгилде алмаздын лампроит деген жаратылыштагы кездешʏʏсʏ белгисиз болгондуктан ал нерсеге кɵңʏл бурулган эмес. Бул боюнча изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлʏʏдɵ, келечекте кабарлар менен дагы бɵлʏшɵбʏз.
“Союз убагында баалуу таштар жаткан объекттер кɵзɵмɵлдɵ болгон…”
Азыркы убакта борбор шаарыбызда жана башка региондордо гранит, мрамор, сланец, базальт сыяктуу кооз таштар курулуш иштеринде (облицовочные материалы) сырттан жабыштыруучу, капталган материалдар катары колдонулары белгилʏʏ. Союз убагында асыл жана кооз таштар жайгашкан жаракалар жана башка объекттер мамлекет тарабынан кɵзɵмɵлдɵ болчу. Союз ыдырагандан кийин алардын абалы да башка кендердей эле кароосуз калып, айрымдарга таланып-тонолгон. Чет жактан келген турист (дикарьлар) сыяктуулар жергиликтʏʏлɵр менен ʏңкʏрлɵрдʏ жардырып, жакшы кооз таштарды талап кетишти. Азыр дагы кендерибиз жок эмес, аларды иштетʏʏ технологиясын ɵздɵштʏрʏʏ зарыл. Бул багытта чет мамлекеттерден Иран, Тʏркия, Италия сындуу ɵлкɵлɵр ɵнʏгʏп, экономикасын ɵздɵштʏрʏʏнʏн негизги тармагына айландырган. Мисалы рубин, сапфир, бриллианттын синтетикалык тʏрлɵрʏн чыгарып, зергерлик тармагында колдонушат. Айтмакчы, синтетикалык тʏрлɵрдʏн баасы жаратылышта пайда болгон кендердин баасынан анча айырма кылбайт. Ошондой эле грандалган гранаттан жасалган тасбих(счетчик) чоң рынокто баасы абдан жакшы. Ал эми шагал баасында сатылып жаткан базальттардан ар тʏрʏʏ кымбат баалуу жасалгаларды чыгарса болот. Ошондой эле алардан жука жип (волокно), материал тʏрʏндɵ же болбосо чарбада колдонулуучу нерселерди чыгарса экономикага бир топ салым кошо алат.

“Асыл таштарды казуу айлана-чɵйрɵгɵ терс таасирин тийгизбейт”
Азыркы кʏндɵ магматикалык тоо тектеринен (гранит, диорит, аплит) болгон тʏрдʏʏ жасалгалар медицинада (физиотерапия) кенен колдонулуп, жакшы эффект берʏʏдɵ. Мрамордон жасалган бильярд столунун баасы он миң доллардан ɵйдɵ турат. Жогоруда айтылган базальт, гранит, мрамор биздин ɵлкɵдɵ абдан кɵп, бардык областтарда кездешет. Сɵзʏмдʏн аягында белгилеп кетким келет, асыл жана кооз таштарды колдонуу, иштетʏʏнʏн келечеги кенен, абдан приоритеттʏʏ. Аны ишке ашыруу ʏчʏн тɵмɵнкʏ жагдайларга кɵңʏл буруубуз зарыл.
• Асыл жана кооз таштарды, жалпы руда эмес тектердин геология изилдɵɵсʏн улантып, заманбап технологияны колдонуу.
• Алардын так классификасына жетишʏʏсʏ катарында колдонуу технологиясын ɵздɵштʏрʏʏ;
• Зергерлик (ювелирное дело), медицина (физиотехнология), айыл чарбада колдонуу (жем катары, азык катары), курулуш материалдары, башка чарбалар.
• Кесипкɵй адистерди даярдоо.
Асыл жана кооз таштарды казып алуудагы ɵзгɵчɵлʏгʏ, алар чоң шахталарды, карьерлерди талап кылбайт жана айлана-чɵйрɵгɵ терс таасирин тийгизбейт.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы