20 августа, 2025

ЖЕҢИЛYYНYН  ДА, ЖЕҢYYНYН  ДА ЖЕҢИЛ ЭМЕС МАСЕЛЕЛЕРИ

Ар кайсы эле доордогу ар кандай согуш акыр тʏбʏ тынчтык келишимине келʏʏ менен бʏтɵт. Бул-аксиома. Ушуну менен бирге ар кандай эле тынчтык келишими  ага келген эки тарапты тең бирдей даражада канааттандырган учур тарыхта такыр боло электиги да ырас. Орус-украин жаңжалы азыр дал ушундай кырдаалга такалып турат. Азырынча тынчтык келишимине келʏʏ ʏчʏн сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ баштоодон башка конкреттʏʏ жумуш жасала элек.

АКШ президенти Трамптын орус-украин согушун токтотууга карай жасап жаткан кадамдарынын арасында тынчтык келишимин даярдоо максатында ок атышууну отуз кʏндʏк мɵɵнɵткɵ токтотуу жɵнʏндɵ тараптардын  макулдашуусу зарылдай сезилгени менен анын Путин белгилегендей “ньюанстары” бар. Эл аралык иштер боюнча Россиялык Кеңештин вице-президенти, отставкадагы генерал-лейтенант Евгений Бужинский бул жагдайда мынтет: “Согуштук кɵз карштан алып караганда, бизге мындай убактылуу тынчтык макулдашмасынын кереги деле жок. Убактылуу тыным чегинип жаткан тарапка зарыл, а биз чабуулдабыз, демилге колубузда. Андыктан эгер ок атууну токтотуу чечими чыгып калса, анда ал чечим нукура саясий мʏнɵзгɵ ээ чыгып, биздин бир катар талаптарыбызды да камтыйт. Биринчиден, убакылуу жарашуу мезгилинде Украинага батыштан  келʏʏчʏ ар кандай куралдар да токтотулушу кажет. Антпесе Украина бул тынымды кайра куралдануу жана аскердик топторду кʏчтɵндʏрʏʏ, ар кайсы жерлерге кайра топтоштуруу максатында пайдалануусу ыктымал. Экинчиден, бул аралыкта Украинада эч кандай мобилизация жʏргʏзʏлбɵшʏ керек. Ушул жана башка шарттар аткарылганда гана андан аркы тынчтыкты биротоло орнотуу жагдайындагы сʏйлɵшʏʏлɵргɵ жол ачылат. Тынчтык келишиминин кабыл алынышы ʏчʏн Россия, АКШ, европалыктар, балким Кытай да катышкан тынчтык конференциясы согуштан кийинки Европанын тʏзʏлʏшʏнɵ негиз салган 1975-жылкы Хельсинки Кеңешмесинин мисалында чакырылуусу зарыл.

Украинага европалык тынчтыкты сактоочу кʏчтɵрдʏ жайгаштыруу жагдайында азын-оолак кеп-сɵздɵр кɵптɵн бери эле жʏрʏп жатканы маалым. Келгиле, санайлы. Англичандар менен француздарды эң оболу Кара деңиз бойлоруна кɵзɵмɵлдʏк кылуу жагы кызыктыраары белгилʏʏ. Бул эки ɵлкɵнʏн Куралдуу кʏчтɵрʏнʏн саны ар бирине эсептегенде 200 миңге туура келет. Анын ичинен кургактагы кʏчтɵрдʏн саны ар биринде 100 миңден ашпайт. Менимче, ар бири тынчтыкты сактоочу контингент катары 10 миңден гана аскер жɵнɵтʏʏсʏ ыктымал. Бирден батальонду прибалттар менен шведдер жɵнɵтʏʏсʏ да мʏмкʏн. Жыйынтыгында тынчтыкты сактоочу европалык континнгенттин саны 30 миңдин оропарасына жетет. Бирок Украинанын чоң аймагына кɵзɵмɵлдʏк кылуу ʏчʏн бул аздык кылат. 50 миң, жакшысы 100 миң аскер керек. Анан тынчтыкты сактоочу гарнизондорду талапка ылайыктап жайгаштыруу шарт. Капиталдык казармаларды куруу зарылчылыгы келип чыгат. Аскерлерди бардык керектɵɵлɵр  менен камсыз кылуу жагы, тамак-ашы бар дегендей. Ɵтɵ чоң суммадагы акча сарпталышы керек болот. Кыскасы Европанын азыркы, мышык ыйлагыдай абалында бул ɵтɵ эле оор иш. Ɵзʏнʏн  согуштук ɵнɵр-жай комплексин (ВПК) жолго салуу ʏчʏн Европага он жылдан кем эмес убакыт талап кылынат. Курал-жарактын бардык ɵндʏрʏшʏ ал жакта жеке менчик колдо. Продукция чыгарууну ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн  менчик ээлерине инвестиция жана 15-20 жылдан кем эмес мɵɵнɵткɵ тʏзʏлгɵн контракттык келишим зарыл. Андайга ким даайт?

НАТОго мʏчɵ ɵлкɵлɵрдʏн ɵткɵнкʏ отурумунда Пентагондун башчысы Пит Хегсттин Путинге жана Россия элине даректелип айткан кайрылуусу бир катар маанилʏʏ ойлорго жетелейт. Анда белгиленгендей биринчиден, Украина НАТОго мʏчɵ болбоосу, экинчиден, Украинада АКШнын эч кандай армиясы жайгаштырылбоосу, ʏчʏнчʏдɵн, Украинада НАТО эч кандай миссияны аркалабоосу керек. Эгерде Киевге коопсуздук гарантиясын берем десе, Европа ага АКШсыз ɵз алдынча  аракеттенип кɵрсʏн.Украинанын НАТОго оп тартылып баруусу боюнча маселер Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын башталышына да негизги себептерден болуп бергени эске алынуусу шарт.

“Европа эмне жасагысы келип жатса, ошентерин мʏмкʏнчʏлʏгʏнʏн болушунча катуураак айта берсин, ɵлʏмʏштʏккɵ салып” — деп белгилейт ЦРУнун экс-аналитиги Ларри Джонсон. Деген менен Европа чындап келгенде андай акыбалда эмес. Германия деиндустриализация процессинде, британиялыктар жана француздар  ɵлчɵɵсʏз чоң карыздык милдеттерден баштары чыкпай жʏрɵт…

Европада ɵсʏʏ ыргагы 2 пайыздан ашып аткан бир да экономика жана Украинага зарыл болгон курал-жаракты ɵндʏрʏʏгɵ жарамдуу болгон коргонуу ишканасы жок.

Мага Евробиримдик кыжынып ʏрɵ берген  кичинекей кʏчʏктʏ элестет, ʏрɵ бергени менен эч кимди тиштей албайт, анткени тиши жок.

НАТО жана Трамп темасына келсек, 2023-жылдын февралында эле жаңыланган Американын Трампка иштеп жаткан аналитикалык борбору НАТОнун “идеалдуу” болочогу жɵнʏндɵ программалык макаланы жарыялаган.

“НАТОнун “демократиялык максаттар” менен кеңейтилиши коргонуучу блоктун концепциясына ылайык келбейт” деп айтылат макалада. Европалык майда ɵлкɵлɵр, биринчи кезекте прибалтикалыктар “АКШга караганда да артыгыраак кʏжʏрмɵн болуп алышып”,  ɵзʏлɵрʏнʏн жашап кетʏʏсʏ ʏчʏн андан баарын талап кылуу аркылуу Американын моюнуна олтуруп алышты. Россия Европага чабуул жасоону каалайт деген так далил жок. Бирок НАТО ооздуктоо жана коргонуунун ордуна “ɵсʏʏ” жана “ колдоого алынуу” жагы менен кɵбʏрɵɵк тʏйшɵлʏп келет.Бул ʏчʏн ага душман керек.

Кошмо Штаттарга “жаңы улуу европалык стратегия” керек. Альянс андан ары эч кандай кеңейтилбейт. Альянс ɵз жоопкерчилигиндеги зонадан тышкары жерде эч кандай операцияларды жʏргʏзбɵйт. НАТОдогу бюрократтарды кызматтан бошотуу, саясий билдирʏʏлɵргɵ тыюу салуу, аскердик функциялар гана калат. Америка Европадагы куралдуу кʏчтɵрʏн кескин кыскартат, бирок деңиз жана соода жолдору эркиндигинин кепилдиги бойдон кала берет. Европа куралдануусу жана ɵзʏнʏн коргонуусун ɵстʏрʏʏсʏ жана АКШдан курал-жарак сатып  алуусу керек.

АКШ Чыгыш Еврпага бронетанкалык, жɵɵ аскердик же жардамдык кʏжʏрмɵн бɵлʏктɵрдʏ жайгаштырбайт. Бул европалыктардын ɵз иши. Кошмо Штаттардын ɵкмɵтʏ НАТОдон толугу менен чыгып кетʏʏ ыктымалдуулугун жокко чыгарбоосу абзел. Саясатчылар бул вариантты пайдаланууга, айрыкча Альянстын европалык мʏчɵлɵрʏ оор жʏктʏн бир бɵлʏгʏн алуу ʏчʏн олуттуу кадамдарга барбаса даяр туруулары керек.

“Бизде мындан башка тандоо калбады. Мамлекеттин карызы ɵсʏʏдɵ, армияга чакыруу кыскарууда. ВПК бир эле учурда Россия жана Кытай тараптан болуп жаткан чакырыктарга жооп бере албай жатат. Американын Европдагы аскердик кудуреттин негизги тиреги ролунан кетʏʏсʏ кʏтʏлʏʏдɵ. Кошмо штаттар кризистик учурларда гана колдоо кɵрсɵтɵ алат” — дейт америкалык аскер эксперти Дэн Колдуэлл.

Абдираим МАМЫТОВ

About The Author