20 августа, 2025

Балдар тарабынан жана аларга карата кылмыш иштердин кароосунун ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ

Жашы жете электерге карата жазык иштери боюнча сот ɵндʏрʏшʏ ɵспʏрʏмдɵр арасында кылмыштардын алдын алууга, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ɵзгɵчɵ жол-жоболорду колдонуу менен жʏзɵгɵ ашырылат.

Жашы жете элек айыпталуучуларга карата ɵндʏрʏш аларга карата колдонулуучу таасир этʏʏ чаралары жасалган жосундун жагдайларын изилдɵɵгɵ жекече мамиле кылууну камсыз кылууга жана алардын инсандыгынын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ жана жасалган жосундун жагдайлары менен шайкеш келʏʏсʏнɵ багытталган.

Бул ʏчʏн жашы жетпегендерге карата жазык иштери боюнча жашы жетпегендин жашоо жана тарбиялоо шарттарына, анын ден соолугунун абалына, ошондой эле жазыктык жактан жазалануучу жосундарды жасоонун себептерине байланышкан жагдайлар айкындалууга тийиш.

Жашы жете элек адам ɵзʏнʏн психофизиологиялык абалы жана социалдык абалы менен байланышкан ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ ээ болгондуктан, кылмыш-жаза кодексиинин 28-беренесинде кылмыш жоопкерчилиги баштала турган курак 16 жашка толгондон баштап, айрым ɵзгɵчɵ оор кылмыштар ʏчʏн 14 жаштан аныкталган. Ал эми 73-беренсинде жазаны жеңилдетʏʏчʏ жагдай катары жашы жете электерге кылмыш жасагандыгы кɵрсɵтʏлгɵн.

 Негизинен кылмыш-жаза кодексинин 17-главасында жашы жете электердин кылмыш жоопкерчилигинин жана жазасынын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн жɵнгɵ салуучу атайын бɵлʏм бар. Анда “балдар” деп кылмыш жасалган учурга карата жашы 18ге толо элек адамдар таанылат. Кылмыш жасаган 14 жаштан 18 жашка чейинки балага жаза дайындалышы же болбосо тарбиялык мʏнɵздɵгʏ мажбурлоочу чаралар колдонулушу же болбосо пробациялык кɵзɵмɵл белгилениши мʏмкʏн. Ошондой эле биринчи жолу коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышты жасаганын мойнуна алган баланын туура ɵнʏгʏʏсʏнɵ жана кайра социалдашуусуна кɵмɵктɵшʏʏгɵ жана кайрадан кылмыш жасоосуна бɵгɵт коюу максатында кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык келишимде белгиленген, сотко чейинки ɵндʏрʏштʏн алкагында кылмыш-жаза сот ɵндʏрʏшʏнʏн тутумунан алыстатуу чараларын колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Мыйзам тарабынан жашы жете элек шектʏʏгɵ же айыпталуучуга бɵгɵт коюу чарасы жɵнʏндɵ маселени чечʏʏдɵн баштап ɵзгɵчɵ мамиле аныкталат. Анда соттук териштирʏʏгɵ чейин камакка алуу жашы жете элек балага акыркы чара катары эң кыска мɵɵнɵткɵ гана колдонулушу мʏмкʏн.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, биринчи жолу жеңил же анча оор эмес кылмыштарга шектелген же айыпталган 16 жашка чыга элек, жашы жете элек балага карата камакка алуу чарасын тандоого жол берилбейт. Жашы жетпегендерге карата камакка алуу тʏрʏндɵ бɵгɵт коюу чарасын колдонуу, эгерде ал оор же ɵзгɵчɵ оор кылмыш жасады деп шектелип же айыпталып жаткан учурда гана мындай чечимдин укуктук жана иш жʏзʏндɵгʏ негиздерин милдеттʏʏ тʏрдɵ кɵрсɵтʏʏ менен мʏмкʏн.

 Жашы жете электерге карата жазык сот ɵндʏрʏшʏн жʏзɵгɵ ашырууда жактоочунун катышуусу милдеттʏʏ болуп саналат. Жашы жете элек шектʏʏнʏ, айыпталуучуну, соттолуучуну 14 жаштан 16 жашка чейин, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейин суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу милдеттʏʏ. Соттук отурумга жашы жете элек соттолуучунун мыйзамдуу ɵкʏлдɵрʏ катышуусу керек. Эгерде жашы жетпеген соттолуучунун ата-энеси болбосо анын мыйзамдуу ɵкʏлʏ катары камкорчу же кɵзɵмɵлчʏ органдын ɵкʏлʏ тартылат.

Жашы жете электердин жазык жоопкерчилиги жɵнʏндɵ жана аларга жаза дайындоо жɵнʏндɵ маселени чечʏʏдɵ мыйзамдын атайын ченемдери да колдонулат. Кылмыш жасаган он тɵрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга жазалардын тɵмɵнкʏдɵй тʏрлɵрʏ гана дайындалышы мʏмкʏн: коомдук иштер, айып, эркиндигин чектɵɵ, тʏзɵтʏʏ жумуштары, эркиндигинен ажыратуу.

Эгерде пробациялык кɵзɵмɵл дайындалган 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы соттолгон бала пробациялык мɵɵнɵттʏн ичинде ɵзгɵчɵ оор болуп саналбаган жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана кʏнɵɵлʏʏнʏн ким экендигин эске алуу менен пробациялык мɵɵнɵттʏ колдонуу жɵнʏндɵ чечимди кайрадан кабыл ала алат, жаңы пробациялык кɵзɵмɵлдʏ белгилейт жана ушул кодекстин 83-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди аткарууну соттолгон адамга жʏктɵйт.

Жашы жетпегенге эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ жазаны сот кабыл алынган чечимдин жʏйɵлɵрʏн келтирʏʏ менен аны коомдон бɵлбɵстɵн тʏзɵтʏʏ мʏмкʏн эмес деп табылган учурда гана дайындоого укуктуу.

 Кылмыш жасаган учурга карата 18 жаш куракка толо элек балдарга эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ жаза алты айдан он жылга чейинки мɵɵнɵткɵ дайындалышы мʏмкʏн.

Он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган 14 жаштан 18 жашка чейинки балага эркиндигинен ажыратуу мɵɵнɵтʏ тɵмɵндɵгʏдɵй белгиленет:

1) анча оор эмес кылмыш ʏчʏн эки жылга чейин;

2) оор кылмыш ʏчʏн эки жылдан беш жылга чейин;

3) ɵзгɵчɵ оор кылмыш ʏчʏн беш жылдан он жылга чейин.

3. Кылмыштардын же ɵкʏмдɵрдʏн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мɵɵнɵтʏ он жылдан ашпоого тийиш.

Эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ жаза 16 жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы соттолгон балага дайындалбайт. 16 жашка чейинки курактагы оор кылмыш жасаган соттолгон жашы жете электерге алты жылдан ашык мɵɵнɵткɵ эркиндигинен ажыратууга жаза дайындалышы мʏмкʏн эмес.

 Соттолгондордун ушул эле категориясы ɵзгɵчɵ оор кылмыштарды жасаган, ошондой эле он алты жашка чыккан башка жашы жете электерге, бир же бир нече кылмыштар ʏчʏн эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мɵɵнɵтʏ, анын ичинде ɵкʏмдɵрдʏн жыйындысы боюнча он жылдан ашпоого тийиш. 

Жашы жете электерге карата жазык иштери боюнча сот ɵндʏрʏшʏн жʏргʏзʏʏ тартибин жɵнгɵ салуучу мыйзамдар балдар ʏчʏн кыйла жеңилдетилгени менен жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында ар дайым алардын жʏрʏм-турумун кɵзɵмɵл кылып туруу зарыл.      

Ош шаарынын прокуратурсасынын

бɵлʏмʏнʏн улук прокурору Ɵмʏрбек уулу Н.

About The Author